Ак кар, көк муз баскан Ала-Тоодогу чет элдик альпинисттер. Архивдик ирмемдер

Жазылуу
Асман тиреген кыргыз зоолоруна чыгууну көксөгөн чет элдиктер өлкө аймагына союз учурунда байма-бай келип турган. Sputnik Кыргызстан агенттиги чокуларды багындырганы келген альпинисттердин сүрөттөрүн сунуштайт.
Кыргызстанга алгачкы альпинисттер өткөн кылымдын 20-жылдары окумуштуулар менен келип, альпинизмге жол салган. Андан кийин аскерий топографтар Тянь-Шань тоо кыркаларын кыдырган. Аларга ошол кездеги СССР менен Кытайдын чек арасындагы Кан-Теңир чокусу кызык болгон. Советтик топографтар үч жыл машыгып даярданып, 1931-жылы 11-сентябрда аны багындырган. Ал кезде советтик илим-изилдөө борборлорунун кызматкерлери Кыргыз ССРине каттап турушкан. Согуш жылдарынан кийин альпинисттердин саны арбып, алар республиканын аймагындагы Ленин, Коммунизм, Чапаев, Жигит, Жуков, Дружба, Победа чокуларына жеткен.
Андан сырткары, спортчулар үчүн Ала-Арча, Каракол, Ысык-Атада альпинисттердин лагери, мектептери ачылып, советтик жана чет элдик жарандар ири эл аралык экспедицияларга даярданган.
© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Кыргызстан тоолоруна чыккан италиялык альпинисттер. Ош облусу, 1981-жыл.

Кыргызстан тоолоруна чыккан италиялык альпинисттер. Ош облусу, 1981-жыл. - Sputnik Кыргызстан
1/15

Кыргызстан тоолоруна чыккан италиялык альпинисттер. Ош облусу, 1981-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Советтик жана канадалык альпинисттердин машыгуу учуру. Ысык-Көл облусу, 1989-жыл.

Советтик жана канадалык альпинисттердин машыгуу учуру. Ысык-Көл облусу, 1989-жыл. - Sputnik Кыргызстан
2/15

Советтик жана канадалык альпинисттердин машыгуу учуру. Ысык-Көл облусу, 1989-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Эл аралык "Памир-74" альплагеринин катышуучулары Ленин мөңгүсүндө. Ош облусу, 1974-жыл.

Эл аралык "Памир-74" альплагеринин катышуучулары Ленин мөңгүсүндө. Ош облусу, 1974-жыл. - Sputnik Кыргызстан
3/15

Эл аралык "Памир-74" альплагеринин катышуучулары Ленин мөңгүсүндө. Ош облусу, 1974-жыл.

© Sputnik / О. Верчак

Ала-Арчадагы альпинисттердин лагери. Чүй облусу, 1969-жыл.

Ала-Арчадагы альпинисттердин лагери. Чүй облусу, 1969-жыл. - Sputnik Кыргызстан
4/15

Ала-Арчадагы альпинисттердин лагери. Чүй облусу, 1969-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Ак кар, көк музда чокуга чыккан спортчулар. Ош облусу, 1978-жыл.

Ак кар, көк музда чокуга чыккан спортчулар. Ош облусу, 1978-жыл. - Sputnik Кыргызстан
5/15

Ак кар, көк музда чокуга чыккан спортчулар. Ош облусу, 1978-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Тик учак альпинисттерди Коммунизм чокусунун жанына жеткирүүдө. Ош облусу, 1976-жыл.

Тик учак альпинисттерди Коммунизм чокусунун жанына жеткирүүдө. Ош облусу, 1976-жыл. - Sputnik Кыргызстан
6/15

Тик учак альпинисттерди Коммунизм чокусунун жанына жеткирүүдө. Ош облусу, 1976-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Коммунизм чокусуна чыгууга даярданган чет элдик спортчулар, 1981-жыл

Коммунизм чокусуна чыгууга даярданган чет элдик спортчулар, 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан
7/15

Коммунизм чокусуна чыгууга даярданган чет элдик спортчулар, 1981-жыл

© Sputnik / Юрий Куйдин

Альпинисттер Победа чокусуна чыгуунун маршрутуна көз салууда, 1972-жыл

Альпинисттер Победа чокусуна чыгуунун маршрутуна көз салууда, 1972-жыл - Sputnik Кыргызстан
8/15

Альпинисттер Победа чокусуна чыгуунун маршрутуна көз салууда, 1972-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Ленин чокусунун алдында чет элдиктер үчүн орнотулган альплагерь.1974-жыл

Ленин чокусунун алдында чет элдиктер үчүн орнотулган альплагерь.1974-жыл - Sputnik Кыргызстан
9/15

Ленин чокусунун алдында чет элдиктер үчүн орнотулган альплагерь.1974-жыл

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Эс алып отурган чет элдик жана кыргыз альпинисттери. Ленин чокусу, 1974-жыл.

Эс алып отурган чет элдик жана кыргыз альпинисттери. Ленин чокусу, 1974-жыл. - Sputnik Кыргызстан
10/15

Эс алып отурган чет элдик жана кыргыз альпинисттери. Ленин чокусу, 1974-жыл.

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Чехословакиялык альпинисттер Ленин чокусуна бара жаткан учур. 1975-жыл

Чехословакиялык альпинисттер Ленин чокусуна бара жаткан учур. 1975-жыл - Sputnik Кыргызстан
11/15

Чехословакиялык альпинисттер Ленин чокусуна бара жаткан учур. 1975-жыл

© Sputnik / Юрий Куйдин

Тянь-Шань тоолорундагы альпинисттердин лагери. 1971-жыл

Тянь-Шань тоолорундагы альпинисттердин лагери. 1971-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/15

Тянь-Шань тоолорундагы альпинисттердин лагери. 1971-жыл

© Sputnik / В. Божуков / Медиабанкка өтүү

Эңилчектеги тоолорго чыккан спортчулар

Эңилчектеги тоолорго чыккан спортчулар - Sputnik Кыргызстан
13/15

Эңилчектеги тоолорго чыккан спортчулар

© Фото / Центральный государственный архив кинофотофонодокументов КР

Памир тоолоруна чыгууну көксөгөн австралиялык спортчулар. Ош облусу, 1983-жыл.

Памир тоолоруна чыгууну көксөгөн австралиялык спортчулар. Ош облусу, 1983-жыл. - Sputnik Кыргызстан
14/15

Памир тоолоруна чыгууну көксөгөн австралиялык спортчулар. Ош облусу, 1983-жыл.

© Sputnik / Янченков

Москвадагы "Спартак" спорттук коомунун альпинисттери Көк-Суу капчыгайында. 1981-жыл

Москвадагы "Спартак" спорттук коомунун альпинисттери Көк-Суу капчыгайында. 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан
15/15

Москвадагы "Спартак" спорттук коомунун альпинисттери Көк-Суу капчыгайында. 1981-жыл

Тема боюнча:
Драматургияга дарыгерликтен келген. Токтоболот Абдумомуновдун сүрөттөгү ирмемдери
Таш-Көмүрдөн табылган динозаврдын сөөгү. Кыргыз окумуштууларынын иши сүрөттө
Зилзаладан бүлүнгөн Ташкент Орто Азиянын берметине айланганда. 56 жыл мурунку окуя
Манасты даңазалаган тасма. Мелис Убукеевдин акыркы чыгармасындагы ирмемдер
33 жашта СССРдин эл артисти болгон. Абдылас Малдыбаевдин сүрөттөрү
Жаңылыктар түрмөгү
0