00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
11:25
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
эфир
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
Жергиликтүү тасмалардын дүйнөлүк деңгээлге чыгуусуна эмне жетишпейт?
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Конфликт миров в романе "Сердце Пармы": столкновение язычества и христианства
18:06
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткенде IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилди

© Фото / Феруза Аскарбек КызыБаткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилди.
Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БАТКЕН, 14-окт. — Sputnik. Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул мумия 1960-жылдардан бери борбордук тарых музейинде турган.

1/3
Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге IV-V кылымдарга таандык делген мумия жерге берилди.

Кара-Булак айыл аймагынын башчысы Ачылбек Бекташевдин айтымында, мумия бүгүн эртең менен Баткенге алып келинген.

Музейдеги экспонат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тарых музейиндеги мумия, БГУ жатаканасындагы чаңырык... Бишкектин имиштери
Ал ошондой эле мумияны көмүүгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана окумуштуулар катышканын билдирди.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалыматына ылайык, мумия табылган учурдан бери 60 жыл ичинде адистердин жана атайын жабдуулардын жетишсиздигинен эч кандай изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Мумия жакшы сакталып, бузулуп кетпеши үчүн бальзамдоо аракеттери да жасалган эмес.

​Андыктан келечекте окумуштуулардын аны кайра казып изилдөөсүнө мүмкүнчүлүк болсун деген шарт менен аны жерге көмүү демилгеленген.

"Кыргыз окумуштуулары аялдын мумиясын 1960-жылдары Кара-Булак айылынын Мыктым-Гөр аймагынан табышкан. Аны тарых музейине коюшуп, андан бери бир дагы генетикалык жана антропологиялык изилдөөлөр жасалган эмес. Андыктан бул аялдын мумиясы тууралуу эч кандай маалымат жок. Келечекте окумуштуулардын аны кайра казып изилдөөсүнө мүмкүнчүлүк болсун деген шарт менен жерге көмүлдү", — деди министрликтин маалымат кызматы.

Айрым маалыматтар боюнча мумия 4-5-кылымдарга таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0