https://sputnik.kg/20261125/1105124318.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди, дизелдик отунду жана суюлтулган газды импорттоого жана сатууга берилген субсидияларды 2027-жылдын 31-мартына чейин... 25.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-25T17:00+0600
2026-11-25T17:00+0600
2026-11-25T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105124152_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_781f4795777daf08a9498a454a7e8904.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди, дизелдик отунду жана суюлтулган газды импорттоого жана сатууга берилген субсидияларды 2027-жылдын 31-мартына чейин узартуу сунушталууда. Бул демилгени Экономика жана коммерция министрлиги көтөрдү. Мындан тышкары, министрлик ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн күйүүчү май алып келген ишкерлерге акциз салыгын төлөөнү кийинкиге жылдырууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүүнү көздөп жатат. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден күйүүчү май импорттоодо бирдей шарт түзүү сунушталууда. Эске салсак, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларды импорттоого берилген субсидиялар 2026-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген. Кечээ, 24-ноябрда, Салык кызматы учурда 292 миң тонна мунай продуктусуна субсидия берилип, ага 5 миллиард 390 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген. Ошондой эле күйүүчү майдын запасы 2,5-3 айга чейин жетери айтылган.
Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кыргызстандыктарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоп, кол коюуга чакырды. Анын айтымында, жакында эле президент Садыр Жапаров да элге ушундай өтүнүч менен кайрылган, талапкерлер өздөрү да колдоо сурап жатышат. "Кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калды. 8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир нече талапкерди колдоп, кол кое алат. Бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири", — деп жазды Алагөзов. Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерге кол топтоо тууралуу так маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүүнү сунуштады. Болбосо 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер муну саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн экенин белгиледи. "Түндүктө" эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу. Шайлоо өлкөбүздүн саясий турмушубуздун ажырагыс бөлүгү эмеспи. Анын таза, ачык жана атаандаштык шартында өтүшү үчүн салым кошолу", — деп кошумчалады президенттин маалымат катчысы. Президенттик шайлоодо талапкерлерди "Түндүк" тиркемеси аркылуу кантип колдоого болорун материалдан окуңуз.
Батыш өлкөлөрүнүн каршылыгына карабастан, Россия БУУнун Башкы Ассамблеясынын Экинчи комитетинде жасалма интеллект (ЖИ) боюнча резолюциянын кабыл алынышына жетишти. Бул тууралуу РФтин уюмдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Чумаков РИА Новостиге билдирди. Анын айтымында, Батыш мамлекеттерине мындай жөнөкөй, түз жана түшүнүктүү резолюция жаккан эмес. Алар түрдүү шылтоолорду бетке кармап, айрыкча технологиялар менен алмашуу жаатындагы маанилүү чечимдерди кабыл алууну кечеңдетүүгө аракет кылышууда."Эксперттик деңгээлде биздин демилге жактырылды. Декабрь айында ал Башкы Ассамблеянын пленардык жыйындарынын биринде каралат. Россия кызыкдар делегациялар менен активдүү иштешүүнү улантат", — деп белгиледи дипломат. Чумаков резолюцияда жасалма интеллектини айрым компаниялар менен өлкөлөр менчиктеп албашы керектиги жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге да бул технологияларды колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк берүү маанилүү экени белгиленгенин тактады. Ошондой эле документ бул технологияларды аскердик максатта колдонууну жокко чыгарат.
Кыргызстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди, дизелдик отунду жана суюлтулган газды импорттоого жана сатууга берилген субсидияларды 2027-жылдын 31-мартына чейин узартуу сунушталууда. Бул демилгени Экономика жана коммерция министрлиги көтөрдү. Мындан тышкары, министрлик ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн күйүүчү май алып келген ишкерлерге акциз салыгын төлөөнү кийинкиге жылдырууга же бөлүп төлөөгө уруксат берүүнү көздөп жатат. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден күйүүчү май импорттоодо бирдей шарт түзүү сунушталууда. Эске салсак, Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майларды импорттоого берилген субсидиялар 2026-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленген. Кечээ, 24-ноябрда, Салык кызматы учурда 292 миң тонна мунай продуктусуна субсидия берилип, ага 5 миллиард 390 миллион сом бөлүнгөнүн билдирген. Ошондой эле күйүүчү майдын запасы 2,5-3 айга чейин жетери айтылган.Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов кыргызстандыктарды "Түндүк" тиркемеси аркылуу президенттикке талапкерлерди колдоп, кол коюуга чакырды. Анын айтымында, жакында эле президент Садыр Жапаров да элге ушундай өтүнүч менен кайрылган, талапкерлер өздөрү да колдоо сурап жатышат. "Кол топтоо мөөнөтүнүн аякташына аз убакыт калды. 8-декабрга чейин ар бир жаран "Түндүк" тиркемеси аркылуу бир нече талапкерди колдоп, кол кое алат. Бул добуш берүү эмес, талапкерлердин шайлоого катышуусу үчүн мыйзамда каралган шарттардын бири", — деп жазды Алагөзов. Ошондой эле ал мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине кайрылып, кызматкерлерге кол топтоо тууралуу так маалымат жеткирип, алардын бул процесске активдүү катышуусуна шарт түзүүнү сунуштады. Болбосо 30 миң кол топтой албай жаткан талапкерлер муну саясатка айлантып, бийлик бут тосуп жаткандай айтышы мүмкүн экенин белгиледи. "Түндүктө" эч ким бут тосо албайт. Талапкерге добуш берген тизме талапкердин өзүнөн башка эч кимге көрүнбөйт. Жөн эле бийликти жамандап, саясатташтырганды токтотолу. Шайлоо өлкөбүздүн саясий турмушубуздун ажырагыс бөлүгү эмеспи. Анын таза, ачык жана атаандаштык шартында өтүшү үчүн салым кошолу", — деп кошумчалады президенттин маалымат катчысы. Президенттик шайлоодо талапкерлерди "Түндүк" тиркемеси аркылуу кантип колдоого болорун материалдан окуңуз.Батыш өлкөлөрүнүн каршылыгына карабастан, Россия БУУнун Башкы Ассамблеясынын Экинчи комитетинде жасалма интеллект (ЖИ) боюнча резолюциянын кабыл алынышына жетишти. Бул тууралуу РФтин уюмдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Чумаков РИА Новостиге билдирди. Анын айтымында, Батыш мамлекеттерине мындай жөнөкөй, түз жана түшүнүктүү резолюция жаккан эмес. Алар түрдүү шылтоолорду бетке кармап, айрыкча технологиялар менен алмашуу жаатындагы маанилүү чечимдерди кабыл алууну кечеңдетүүгө аракет кылышууда."Эксперттик деңгээлде биздин демилге жактырылды. Декабрь айында ал Башкы Ассамблеянын пленардык жыйындарынын биринде каралат. Россия кызыкдар делегациялар менен активдүү иштешүүнү улантат", — деп белгиледи дипломат. Чумаков резолюцияда жасалма интеллектини айрым компаниялар менен өлкөлөр менчиктеп албашы керектиги жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге да бул технологияларды колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк берүү маанилүү экени белгиленгенин тактады. Ошондой эле документ бул технологияларды аскердик максатта колдонууну жокко чыгарат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105124152_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9065c7b63fb66b4abe0b112b6e477cc1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио