БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында кыргызстандык спортчулар таяк тартыш мелдешинде жалпысынан төрт медаль утушканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Таяк тартыш боюнча аялдар арасындагы мелдеши аяктады. Алар беш салмак категориясы боюнча беттешишти.
85 килограммга чейинки салмак категориясында Айнура Шайнурова жеңишке жетсе, Ирина Миронова үчүнчү орунду ээледи. Ошондой эле коло байгени Дильбара Иманканова (55 кг. чейин) камсыздаган. 85 килограммдан жогорку салмак категориясында Айчүрөк Эргашева финалдык кармашта россиялык Татьтяна Григорго утулуп, экинчи орунду ээледи.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү.