БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Мумияны изилдемекпиз деп жаткан археологдор анчалык иштегиси келип жатса, кайра казып алсын. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
Эске салсак, 14-октябрда Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилген. Ал 1960-жылдан бери борбордук тарых музейинде сакталып келген.
Министрдин айтымында, көмүлгөн мумиянын ким экендиги тууралуу так аныктама жок, андыктан жөн эле кишинин сөөгүн жакшылап изилдебей же көмбөй алып жүрө берүүгө болбойт.
Ал ошондой эле буга чейин мумияны изилдөөгө Илимдер академиясына көп жолу сунуш болгонун, бирок алар баш тартып келгенин кошумчалап кетти.