https://sputnik.kg/20261125/1105118410.html
Милдеттүү медициналык камсыздандыруусу бар жаран 42 анализ түрүн акысыз тапшыра алат
Милдеттүү медициналык камсыздандыруусу бар жаран 42 анализ түрүн акысыз тапшыра алат
Sputnik Кыргызстан
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында камсыздандырылган жарандар 42 анализ түрүн акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу “Ачык кеп”... 25.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-25T15:04+0600
2026-11-25T15:04+0600
2026-11-25T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105118240_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cb780676e729147746d7e9fbb417b323.jpg
Милдеттүү медициналык камсыздандыруусу бар жаран 42 анализ түрүн акысыз тапшыра алат
Sputnik Кыргызстан
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында камсыздандырылган жарандар 42 анализ түрүн акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда аталган фонддун Камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги Жыпара Азизбекова билдирди.
Анын айтымында, камсыздандырылган жаран Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоодо туруп, дарыгердин жолдомосун алуу аркылуу 42 анализ түрүн акысыз тапшыра алат.
“Камсыздандырылган жарандар 20га жакын профилактикалык, 21ден ашык диагностикалык кызматтан, ошондой эле 12 базалык изилдөөдөн, анын ичинде кан жана заара анализдеринен, ЭКГдан акысыз өтө алышат. Мындан тышкары, амбулатордук деңгээлде 42 түрдөгү лабораториялык анализди жеңилдетилген шартта же акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Алардын катарына клиникалык жана иммунологиялык изилдөөлөр да кирет. Ошондой эле камсыздандырылган жарандар амбулатордук деңгээлде дары-дармектерди жеңилдетилген шартта ала алышат. Учурда 500дөн ашык дары-дармектин тизмеси камтылган, аларды 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып алууга болот” — деди Азизбекова.
Ошондой эле ал жарандар медициналык жардамга ооруп калган учурда гана эмес, оорулардын алдын алуу жана ден соолугун текшертип туруу максатында да кайрылып, медициналык камсыздандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышы керектигин белгиледи.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында камсыздандырылган жарандар 42 анализ түрүн акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда аталган фонддун Камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги Жыпара Азизбекова билдирди.Анын айтымында, камсыздандырылган жаран Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоодо туруп, дарыгердин жолдомосун алуу аркылуу 42 анализ түрүн акысыз тапшыра алат.“Камсыздандырылган жарандар 20га жакын профилактикалык, 21ден ашык диагностикалык кызматтан, ошондой эле 12 базалык изилдөөдөн, анын ичинде кан жана заара анализдеринен, ЭКГдан акысыз өтө алышат. Мындан тышкары, амбулатордук деңгээлде 42 түрдөгү лабораториялык анализди жеңилдетилген шартта же акысыз тапшыруу мүмкүнчүлүгү каралган. Алардын катарына клиникалык жана иммунологиялык изилдөөлөр да кирет. Ошондой эле камсыздандырылган жарандар амбулатордук деңгээлде дары-дармектерди жеңилдетилген шартта ала алышат. Учурда 500дөн ашык дары-дармектин тизмеси камтылган, аларды 50 пайызга чейин арзандатуу менен сатып алууга болот” — деди Азизбекова.Ошондой эле ал жарандар медициналык жардамга ооруп калган учурда гана эмес, оорулардын алдын алуу жана ден соолугун текшертип туруу максатында да кайрылып, медициналык камсыздандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышы керектигин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105118240_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0410808f603303a1ef2839bd695ca984.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Милдеттүү медициналык камсыздандыруусу бар жаран 42 анализ түрүн акысыз тапшыра алат
15:04 25.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 25.11.2026) Коноктор
Жыпара Азизбекова, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Камсыздандыруу программаларын ишке ашыруу башкармалыгынын начальниги