Анын ачылышы "Көчмөндөр ааламы" фольклордук фестивалы менен коштолууда.
Кырчын жайлоосунда Бишкек Ош шаарларынан тышкары Кыргызстандын жети облусунун айылдары түшкөн.
Коноктор "Кыргыз айылы" борбордук дарбазасынан киришүүдө. Алар кыргыздардын баштапкы маданияты, тарыхы, салт-санаасы менен таанышканга мүмкүнчүлүк алышты.
Айылдын чок ортосуна Хан ордо тигилген. Чет элдик коноктор үчүн атайын жай берилип, ал жакка алар өздөрүнүн улуттук үйлөрүн орнотууга мүмкүнчүлүк алышты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрга чейин уланат. Ага 62 мамлекеттен спортчулар келип, алар улуттук спорттун 26 түрү боюнча күч сынашат.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.

Нарын облусунун ордосу

Бүркүтчүлөр

Селкинчек тепкен балакайлар

Этно шаарчага келген коноктордун саны көп

Куралданган баатырлар

Аңчы жана анын бүркүтү

Жаачы...

Желге ыргалган желектер

Этношаардагы турмуш өз калыбында уланууда

Жаратылышка суктанып, аны тартып калууну каалаган сүрөтчү

Көлөкөдө отуруп гезит тиктегенге не жетсин

Көчмөн...

Улуттук кийим жана элечек кийген аялдар

"Куралданган" жаш көчмөн
