https://sputnik.kg/20260924/1103876988.html
Кыргыз балын текшерген алгачкы заманбап лаборатория ишке кирет
Кыргыз балын текшерген алгачкы заманбап лаборатория ишке кирет
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда балдын сапатын жана эл аралык талаптарга шайкештигин аныктаган алгачкы бал аарычылык лабораториясы ишке кирери күтүлүүдө. “Ачык кеп” уктуруусунда... 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T15:04+0600
2026-09-24T15:04+0600
2026-09-24T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103876818_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_63b50b6575364c22e2346110ce2a9205.jpg
Кыргыз балын текшерген алгачкы заманбап лаборатория ишке кирет
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда балдын сапатын жана эл аралык талаптарга шайкештигин аныктаган алгачкы бал аарычылык лабораториясы ишке кирери күтүлүүдө. “Ачык кеп” уктуруусунда Айыл чарба министрлигинин Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгынын экспорт жана интеграция бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзар Замирбекова жана Илим изилдөө институтунун бал аарычылык лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиев билдиришти.
Адистердин айтымында, учурда кыргыз балына болгон суроо-талап жогору болууда.
“Кыргыз балынын 2025-жылдын аягындагы экспорт көлөмү 349,5 тоннаны түзгөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы алты айында 189,1 тонна бал экспорттолгон. Негизги экспорттук багыттар - Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Катар жана ЕАЭБ өлкөлөрү. Бул көрсөткүчтөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу 26%га жогорулаганын көрсөтөт. Чет өлкөлөрдө кыргыз балына болгон суроо-талаптын өсүшүнүн негизги себептеринин бири - анын даамы жана экологиялык жактан таза, тоолуу аймактарда өндүрүлгөн табигый органикалык продукт катары бааланышы”, - деди Замирбекова.
Ошол эле учурда балдын сапаты аары чогулткан өсүмдүктөргө, климатка, аймакка, балды алуу жана сактоо шарттарына жараша айырмаланышы мүмкүн.
"Жаңы лаборатория балдын курамын жана сапатын илимий негизде аныктоого, экспортко чыгарууда талап кылынган анализдерди жүргүзүүгө жана ата мекендик продукциянын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Өлкөдө өндүрүлгөн бал ички рыноктун керектөөсүн камсыздоого да багытталат”,- деди Дүйшөналиев.
Адистер лаборатория экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн сапат стандарттарын сактоо, лабораториялык текшерүүнү күчөтүү, бал аары фермерлеринин өндүрүшүн жогорулатуу жана чет өлкөлүк рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерин кошумчалашты.
Кыргызстанда балдын сапатын жана эл аралык талаптарга шайкештигин аныктаган алгачкы бал аарычылык лабораториясы ишке кирери күтүлүүдө. “Ачык кеп” уктуруусунда Айыл чарба министрлигинин Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгынын экспорт жана интеграция бөлүмүнүн башкы адиси Гүлзар Замирбекова жана Илим изилдөө институтунун бал аарычылык лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты Жакшылык Дүйшөналиев билдиришти.Адистердин айтымында, учурда кыргыз балына болгон суроо-талап жогору болууда.“Кыргыз балынын 2025-жылдын аягындагы экспорт көлөмү 349,5 тоннаны түзгөн. Ал эми 2026-жылдын алгачкы алты айында 189,1 тонна бал экспорттолгон. Негизги экспорттук багыттар - Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Кувейт, Катар жана ЕАЭБ өлкөлөрү. Бул көрсөткүчтөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу 26%га жогорулаганын көрсөтөт. Чет өлкөлөрдө кыргыз балына болгон суроо-талаптын өсүшүнүн негизги себептеринин бири - анын даамы жана экологиялык жактан таза, тоолуу аймактарда өндүрүлгөн табигый органикалык продукт катары бааланышы”, - деди Замирбекова.Ошол эле учурда балдын сапаты аары чогулткан өсүмдүктөргө, климатка, аймакка, балды алуу жана сактоо шарттарына жараша айырмаланышы мүмкүн."Жаңы лаборатория балдын курамын жана сапатын илимий негизде аныктоого, экспортко чыгарууда талап кылынган анализдерди жүргүзүүгө жана ата мекендик продукциянын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт. Өлкөдө өндүрүлгөн бал ички рыноктун керектөөсүн камсыздоого да багытталат”,- деди Дүйшөналиев.Адистер лаборатория экспорттун көлөмүн көбөйтүү үчүн сапат стандарттарын сактоо, лабораториялык текшерүүнү күчөтүү, бал аары фермерлеринин өндүрүшүн жогорулатуу жана чет өлкөлүк рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтерин кошумчалашты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103876818_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_da65e6e23da7d5ff4ea66809da01f7b5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргыз балын текшерген алгачкы заманбап лаборатория ишке кирет
15:04 24.09.2026 (Жаңыртылды: 15:16 24.09.2026) Коноктор
Гүлзар Замирбекова, Айыл чарба министрлигинин Эл аралык кызматташтык, экспорт жана инвестиция башкармалыгынын экспорт жана интеграция бөлүмүнүн башкы адисиЖакшылык Дүйшөналиев, Илим изилдөө институтунун бал аарычылык лабораториясынын жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты