https://sputnik.kg/20261125/1105113107.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастан Бекешев жолдогу тыгынды азайтуу үчүн айрым министрликтердин ишин саат эртең мененки 7де баштоону сунуштады. Эл өкүлүнүн пикиринде, бул жолдогу... 25.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-25T13:00+0600
2026-11-25T13:00+0600
2026-11-25T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105112941_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b06a13fd6de2ee2c3200f8a2effc6572.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Депутат Дастан Бекешев жолдогу тыгынды азайтуу үчүн айрым министрликтердин ишин саат эртең мененки 7де баштоону сунуштады. Эл өкүлүнүн пикиринде, бул жолдогу тыгындарды кыйла азайтышы ыктымал. "7де баштап, кечки 4тө бүтүшсүн. Үйүнө барып, үй-бүлөлүк иштерин бүтүрүшөт. Жакшы эле да, эмнеге болбосун?" — деди парламентарий. Эске салсак, өзгөчө борбор калаада жол тыгыны учурдагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Аны чечүү боюнча Бишкекке метро куруу, унааларды номерине карата күн алыс жүргүзүү, коомдук транспорттун санын көбөйтүү сыяктуу сунуштар айтылып келет.
Самокат, скутер жана мопеддерди тротуардан алып, автобус тилкесинде жүргүзүү керек. Мындай сунушун депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште айтты. Эл өкүлү жеке мобилдүүлүк каражаттарына толук тыюу салууга болбой турганын белгиледи. Анткени аларды жаштар колдонот жана мындай тыюу жеткирүү кызматтарына да сокку урат. "Тротуар самокат, мопеддерге ылайыкташкан эмес", — деди ал. Депутат бул каражаттарды 18 жаштан гана колдонууга уруксат берүүгө да каршы чыкты. Анын айтымында, тракторду 16 жаштан, мопедди 17 жаштан айдоого уруксат берилгендиктен мындай чектөө логикага туура келбейт. Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттары кириптер болгон жол кырсыктары байма-бай катталып келет.
Чүй облусунун Лебединовка айылында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус фураны сүзүп, алты адам жаракат алды. Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 25-ноябрда, эртең менен Жеңиш проспектинде болгон. Тез жардам кызматына чакыруу саат 07:43тө түшүп, окуя болгон жерге беш бригада тартылган. Кырсыктан жабыркаган үч адам башынан жаракат алып оорукананын нейротравма бөлүмүнө, дагы бири бетинен жараат алып, жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылды. Автобустун 43 жаштагы айдоочусунун буттары кысылып калган. Ал эми жабыркаган дагы бир бала Тез жардам бригадасы барганга чейин ооруканага жеткирилген.
Батыш өлкөлөрүнүн каршылыгына карабастан, Россия БУУнун Башкы Ассамблеясынын Экинчи комитетинде жасалма интеллект (ЖИ) боюнча резолюциянын кабыл алынышына жетишти. Бул тууралуу РФтин уюмдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Чумаков РИА Новостиге билдирди. Анын айтымында, Батыш мамлекеттерине мындай жөнөкөй, түз жана түшүнүктүү резолюция жаккан эмес. Алар түрдүү шылтоолорду бетке кармап, айрыкча технологиялар менен алмашуу жаатындагы маанилүү чечимдерди кабыл алууну кечеңдетүүгө аракет кылышууда. "Эксперттик деңгээлде биздин демилге жактырылды. Декабрь айында ал Башкы Ассамблеянын пленардык жыйындарынын биринде каралат. Россия кызыкдар делегациялар менен активдүү иштешүүнү улантат", — деп белгиледи дипломат. Чумаков резолюцияда жасалма интеллектини айрым компаниялар менен өлкөлөр менчиктеп албашы керектиги жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге да бул технологияларды колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк берүү маанилүү экени белгиленгенин тактады. Ошондой эле документ бул технологияларды аскердик максатта колдонууну жокко чыгарат. Резолюцияны 79 өлкө колдоп, 57си каршы чыкты, ал эми 42 мамлекет добуш берүүдөн карманган.
Депутат Дастан Бекешев жолдогу тыгынды азайтуу үчүн айрым министрликтердин ишин саат эртең мененки 7де баштоону сунуштады. Эл өкүлүнүн пикиринде, бул жолдогу тыгындарды кыйла азайтышы ыктымал. "7де баштап, кечки 4тө бүтүшсүн. Үйүнө барып, үй-бүлөлүк иштерин бүтүрүшөт. Жакшы эле да, эмнеге болбосун?" — деди парламентарий. Эске салсак, өзгөчө борбор калаада жол тыгыны учурдагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири болуп келет. Аны чечүү боюнча Бишкекке метро куруу, унааларды номерине карата күн алыс жүргүзүү, коомдук транспорттун санын көбөйтүү сыяктуу сунуштар айтылып келет.Самокат, скутер жана мопеддерди тротуардан алып, автобус тилкесинде жүргүзүү керек. Мындай сунушун депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңеште айтты. Эл өкүлү жеке мобилдүүлүк каражаттарына толук тыюу салууга болбой турганын белгиледи. Анткени аларды жаштар колдонот жана мындай тыюу жеткирүү кызматтарына да сокку урат. "Тротуар самокат, мопеддерге ылайыкташкан эмес", — деди ал. Депутат бул каражаттарды 18 жаштан гана колдонууга уруксат берүүгө да каршы чыкты. Анын айтымында, тракторду 16 жаштан, мопедди 17 жаштан айдоого уруксат берилгендиктен мындай чектөө логикага туура келбейт. Бишкекте жеке мобилдүүлүк каражаттары кириптер болгон жол кырсыктары байма-бай катталып келет.Чүй облусунун Лебединовка айылында жүргүнчүлөрдү ташыган автобус фураны сүзүп, алты адам жаракат алды. Маалыматка караганда, кырсык бүгүн, 25-ноябрда, эртең менен Жеңиш проспектинде болгон. Тез жардам кызматына чакыруу саат 07:43тө түшүп, окуя болгон жерге беш бригада тартылган. Кырсыктан жабыркаган үч адам башынан жаракат алып оорукананын нейротравма бөлүмүнө, дагы бири бетинен жараат алып, жаак-бет хирургиясы бөлүмүнө жаткырылды. Автобустун 43 жаштагы айдоочусунун буттары кысылып калган. Ал эми жабыркаган дагы бир бала Тез жардам бригадасы барганга чейин ооруканага жеткирилген. Батыш өлкөлөрүнүн каршылыгына карабастан, Россия БУУнун Башкы Ассамблеясынын Экинчи комитетинде жасалма интеллект (ЖИ) боюнча резолюциянын кабыл алынышына жетишти. Бул тууралуу РФтин уюмдагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дмитрий Чумаков РИА Новостиге билдирди. Анын айтымында, Батыш мамлекеттерине мындай жөнөкөй, түз жана түшүнүктүү резолюция жаккан эмес. Алар түрдүү шылтоолорду бетке кармап, айрыкча технологиялар менен алмашуу жаатындагы маанилүү чечимдерди кабыл алууну кечеңдетүүгө аракет кылышууда. "Эксперттик деңгээлде биздин демилге жактырылды. Декабрь айында ал Башкы Ассамблеянын пленардык жыйындарынын биринде каралат. Россия кызыкдар делегациялар менен активдүү иштешүүнү улантат", — деп белгиледи дипломат. Чумаков резолюцияда жасалма интеллектини айрым компаниялар менен өлкөлөр менчиктеп албашы керектиги жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге да бул технологияларды колдонууга кеңири мүмкүнчүлүк берүү маанилүү экени белгиленгенин тактады. Ошондой эле документ бул технологияларды аскердик максатта колдонууну жокко чыгарат. Резолюцияны 79 өлкө колдоп, 57си каршы чыкты, ал эми 42 мамлекет добуш берүүдөн карманган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105112941_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_77b5e03e94761df0eed874ba057973c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио