01:17 20 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8489
  • EUR75.4648
  • RUB1.0967
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылды (34)
400610

Бүгүн Атамбаев ИИМге үчүнчү ирет чакырылган.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди милиция күч менен кармап алууну пландап жатат. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Ишенимдүү булактардын айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаевди күч менен кармоого буйрук берилгени белгилүү болду. Ишти күндүн экинчи жарымында баштоо пландалып, бир жарым миң укук коргоочу тартылат экен. Бийликтегилер радикалдык чаралардын арты жаман болорун унутуп калса керек", - деп жазган Жолдубаева.

Бүгүн, 18-июлда, милиция кызматкерлери Атамбаевге ИИМге келип сурак берүү үчүн үчүнчү ирет билдирүү катын алып келген

Ал катта Атамбаев 19-июлда саат 10:00дө суракка барышы керектиги жазылган.

Мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Мурдагы президентке сурак берүү үчүн кагаз биринчи жолу 8-июлда, андан кийинки кагаз 10-июлда келген. Бирок Атамбаев азыркы бийликти "укуктук талаадан чыгып кетти" деп, тергөөчүнүн сурагына келбей тургандыгын журналисттерге айткан.

Эске салсак, Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди кол тийбестигинен ажыраткан. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттеги депутаттык комиссия койгон алты күнөөнүн бешөө негиздүү экенин ырастап, бул боюнча өзүнүн корутундусун дагы билдирген.

Алар: Кой-Таш айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз алуу, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, акча адалдаган "Ака инвест" сыяктуу бир нече компанияга тиешеси бардыгы, Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупциялык иштер жана ТЭЦке көмүр ташыган компаниянын кызыкчылыгын коргоо маселеси.

Тема:
Алмазбек Атамбаев статусунан ажыратылды (34)

Тема боюнча

Алмазбек Атамбаев ИИМге үчүнчү ирет чакырылды. Сүрөт
Атамбаев мүмкүнчүлүк болсо чет жакка чыгып келүүгө даяр экенин билдирди
Белгилер:
бийлик, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ