https://sputnik.kg/20260924/1103865231.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараяны "Түндүк" тиркемеси аркылуу өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады... 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T09:00+0600
2026-09-24T09:00+0600
2026-09-24T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103865065_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c20411652644d0267e28a72d5b8a1469.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараяны "Түндүк" тиркемеси аркылуу өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, тиркеме "Кол топтоо" системасы менен биргеликте иштейт. "Түндүк" шайлоочунун өздүгүн тастыктоо үчүн колдонулат. "Электрондук форматка өтүү кол топтоо жана аны эсепке алуу жараянын автоматташтырууга, кагаз түрүндөгү документти азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө шарт түзөт", — деп билдиришти БШКдан. Комиссия кошумчалагандай, талапкерлер чогулган колдордун саны тууралуу ыкчам маалымат алып тура алышат. БШКнын баамында, бул ошондой эле жараяндын ачык-айкындуулугун камсыздоого тийиш
Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өз убагында өткөрүү жана кезектерди азайтуу үчүн 250дөн ашык транспорт каражаты бөлүнөт."Унаа" мекемеси билдиргендей, буга чейин айрым курсанттар теориялык экзаменди тапшыргандан кийин практикалык экзаменди дээрлик бир айдан кийин тапшырып жатышкан.Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда кеңешме өтүп, анда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-сервистерди кеңейтүү жана квалификациялык экзамендерди өткөрүү системасын жакшыртуу маселелери талкууланды.Мындан тышкары, чет өлкөдө иштөөнү каалаган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн Code 95 талаптарына ылайык заманбап автодром курулууда.Кеңешмеде экзамендерди өткөрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча да тапшырмалар берилди.
Кыргызстанда үйлөрдүн ижара акысы базар шартына жараша аныкталып, баа мамлекет тарабынан чектелбейт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.Ведомствонун маалыматына караганда, ижаранын наркы суроо-талап менен сунуштун катышына, турак жайдын жайгашкан жерине, абалына жана башка экономикалык факторлорго түздөн-түз көз каранды."Рыноктук экономиканын негизги принциптерине ылайык, мамлекет турак жай рыногунда бааны бекитпейт", — деди министрлик.Муну менен катар мамлекет турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, курулушту өнүктүрүүгө жана кыймылсыз мүлк рыногунда сунушту көбөйтүү үчүн шарт түзүүгө аракет кылары, бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания иш жүргүзүп жатканы кошумчаланды.
25-сентябрда саат 08:00дөн 14:00гө чейин Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон кан топтоо акциясы өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Улуттук кан донору күнүнө арналган акция үзгүлтүксүз жана акысыз кан тапшырууну жайылтууга, өзгөчө жаштарды донор болууга үндөөгө багытталган. Республикалык кан борборунда жыл сайын болжол менен 30 миң 500 литр донордук кан даярдалат. Ошол эле учурда Кыргызстанда даярдалган донордук кан менен камсыздоо көрсөткүчү миң адамга 12 донорду түзөт. ДССУнун сунушу боюнча бул көрсөткүч миң адамга 40 донор болушу керек.
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараяны "Түндүк" тиркемеси аркылуу өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Маалыматка ылайык, тиркеме "Кол топтоо" системасы менен биргеликте иштейт. "Түндүк" шайлоочунун өздүгүн тастыктоо үчүн колдонулат. "Электрондук форматка өтүү кол топтоо жана аны эсепке алуу жараянын автоматташтырууга, кагаз түрүндөгү документти азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө шарт түзөт", — деп билдиришти БШКдан. Комиссия кошумчалагандай, талапкерлер чогулган колдордун саны тууралуу ыкчам маалымат алып тура алышат. БШКнын баамында, бул ошондой эле жараяндын ачык-айкындуулугун камсыздоого тийишАйдоочулук күбөлүк алуу үчүн практикалык экзамендерди өз убагында өткөрүү жана кезектерди азайтуу үчүн 250дөн ашык транспорт каражаты бөлүнөт."Унаа" мекемеси билдиргендей, буга чейин айрым курсанттар теориялык экзаменди тапшыргандан кийин практикалык экзаменди дээрлик бир айдан кийин тапшырып жатышкан.Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин катышуусунда кеңешме өтүп, анда көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу, онлайн-сервистерди кеңейтүү жана квалификациялык экзамендерди өткөрүү системасын жакшыртуу маселелери талкууланды.Мындан тышкары, чет өлкөдө иштөөнү каалаган жүк ташуучу унаалардын айдоочулары үчүн Code 95 талаптарына ылайык заманбап автодром курулууда.Кеңешмеде экзамендерди өткөрүүдө ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча да тапшырмалар берилди.Кыргызстанда үйлөрдүн ижара акысы базар шартына жараша аныкталып, баа мамлекет тарабынан чектелбейт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.Ведомствонун маалыматына караганда, ижаранын наркы суроо-талап менен сунуштун катышына, турак жайдын жайгашкан жерине, абалына жана башка экономикалык факторлорго түздөн-түз көз каранды."Рыноктук экономиканын негизги принциптерине ылайык, мамлекет турак жай рыногунда бааны бекитпейт", — деди министрлик.Муну менен катар мамлекет турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, курулушту өнүктүрүүгө жана кыймылсыз мүлк рыногунда сунушту көбөйтүү үчүн шарт түзүүгө аракет кылары, бул багытта Мамлекеттик ипотекалык компания иш жүргүзүп жатканы кошумчаланды.25-сентябрда саат 08:00дөн 14:00гө чейин Республикалык кан борборунда ыктыярдуу донорлордон кан топтоо акциясы өтөт. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, Улуттук кан донору күнүнө арналган акция үзгүлтүксүз жана акысыз кан тапшырууну жайылтууга, өзгөчө жаштарды донор болууга үндөөгө багытталган. Республикалык кан борборунда жыл сайын болжол менен 30 миң 500 литр донордук кан даярдалат. Ошол эле учурда Кыргызстанда даярдалган донордук кан менен камсыздоо көрсөткүчү миң адамга 12 донорду түзөт. ДССУнун сунушу боюнча бул көрсөткүч миң адамга 40 донор болушу керек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103865065_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f08b597b9a7321e51f84b977814fe6d6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио