https://sputnik.kg/20260924/1103865500.html
Жыгач таңгак жана пепино мозаика вирусу: ЕАЭБдеги жаңы чечимдер эмнени өзгөртөт?

Sputnik Кыргызстан
Евразия экономикалык биримдигинде фитосанитардык талаптарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу “Күн башат” программасында Суу ресурстары, айыл чарба жана... 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T09:04+0600
2026-09-24T09:04+0600
2026-09-24T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103865330_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_51cfe2ba80d16655fd3b9615680eebdf.jpg
Жыгач таңгак жана пепино мозаика вирусу: ЕАЭБдеги жаңы чечимдер эмнени өзгөртөт?
Sputnik Кыргызстан
Евразия экономикалык биримдигинде фитосанитардык талаптарга өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу “Күн башат” программасында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Сырткы карантин бөлүмүнүн башкы адиси Райла Кабылова билдирди.Анын айтымында, эл аралык фитосанитардык маркировкасы бар жыгачтан жасалган таңгактоочу жана бекитүүчү материалдар үчүн эми өзүнчө фитосанитардык сертификат талап кылынбайт.“Бул өзгөрүүлөр ишкерлер үчүн документ иштерин жана жүктөрдү ташууда керектелген убакытты кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле жаңы жана тоңдурулган помидор, калемпир жана баклажандын мөмөлөрүндө пепино мозаика вирусунун жоктугун тастыктоо талабы жоюлду. Буга чейин мындай продукцияны лабораториялык текшерүүдөн өткөрүү зарыл болуп, ишкерлер үчүн кошумча убакыт жана чыгым жаралчу. Ошол эле учурда үрөнгө жана отургузулуучу материалдарга карата фитосанитардык талаптар сакталат. Алардын вирусту таратуусуна жол бербөө үчүн тиешелүү көзөмөл жана текшерүүлөр улантылат. Жаңы өзгөртүүлөр Кыргызстандык ишкерлер үчүн да маанилүү. Алар экспорттук операцияларды жөнөкөйлөтүп, административдик жана лабораториялык чыгымдарды азайтууга, ошондой эле кыргызстандык айыл чарба продукциясын ЕАЭБ рыногуна чыгарууга ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган”,— деди Кабылова.Адис Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон бери өндүрүлгөн товарын экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңейгенин кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103865330_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ff4927becb85c166fcae8567ac5155e9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жыгач таңгак жана пепино мозаика вирусу: ЕАЭБдеги жаңы чечимдер эмнени өзгөртөт?
09:04 24.09.2026 (Жаңыртылды: 09:16 24.09.2026) Коноктор
Райла Кабылова, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Сырткы карантин бөлүмүнүн башкы адиси