https://sputnik.kg/20261125/1105105752.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Адал азыктардагы QR-код аркылуу өндүрүүчүнү, азыктын курамын, сертификаттын мөөнөтүн жана аны берген органды текшерүүгө болот. Бул тууралуу Экономика... 25.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-25T11:00+0600
2026-11-25T11:00+0600
2026-11-25T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105105586_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d072651c9c945bd683eb92d365914640.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Адал азыктардагы QR-код аркылуу өндүрүүчүнү, азыктын курамын, сертификаттын мөөнөтүн жана аны берген органды текшерүүгө болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин улук эксперти Кадырбек Бурабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринен билдирди.Аталган ведомство иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, адал азыктар менен кызматтардын шайкештик сертификаты жана QR-коду бар "адал" белгиси болушу керек. Ошондой эле бул багытта иштегендердин реестрин түзүү сунушталууда.Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директорунун орун басары Бердимамат Аданбаев эфирде мал союу ветеринардык талаптарга жана адал стандарттарына жооп бериши керектигин белгиледи.Адистердин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн адал стандарттарын шайкеш келтирүү жана өз ара таануу боюнча да иш жүргүзүлүп жатат.
Евразия өнүктүрүү банкынын гранттарына кыргызстандык IT-адистер да талапкер боло алышат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалык төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди. Маалым болгондой, банк Санариптик демилгелер фондунун жылдык сынагына 2027-жылдын 31-январына чейин арыздарды кабыл алат. Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян сынакка IT-компаниялар жана мамлекеттик органдар катыша аларын билдирди. Негизги талап — долбоор ЕАЭБдин бир нече өлкөсүнө пайда алып келиши керек. Жеңүүчүлөргө гранттар, ал эми ийгиликтүү долбоорлорго насыялар да берилиши мүмкүн. Быйыл фонд Бишкектеги жол тыгынын азайтуу жана абанын тазалыгын көзөмөлдөө боюнча долбоорлорду жактырган.
Кыргызстан быйыл январь-август айларында чет өлкөлөргө 1,3 миң тоннага жакын косметикалык каражат сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Маалымдалгандай, анын басымдуу бөлүгүн Россия, Өзбекстан, Казакстан, Беларус жана Тажикстан сатып алган. Мындан тышкары, Кыргызстандын косметикалык каражаттары Румыния, Иран, Армения, Грузия, Бириккен Араб Эмирликтери, АКШ жана Улуу Британияга да жөнөтүлгөн.
Евробиримдик мамлекеттик каржы тармагында кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу экономика боюнча еврокомиссар Валдис Домбровскис билдиргенин РИА Новости жазды. "Жалпысынан алганда биздин мамлекеттик каржыбыз туура эмес багытта баратат. Биз кооптуу чекке жеттик. Мүчө мамлекеттер бюджетти кылдат карап, акчаны сарамжалдуу жумшашы керек", — деди ал. Күзгү экономикалык божомолго караганда, Евробиримдиктеги орточо бюджет тартыштыгы 2025-жылы ИДПнын 3,1 пайызын түзсө, 2028-жылга барып 3,8 пайызга чейин өсөт. Муну менен катар бюджет тартыштыгы уруксат берилген үч пайыздык чектен ашкан өлкөлөрдүн саны 2026-жылы 12 болсо, 2028-жылы 16га чейин жетет. Натыйжада үч жылдан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү белгиленген чекти бузушу ыктымал. Ошол эле учурда ЕБ өлкөлөрүнүн жалпы мамлекеттик карызы 2025-жылдагы ИДПнын 82,6 пайызынан 2028-жылы 85,6 пайызга чейин жогорулай турганы күтүлүүдө. "Карызды төлөө чыгымдары улам өсүп баратат. Дүйнөлүк каржы рыногундагы пайыздык чендер менен мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча тобокелдик үстөктөрүнүн кымбатташы Европаны да кыйгап өткөн жок", — деди еврокомиссар. Ал бюджеттеги жетишсиздикти толуктоо жана эски карыздарды кайтаруу зарылдыгы мамлекеттердин чыгымын көбөйтүп жатканын кошумчалады.
Адал азыктардагы QR-код аркылуу өндүрүүчүнү, азыктын курамын, сертификаттын мөөнөтүн жана аны берген органды текшерүүгө болот. Бул тууралуу Экономика министрлигинин улук эксперти Кадырбек Бурабаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринен билдирди.Аталган ведомство иштеп чыккан мыйзам долбооруна ылайык, адал азыктар менен кызматтардын шайкештик сертификаты жана QR-коду бар "адал" белгиси болушу керек. Ошондой эле бул багытта иштегендердин реестрин түзүү сунушталууда.Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун директорунун орун басары Бердимамат Аданбаев эфирде мал союу ветеринардык талаптарга жана адал стандарттарына жооп бериши керектигин белгиледи.Адистердин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн адал стандарттарын шайкеш келтирүү жана өз ара таануу боюнча да иш жүргүзүлүп жатат. Евразия өнүктүрүү банкынын гранттарына кыргызстандык IT-адистер да талапкер боло алышат. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын башкармалык төрагасынын орун басары Тигран Саркисян билдирди. Маалым болгондой, банк Санариптик демилгелер фондунун жылдык сынагына 2027-жылдын 31-январына чейин арыздарды кабыл алат. Банк башкармалыгынын төрагасынын орун басары Тигран Саркисян сынакка IT-компаниялар жана мамлекеттик органдар катыша аларын билдирди. Негизги талап — долбоор ЕАЭБдин бир нече өлкөсүнө пайда алып келиши керек. Жеңүүчүлөргө гранттар, ал эми ийгиликтүү долбоорлорго насыялар да берилиши мүмкүн. Быйыл фонд Бишкектеги жол тыгынын азайтуу жана абанын тазалыгын көзөмөлдөө боюнча долбоорлорду жактырган. Кыргызстан быйыл январь-август айларында чет өлкөлөргө 1,3 миң тоннага жакын косметикалык каражат сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Маалымдалгандай, анын басымдуу бөлүгүн Россия, Өзбекстан, Казакстан, Беларус жана Тажикстан сатып алган. Мындан тышкары, Кыргызстандын косметикалык каражаттары Румыния, Иран, Армения, Грузия, Бириккен Араб Эмирликтери, АКШ жана Улуу Британияга да жөнөтүлгөн.Евробиримдик мамлекеттик каржы тармагында кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу экономика боюнча еврокомиссар Валдис Домбровскис билдиргенин РИА Новости жазды. "Жалпысынан алганда биздин мамлекеттик каржыбыз туура эмес багытта баратат. Биз кооптуу чекке жеттик. Мүчө мамлекеттер бюджетти кылдат карап, акчаны сарамжалдуу жумшашы керек", — деди ал. Күзгү экономикалык божомолго караганда, Евробиримдиктеги орточо бюджет тартыштыгы 2025-жылы ИДПнын 3,1 пайызын түзсө, 2028-жылга барып 3,8 пайызга чейин өсөт. Муну менен катар бюджет тартыштыгы уруксат берилген үч пайыздык чектен ашкан өлкөлөрдүн саны 2026-жылы 12 болсо, 2028-жылы 16га чейин жетет. Натыйжада үч жылдан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин көпчүлүгү белгиленген чекти бузушу ыктымал. Ошол эле учурда ЕБ өлкөлөрүнүн жалпы мамлекеттик карызы 2025-жылдагы ИДПнын 82,6 пайызынан 2028-жылы 85,6 пайызга чейин жогорулай турганы күтүлүүдө. "Карызды төлөө чыгымдары улам өсүп баратат. Дүйнөлүк каржы рыногундагы пайыздык чендер менен мамлекеттик карыз милдеттенмелери боюнча тобокелдик үстөктөрүнүн кымбатташы Европаны да кыйгап өткөн жок", — деди еврокомиссар. Ал бюджеттеги жетишсиздикти толуктоо жана эски карыздарды кайтаруу зарылдыгы мамлекеттердин чыгымын көбөйтүп жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/19/1105105586_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_72f5f5ce699399063c9cca59e3dc5836.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио