00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кыргыз балын текшерген алгачкы заманбап лаборатория ишке кирет
21:05
53 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Эки жаштагы баланы Оштон алып келишкен. Тыйын жутуп алгандан кийин бөбөк жарым жылга жакын жүрө берген. Алгач кусуп, башы ооруп, тамактанбай баштаган. Кийин жөтөл кошулган. Педиатрга жана аллергологго бир нече жолу кайрылып, амбулатордук дарылануудан өткөн. Андан майнап чыкпай, облустар аралык балдар клиникалык ооруканасына кайрылышкан. Баланы рентгенге тартканда гана кызыл өңгөчүнө тыйын тыгылып калганын көрүшкөн. Бишкектик дарыгерлер баланы толук текшерип, операция жасашты. Ал ийгиликтүү өтүп, баланын ичинен 10 рублдик тыйынды алып чыгышкан. Учурда бөбөктүн абалы туруктуу экени айтылды.
Бактыгүл Бадыева Грэпплинг жана ММА федерациясынын вице-президенти болуп дайындалганы тууралуу пикирин билдирип, UFC чемпиону Валентина Шевченко менен ресторанда кездешкен видеосун жарыялады. Ырчынын айтымында, ал өз дарегине жазылган көптөгөн терс пикирлерди окуган. Бадыева бул кызматта эркек киши эмгектениши керек деген пикирге таң калды. "Спортчу өз ишине болушунча көңүл буруп, машыгып, мелдешке чыгып, жеңишке жетиши керек. Ал эми федерация жетекчилигинин иши мелдештерди уюштуруу, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү, өнөктөштөр менен демөөрчүлөрдү табуу, байланыш түзүү, спортчуларга шарт түзүп берүү. Мунун баары кадр сыртында кала турган нерселер", — деп белгиледи ырчы. Ал ошондой эле аял киши да директор, депутат, ишкер же спорттук федерациянын вице-президенти болууга укуктуу экенин кошумчалады.
"Манас" аба майданында дарыгерлер ноокастарды кабыл алып жатат Бул кытайлык COMAC компаниянын учагы, алардын өздөрүнүн меджабдуулар орнотулган аба кемелери бар. Кадимки эле оорукана деп койсо болот. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы дарыгерлер начар уккандар менен көзү ооругандарды кабыл алып жаткандыгын билдирди. Андан сырткары ЛОР да иштеп жаткандыгын айтышты. Ноокастардын тизмесин тиешелүү министрлик бекитип берген.
Россия Украина жаатындагы кырдаалды узакка, туруктуу кылып жөнгө салуу боюнча макулдашууга даяр. Бирок сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда атайын аскердик операцияны токтотпойт. Бул туурасында Сергей Лавров айтты. Россиянын тышкы иштер министри БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында АКШ акыркы сүйлөшүүлөрдө Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга кызыкдар экенин ырастап жатканын айтты.Эгер европалыктар 2014-жылы украин оппозициясын макулдашууларды аткарууга мажбурлаганда, Украина 1991-жылдагы чек араларын сактап калмак экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0