https://sputnik.kg/20261105/1104741977.html
Кыргызстандык студенттердин тасмасы Түркияда баш байгеге татыды

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаш режиссёрлордун эмгеги Анкарада ийгилик жаратты. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери тарткан "Учак" кыска метраждуу тасмасы... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T19:05+0600
2026-11-05T19:05+0600
2026-11-05T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104741807_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_52378e98f6e6c8a52cffb250de637e92.jpg
Кыргызстандык студенттердин тасмасы Түркияда баш байгеге татыды
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаш режиссёрлордун эмгеги Анкарада ийгилик жаратты. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенттери тарткан "Учак" кыска метраждуу тасмасы Түркиянын радио жана телекөрсөтүү корпорациясы тарабынан уюштурулган "ТРТ даректүү тасмалар боюнча жаш медиа адистерининин сынагында" биринчи орунду ээледи. Быйыл 2015-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан чыгармачылык конкурска Түркиянын 141 университетинен 2 миң 81 студент катышып, 2 миң 45 эмгек сунушталган. Алардын ичинен калыстардын тандоосунан өткөн мыкты иштер финалга чыгып, бир нече номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. Ал эми кыска метраждуу тасмалар категориясында баш байгени кыргызстандык "Учак" тасмасы багындырды.Бүгүн "Стоп кадр" программасында "Учак" тасмасынын режиссёру Гүлшат Кайыпбекова жана экинчи режиссёру Хадиже Элчим Саглык конокто."Бул кыска метраждуу тасма биздин курстук ишибиз болгондуктан, мындай жеңиш биз үчүн күтүүсүз болду. Калыстар тобунун көңүлүн биздин оюбузча сценарий бурду. Анткени жөнөкөй эле камералар менен тартканбыз. Демек, мыкты тасма аталуу үчүн кеп техникада эмес экен. Бул чыгармада миграция маселеси, тактап айтканда жаш баланын ата-энесине болгон сагынычын учак аркылуу көрсөтүп бергенге аракет кылганбыз. Мындай жетишкендик жаш кинематографисттердин чыгармачылык изденүүсүнө, эмгегине жана потенциалына берилген жогорку баа. Биринчи орунду багындыруу жалпы чыгармачыл топко шык берди", — деди Гүлшат Кайыпбекова.Эл аралык сынактагы жеңиш, тасманын жаралуу тарыхы жана кыргыз жаштарынын кинодогу жаңы деми тууралуу бул эфирден кенирээк тындай аласыз.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104741807_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f663a92ae5a161a0c6dce4ac430cf633.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстандык студенттердин тасмасы Түркияда баш байгеге татыды
19:05 05.11.2026 (Жаңыртылды: 19:16 05.11.2026) Коноктор
Гүлшат Кайыпбекова, режиссерХадиже Элчим Саглык, экинчи режиссер