https://sputnik.kg/20261105/1104737779.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте чакан соода түйүндөрүн орнотууга уруксат бербөө, документтерин узартууга тыюу салуу чакан ишкерликке терс... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T17:00+0600
2026-11-05T17:00+0600
2026-11-05T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104737613_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_ac47f903745ddce010de75b556471c7f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте чакан соода түйүндөрүн орнотууга уруксат бербөө, документтерин узартууга тыюу салуу чакан ишкерликке терс таасирин тийгизерин билдирди. Быйыл жазында Курулуш министрлиги көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жеңил конструкцияларды орнотууга тыюу салган. Чектөө күркөлөргө, павильондорго, бастырмаларга, темир чатырларга жана гараждарга тиешелүү. Министрлик бул чара тургундардын кайрылууларына жана мыйзамсыз орнотулган объектилерге каршы күрөшүү зарылдыгына байланыштуу кабыл алынганын билдирген. Бекешевдин айтымында, чакан дүкөндөр көптөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагы болуп келген. Ал мындай чектөөлөр ири соода түйүндөрүнө гана пайда алып келиши мүмкүн деп эсептейт.
"Ала-Тоо Резорт" долбоору үчүн Ысык-Көл облусундагы 10,5 миң гектарга жакын жерди буфердик зонадан өткөөл зонага өткөрүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, курорт үчүн каралган жалпы 11,2 миң гектар жердин 754 гектары учурда өткөөл зонага кирет. Өзгөртүү Боз-Учук, Ак-Булак, Жыргалаң жана Каркыра аймактарындагы беш жер тилкесин камтыйт. Анын ичинен 5,4 миң гектарга жакыны Каркырага туура келет. Токтом долбоорунда зонанын макамын өзгөртүү жердин категориясын автоматтык түрдө өзгөртпөй турганы белгиленген. Ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча чектөөлөр күчүндө калат.
Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду. Осмонов Жапаров өлкөнүн келечеги жана улуттун генофонду үчүн тарыхый жана чечкиндүү кадам жасаганын билдирди. “Бул жөн гана экономикалык чечим эмес, кыргыз улутунун саламаттыгын коргоо миссиясы. Биз бул “уунун” кесепеттерин ооруканалардан күн сайын көрүп жатабыз. Бир жылда 54 миллион литрден ашык химиялык суусундук ичилет — бул кооптуу көрсөткүч. Жүздөгөн миллион банка жаштардын жүрөгүнө сокку уруп, бөйрөктү иштен чыгарып, кант диабетине алып келет. Ооба, бюджет 1,5 миллиард сом салыктан кол жууйт, бирок эч кандай акча биздин балдардын өмүрүнөн кымбат эмес”, — деп жазды министр социалдык тармактардагы баракчасына. Осмонов Саламаттык сактоо министрлиги алты айдын ичинде энергетикалык суусундуктарды сатууну чектей турган мыйзамдык чараларды иштеп чыгарын кошумчалады.
Манас шаарында 2,5 миллион доллар жеке инвестиция салынган металл конструкцияларын өндүрүүчү "Металлстрой" заводу ачылды. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты. Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, өлкөдө курулуш тармагы улам өнүгүп жатканын жана бул курулуш материалдарына, металл конструкцияларына суроо-талапты күчөтүп жатканын айткан. Ишкана биринчи жылы 1 400 тонна металл конструкциясын өндүрүүнү пландап жатат. Анда 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкекте чакан соода түйүндөрүн орнотууга уруксат бербөө, документтерин узартууга тыюу салуу чакан ишкерликке терс таасирин тийгизерин билдирди. Быйыл жазында Курулуш министрлиги көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна жеңил конструкцияларды орнотууга тыюу салган. Чектөө күркөлөргө, павильондорго, бастырмаларга, темир чатырларга жана гараждарга тиешелүү. Министрлик бул чара тургундардын кайрылууларына жана мыйзамсыз орнотулган объектилерге каршы күрөшүү зарылдыгына байланыштуу кабыл алынганын билдирген. Бекешевдин айтымында, чакан дүкөндөр көптөгөн үй-бүлөлөрдүн киреше булагы болуп келген. Ал мындай чектөөлөр ири соода түйүндөрүнө гана пайда алып келиши мүмкүн деп эсептейт. "Ала-Тоо Резорт" долбоору үчүн Ысык-Көл облусундагы 10,5 миң гектарга жакын жерди буфердик зонадан өткөөл зонага өткөрүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Документке ылайык, курорт үчүн каралган жалпы 11,2 миң гектар жердин 754 гектары учурда өткөөл зонага кирет. Өзгөртүү Боз-Учук, Ак-Булак, Жыргалаң жана Каркыра аймактарындагы беш жер тилкесин камтыйт. Анын ичинен 5,4 миң гектарга жакыны Каркырага туура келет. Токтом долбоорунда зонанын макамын өзгөртүү жердин категориясын автоматтык түрдө өзгөртпөй турганы белгиленген. Ошондой эле жаратылышты коргоо боюнча чектөөлөр күчүндө калат.Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдоду. Осмонов Жапаров өлкөнүн келечеги жана улуттун генофонду үчүн тарыхый жана чечкиндүү кадам жасаганын билдирди. “Бул жөн гана экономикалык чечим эмес, кыргыз улутунун саламаттыгын коргоо миссиясы. Биз бул “уунун” кесепеттерин ооруканалардан күн сайын көрүп жатабыз. Бир жылда 54 миллион литрден ашык химиялык суусундук ичилет — бул кооптуу көрсөткүч. Жүздөгөн миллион банка жаштардын жүрөгүнө сокку уруп, бөйрөктү иштен чыгарып, кант диабетине алып келет. Ооба, бюджет 1,5 миллиард сом салыктан кол жууйт, бирок эч кандай акча биздин балдардын өмүрүнөн кымбат эмес”, — деп жазды министр социалдык тармактардагы баракчасына. Осмонов Саламаттык сактоо министрлиги алты айдын ичинде энергетикалык суусундуктарды сатууну чектей турган мыйзамдык чараларды иштеп чыгарын кошумчалады.Манас шаарында 2,5 миллион доллар жеке инвестиция салынган металл конструкцияларын өндүрүүчү "Металлстрой" заводу ачылды. Бул туурасында өкмөттөн кабарлашты. Салтанатка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, өлкөдө курулуш тармагы улам өнүгүп жатканын жана бул курулуш материалдарына, металл конструкцияларына суроо-талапты күчөтүп жатканын айткан. Ишкана биринчи жылы 1 400 тонна металл конструкциясын өндүрүүнү пландап жатат. Анда 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заводго лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104737613_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0dac26d143135011e4ca248e25ede970.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио