https://sputnik.kg/20260923/1103841917.html
“Айтил” ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат
“Айтил” ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат
Sputnik Кыргызстан
“Айтил” улуттук ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T09:04+0600
2026-09-23T09:04+0600
2026-09-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103841747_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_da062838860ed4c487138143a79241d0.jpg
“Айтил” ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат
Sputnik Кыргызстан
“Айтил” улуттук ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов билдирди.
Анын айтымында, кыргыз тилинде ката жазуу көйгөйлөрү бар. Эми платформа аркылуу кыргызча тексттерди сабаттуу жазуу жеңилдейт.
“Кыргыз тилинде иш-кагаздарды жүргүзүүдө, грамматикалык же техникалык каталар кетип калышы мүмкүн. Бул үчүн жаңы редакторлук кызмат кошулат. Ал жерде бир нече стилдер болот, мисалы: академиялык, публицисикалык, дипломатиялык. Сиз тандаган стилде жасап, каталарын оңдоп берет. Мындан тышкары азыр платформада берилген кыргызча текстти табигый үндө окуп, айтылган сөздү же үндү текстке айландырып берет. Суроолорго жооп берген кыргыз тилиндеги акылдуу жардамчы (чат-бот) да бар. Видеолорду да которууга болот. Азыркы күндө бир эле котормо үчүн күнүнө 10 миңдей колдонуучу колдонуп жатышат. Ал эми платформада бардык кызматтар жакшы иштешүү үчүн атайын маалымат базаларын түзгөнбүз. Алсак, текстти үнгө айландыруу үчүн үндөрдүн бир нече вариациясын түзүш үчүн студияда дикторлор 30-40 саатка чейин үн жаздырган. Азыр эми бул маселени Кыргыз тилинин улуттук корпусу аркылуу жөнгө салсак болот. Корпуска программалык камсыздоолор, тилдик талдоолор киргизилип жатат. Жылдын аягына чейин кеминде 500 миңден 1 млрдка чейин сөздөр кирет. Бул платформанын ишин дагы да жакшыртат”,- Эсенов.
Ошондой эле ал улуттук платформа Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан каржыланып, бардык жарандар акысыз колдонуша аларын кошумчалады.
“Айтил” улуттук ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы Айзаратбек Эсенов билдирди.Анын айтымында, кыргыз тилинде ката жазуу көйгөйлөрү бар. Эми платформа аркылуу кыргызча тексттерди сабаттуу жазуу жеңилдейт.“Кыргыз тилинде иш-кагаздарды жүргүзүүдө, грамматикалык же техникалык каталар кетип калышы мүмкүн. Бул үчүн жаңы редакторлук кызмат кошулат. Ал жерде бир нече стилдер болот, мисалы: академиялык, публицисикалык, дипломатиялык. Сиз тандаган стилде жасап, каталарын оңдоп берет. Мындан тышкары азыр платформада берилген кыргызча текстти табигый үндө окуп, айтылган сөздү же үндү текстке айландырып берет. Суроолорго жооп берген кыргыз тилиндеги акылдуу жардамчы (чат-бот) да бар. Видеолорду да которууга болот. Азыркы күндө бир эле котормо үчүн күнүнө 10 миңдей колдонуучу колдонуп жатышат. Ал эми платформада бардык кызматтар жакшы иштешүү үчүн атайын маалымат базаларын түзгөнбүз. Алсак, текстти үнгө айландыруу үчүн үндөрдүн бир нече вариациясын түзүш үчүн студияда дикторлор 30-40 саатка чейин үн жаздырган. Азыр эми бул маселени Кыргыз тилинин улуттук корпусу аркылуу жөнгө салсак болот. Корпуска программалык камсыздоолор, тилдик талдоолор киргизилип жатат. Жылдын аягына чейин кеминде 500 миңден 1 млрдка чейин сөздөр кирет. Бул платформанын ишин дагы да жакшыртат”,- Эсенов.Ошондой эле ал улуттук платформа Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан каржыланып, бардык жарандар акысыз колдонуша аларын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103841747_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a2306df5e4b34440194d2f0ac39795b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
“Айтил” ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат
09:04 23.09.2026 (Жаңыртылды: 09:16 23.09.2026) Коноктор
Айзаратбек Эсенов, Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын санарип жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы