00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Эхо дня
23 сентября 1939 года: в Нью-Йорке заложили капсулу времени с посланием для людей 6939 года
20:50
7 мин
Ачык кеп
Бир адамдан жылына 260 кг таштанды: Кыргызстанда калдыктарды башкаруу кандай өзгөрөт?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата өлкөнүн республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларында маданий-агартуу иш-чаралары өткөрүлдү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чаралар кыргыз тилинин коомдогу маанисин арттырууга, эне тилди урматтоого жана "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолунун негизги баалуулуктарын жайылтууга багытталды. Республикалык жана облустук китепканаларда китеп көргөзмөлөрү, адабий-музыкалык кечелер, көркөм окуулар, викториналар, тегерек столдор жана конференциялар уюштурулду. Ошондой эле Касым Тыныстановдун 125 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн суроолоруна эми AiSalyk жасалма интеллект-кеңешчи жооп берет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.Виртуалдык жардамчы күнү-түнү иштеп, эки түрдүү тартипте кызмат көрсөтөт. Каалаган колдонуучу МСКнын сайтынын башкы бетинен суроо берип, текст же үн билдирүүсү түрүндө консультация ала алат. Ал эми жеке кабинетте AiSalyk кененирээк жана так маалымат берет, анткени ал контекстти колдонуп, дал ошол ишканага байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөктөшөт. Мындай учурда кырдаалды ар жолу кайрадан түшүндүрүп отуруунун кажети жок болот.ЖИ-кеңешчи колдонуучуларга кыргыз жана орус тилдеринде жооп берет, ошондой эле актуалдуу өзгөртүүлөрдү эске алуу менен салык мыйзамдарынын базасы боюнча иштейт.
Агартуу министрлиги Жалал-Абад облусунун Сузак жана Чаткал райондорунда мектеп окуучуларынын каза болушуна байланыштуу жагдайларды тактоо үчүн атайын комиссия түздү. Министрликтин маалымат кызматы комиссия учурда окуя болгон жерлерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.Маалымдалгандай, бул кайгылуу окуялардан улам мектептерде окуучулар арасындагы зомбулукту алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыздоо багытындагы иш-чаралар күчөтүлдү."Окуучулар зомбулукка тушукса "Э-Күндөлүк" мобилдик тиркемесиндеги "Коркпо, билдир!" аттуу функциясы аркылуу анонимдүү билдирүү калтыра алышат", — деп айтылат кабарда.Эске салсак, 17-сентябрда Сузакта 10-класстын окуучусунун өлүмүнө шектелип эки өспүрүм кармалган. Ал эми 18-сентябрда Чаткалда 15 жаштагы өспүрүм каза болуп, кылмышка шектүү катары төрт окуучу кармалган.
Украинанын аскердик-өнөр жай комплексиндеги коррупция европалык демөөрчүлөргө байланыштуу болушу ыктымал.Мындай пикирин РФ ТИМинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник “Известия” басылмасына билдирди. Дипломаттын айтымында, мамлекет башчылары эбегейсиз көп каражатты бөлүп берүүгө жан үрөп, бирок ал акчалар таланып-тонолуп жатканы тууралуу маалыматтарга эч кандай реакция кылбай коюшу мүмкүн эмес.Буга чейин РФ президенти Владимир Путин Украина бийлиги жаңжалды өлкөдөгү көзөмөлдү кармап калуу жана чет элдик демөөрчүлөрдөн каржылык жардам алуу үчүн пайдаланып жатканын айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0