Ок, дары-дармек, жүк ташуучу унаа... Кыргызстанда дагы эмнелер өндүрүлгөн?
Ок, дары-дармек, жүк ташуучу унаа... Кыргызстанда дагы эмнелер өндүрүлгөн?
Sputnik Кыргызстан
СССР учурунда өлкөдө бут кийим, дары-дармектен баштап жүк ташуучу автоунаага чейин чыгарылып экспорттолгон. Sputnik Кыргызстан ошол кездеги ата мекендик... 28.08.2022, Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуш маалында Кыргыз ССРинин аймагына бир топ завод, фабрикалар көчүрүлүп келген. Ишканалар кездеме, арак-шарап, кийим-кече, бут кийим, дары-дармек, лампа, кур жуучу машина, балдар оюнчуктары, жарык менен коштолчу музыкалык аспап, тамга терүүчү машиналар, мылтыктын окторун чыгарган.Ошондой эле Ленин атындагы станок чыгаруучу завод пресс, станок, комбайн чынжырларын даярдаса, Фрунзе заводу чабылган чөптү жыйноочу машина, автосамосвал, электр кыймылдаткычтарды, радиаторлорду чогулткан. Советтик Кыргызстандын аймагынан чыккан продукциялар Германия, Финляндия, Куба, Түркия, Болгария, Монголия, Венгрия, Индия, Алжирге чейин экспорттолгон.Андан сырткары, кыш, цемент, бетон конструкцияларын, шифер, черепица өңдүү курулуш материалдарын кеңири өндүргөн.Тема боюнча:
СССР учурунда өлкөдө бут кийим, дары-дармектен баштап жүк ташуучу автоунаага чейин чыгарылып экспорттолгон. Sputnik Кыргызстан ошол кездеги ата мекендик өндүрүштүн күч-кубатын көрсөткөн ирмемдерди сунуштайт.
Улуу Ата Мекендик согуш маалында Кыргыз ССРинин аймагына бир топ завод, фабрикалар көчүрүлүп келген. Ишканалар кездеме, арак-шарап, кийим-кече, бут кийим, дары-дармек, лампа, кур жуучу машина, балдар оюнчуктары, жарык менен коштолчу музыкалык аспап, тамга терүүчү машиналар, мылтыктын окторун чыгарган.
Ошондой эле Ленин атындагы станок чыгаруучу завод пресс, станок, комбайн чынжырларын даярдаса, Фрунзе заводу чабылган чөптү жыйноочу машина, автосамосвал, электр кыймылдаткычтарды, радиаторлорду чогулткан. Советтик Кыргызстандын аймагынан чыккан продукциялар Германия, Финляндия, Куба, Түркия, Болгария, Монголия, Венгрия, Индия, Алжирге чейин экспорттолгон.
Андан сырткары, кыш, цемент, бетон конструкцияларын, шифер, черепица өңдүү курулуш материалдарын кеңири өндүргөн.
Республикадагы өндүрүштүк ишканалар илим-изилдөө борборлору, окумуштуулар менен тыгыз иштешкен. Мисалы, техника илимдеринин кандидаты, инженер Жолочу Асанкулов катуу жер кыртышын казып, темир жана бетон орнотмолорун бузган унааны жасаган. Ал кийин аз санда чыгарылып жер титирөөдө кыйраган үйлөрдү иретке келтирүү үчүн колдонулган.