06:12 20 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8488
  • EUR77.2458
  • RUB1.0877
Видео

Тарыхый ирмем! Атамбаевди макамынан ажыраткан депутаттардын добуш берүүсү видеодо

Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылды (34)
808 0 0

Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Аны 103 депутат колдоп, 6 депутат каршы болгон.

Депутаттардын добуш берүү учурунун видеосу Facebook баракчасына жарыяланды.

Мыйзам боюнча мамлекет башчыларын "экс-президент" статусунан ажыратуу үчүн жалпы депутаттардын үчтөн эки бөлүгү добуш берүү керек. "КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамына ылайык, экс-президент кылмыш жоопкерчилигине аталган макамынан ажыратылгандан кийин гана тартылат.

Эске салсак, буга чейин Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу үчүн ага каршы күнөө коюу маселеси боюнча комиссия түзүлгөн. Анын мүчөлөрү 17-июнь күнү Атамбаевге коюлуп жаткан айыптарды жарыялаган. 18-июнда комиссиянын ишинин жыйынтыгы Жогорку Кеңеште каралып, андан ары Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн.

Тема:
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылды (34)

Тема боюнча

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратты
Атамбаевди экс-президент макамынан ажыраткан депутаттар. Тизме
Белгилер:
макам, Жогорку Кеңеш, Алмазбек Атамбаев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ