00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев: Москвага эртең түшкө чейин учуп кетем

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Россиянын борборунда 36 саат болорун билдирди.

БИШКЕК, 23-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Москвага эртең, 24-июлда, кете тургандыгын Кой-Таш айылында журналисттерге билдирди.

"Кудай буюрса, Москвага эртең түшкө чейин сапар алам. Ким менен жолугарымды жана эмне маселелер талкууланарын азырынча айтпай турайын", — деди ал журналисттерге.

Ал Россиянын борборуна кайсы жактан учуп кетерин так айткан жок.

"Ал маселени эми чакырган тарап чечет", — деп айтты Атамбаев.

Ал суроолорго жооп бери жатып, "Эртең мененки саат тогузда ушул жерге (Кой-Таш айылы – ред.) келсеңер болот", — деп кошумчалады.

Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон министрдин орун басары. Видео - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон министрдин орун басары. Видео
Москвада мигранттар менен жолугушуу маселеси туурасында берилген суроого "болгону 36 сааттай болорун жана ага жетишпей каларын" айтты.

Эске салсак, 2019-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан.

Бул окуялардан кийин ИИМ Атамбаевди күбө катары суракка үч ирет чакырган, бирок мурдагы президент аларга баруудан баш тарткан. Анын себеби "азыркы бийлик укуктук талаадан чыгып кетти" деген пикирин айтып, "алардын оюнун ойнобой турганын" билдирген. Мурдагы президенттин юридикалык иштер боюнча өкүлү Сергей Слесарев Атамбаевдин дагы деле кол тийбестиги бар, укук коргоо органдары аны суракка чакыра албайт деген жүйөнү айткан. Ага акыркы, ИИМдин 3-жолку чакыруусу 18-июлда жеткирилген.

Атамбаевдин статусунан ажырашы

Ал эми ошол күнү кечинде Атамбаевди милиция күч менен кармап алууну пландап жатканын КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасы аркылуу билдирген.

Бул боюнча ИИМ үн каткан. Алар Атамбаевдин тарапташтарынын эмне үчүн мындай билдирүүлөрдү таратып жатканы белгисиз экендигин айтышкан.

Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан кийин ал жашаган Кой-Таш айылындагы үйүндө тарапташтары тарабынан "Элдик штаб" уюштурулган. Ал жерде тарапташтарынын, саясаттагы үзөңгүлөштөрүнүн, партиялаштарынын жана элдин аягы үзүлбөгөнүн байкоого болот.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин тегерене бийлегенин көрдүңүз беле? Кой-Таштан алынган сүрөт
Анын суракка баргандан баш тартышы ИИМдин жетекчилигин ордунан козгогон. Тагыраагы, ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө келип, бирок кире албай кеткен.

Эске салсак, 2019-жылдын 27-июнунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөөсү негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0