https://sputnik.kg/20221228/moskva-dekada-ehl-bashyndagylar-madaniyat-okuldoru-taberik-surot-1071557189.html
Исхак Раззаков артисттердин көйнөгүн тиктирип... Декададагы таберик сүрөт
Исхак Раззаков артисттердин көйнөгүн тиктирип... Декададагы таберик сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт. 28.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-28T20:09+0600
2022-12-28T20:09+0600
2022-12-29T10:19+0600
кыргызстан
маданият
исхак раззаков
насирдин байтемиров
токтоболот абдумомунов
декада
таберик сүрөт
казы дыйканбаев
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0e/1066757518_0:0:1829:1029_1920x0_80_0_0_cca88e3269f3c3a9329fc2f6adfe0573.jpg
© Фото / из семейного архива АбдумомуновыхКыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомуновдун бул сүрөтү 1958-жыл Москва шаарында тартылган.Ал жылы СССРдин борборунда кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы уюштурулган. Ага улуттук маданиятты даңазалаган акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, төкмө акын, манасчылар, сүрөтчүлөр, театр кызматкерлери барган.Ошол кезеңди КРдин эл артисти, белгилүү композитор, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Сардарбек Жумалиев мындайча эскерет:Ал декадага жалпы 1100дөй кыргызстандык катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөн. Соңунда айрым маданият кызматкерлери жогорку сыйлыктарга татыган. Алсак, актер Муратбек Рыскулов, балерина Бүбүсара Бейшеналиева, опера ырчысы Сайра Кийизбаева СССРдин эл артисти болгон.Тема боюнча:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/0e/1066757518_95:0:1660:1174_1920x0_80_0_0_4f247f95a4afce9d3881d998248c9873.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Мирбек Сакенов
https://sputnik.kg/img/104343/42/1043434299_1177:149:2036:1008_100x100_80_0_0_414606a0d40d8ce720ce1aa4c6ce2676.jpg
кыргызстан, маданият, исхак раззаков, насирдин байтемиров, токтоболот абдумомунов, декада, таберик сүрөт, казы дыйканбаев, инфографика
кыргызстан, маданият, исхак раззаков, насирдин байтемиров, токтоболот абдумомунов, декада, таберик сүрөт, казы дыйканбаев, инфографика
Исхак Раззаков артисттердин көйнөгүн тиктирип... Декададагы таберик сүрөт
20:09 28.12.2022 (Жаңыртылды: 10:19 29.12.2022) Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
© Фото / из семейного архива Абдумомуновых
Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин төрагасы Казы Дыйканбаев, Компартиянын борбордук комитетинин катчысы Исхак Раззаков, акын Насирдин Байтемиров жана драматург Токтоболот Абдумомуновдун бул сүрөтү 1958-жыл Москва шаарында тартылган.
Ал жылы СССРдин борборунда кыргыз адабияты менен искусствосунун экинчи декадасы уюштурулган. Ага улуттук маданиятты даңазалаган акын-жазуучулар, аткаруучулар, обончулар, төкмө акын, манасчылар, сүрөтчүлөр, театр кызматкерлери барган.
Ошол кезеңди КРдин эл артисти, белгилүү композитор, Карамолдо Орозов атындагы академиялык эл аспаптар оркестринин дирижеру Сардарбек Жумалиев мындайча эскерет:
"Москвада Кыргыз искусствосунун жана адабиятынын экинчи декадасына 17 жашымда мен да катышкам. Музыканттар жетишпей, мен эл аспаптар оркестрине кабыл алынган элем. Декадага бир топ залкарлар барган. Азыр эстесем, алардын арасында театр, радиодо иштегендер, акын-жазуучулар, Карамолдо Орозов, Чалагыз Исабаев, Ыбырай Туманов, Шекербек Шеркулов, Насыр Давлесов жана сүрөттөгү акын Насирдин Байтемиров, драматург Токтоболот Абдумомунов да бар болчу. Мамлекет башындагылар Исхак Раззаков, Казы Дыйканбаев Москвага жолго чыгар алдында даярдыгыбызды көрүп, Опера жана балет театрындагы жыйынтыктоочу концертибизге күбө болгон. Ага чейин Раззаков сапаттуу кийим-кече менен сахнага чыккыла деп ар бирибизге көйнөк тиктирип берген. Маданият министри Күлүйпа Кондучалова бизге жакшы көңүл буруп, дайыма баш-көз болуп жүрчү. Москвага поезд менен барганбыз. Эл бизди жакшы кабыл алып, эл аспаптар оркестри он күн катары менен мекемелерди кыдырып концерт койгонбуз. Ал күндөр азыркыга чейин эсимде", — деди Жумалиев.
Ал декадага жалпы 1100дөй кыргызстандык катышып, иш-чара жогорку деңгээлде өткөн. Соңунда айрым маданият кызматкерлери жогорку сыйлыктарга татыган. Алсак, актер Муратбек Рыскулов, балерина Бүбүсара Бейшеналиева, опера ырчысы Сайра Кийизбаева СССРдин эл артисти болгон.