Атамбаевдин үйүнө кире албай койгон министрдин орун басары. Видео

Жазылуу
Каниметов журналисттерге Атамбаевдин үйүнө "сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында" келгенин билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйүнө келди.

Ал Кой-Таш айылына ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси менен чогуу барган. Каниметов менен Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева жолукту. Ага тергөөчүлөр Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча иштин алкагында суракка алганы келишкенин айтышты.

"Кайсы иш боюнча келгенимди айтып коёюн. Атамбаевди Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күбө катары суракка алалы дегенбиз", — деди Каниметов.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев Россияга качан жана канча күнгө бара тургандыгын айтты. Видео
Өз кезегинде Жолдубаева буга чейин үч ирет келген билдирүү каттарынын баары мыйзамсыз экенин белгиледи. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин Атамбаевди экс-президент статусунан ажыраткан чечимин Конституциялык палатага даттанышканын маалымдады.

"Бийлик мыйзам жолуна түшмөйүнчө Атамбаев бир да суракка барбай турганын айткан. Арызды ноябрь айында карашат. Ага чейин Атамбаев милицияга басып да барбайт", — деди ал.

Министрдин орун басары журналисттерге Атамбаевдин үйүнө "сотко чейинки тергөө иштеринин алкагында" келгенин билдирди. Ал ошондой эле "Атамбаевди күч менен алып баруу болобу?" деген суроого, "бардыгын тергөөчү мыйзам негизинде чечет" деп жооп берди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0