https://sputnik.kg/20261105/1104732717.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жүк ташыган машиналар трассада кеминде 50 метр аралыкты сактап айдоого милдеттендирилет Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Жол кыймылы жөнүндө мыйзамга... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T13:00+0600
2026-11-05T13:00+0600
2026-11-05T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104732551_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_702450aba5b760345bc8b6a67da63c6e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Жүк ташыган машиналар трассада кеминде 50 метр аралыкты сактап айдоого милдеттендирилет Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Жол кыймылы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Эгер ал кабыл алынса, салмагы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автоунаалар калктуу конуштардан тышкары жолдордо саатына 50 чакырымдан жогору ылдамдыкта жүргөндө алдыдагы машинадан кеминде 50 метр аралыкты сактоого милдеттүү болот. Мындай талап жолдо баратканда биринчисинен ашып өтүп жаткан автоунаанын тоскоолдуксуз өз тилкесине кайра кирип алышына шарт түзүү үчүн киргизилүүдө. Эрежени бузгандарга 1 000 сом айып салуу каралууда. Буга чейин кан жолдордо жүк ташыган машиналар бири-бирин ээрчишип алып айдап, кооптуу жагдай түзүп жатканы тууралуу даттануулар болуп келген.
Жүзүн толук чүмкөп алгандарга айып пулду 20 миң сомдон 10 миң сомго түшүрүү сунушталды ЖК депутаттары сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырган адамдарга 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом) айып пул салуу каралууда. Чет өлкөлүк жарандарга жана атайын медициналык беткап тагынгандарга биринчи жолу эскертүү берилет. Бир жыл ичинде кайра мыйзам бузса, 10 миң сом айып пул салынат. Медициналык беткап тагынуунун өзү мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Ошондой эле оозу-мурдун гана жабууга тыюу салынбайт.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кирилл Логвинов эки өлкөнүн позициясы көпчүлүк маселеде бир чыгарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде орток позициясын чогуу жактайт.Логвинов санкцияларды Коопсуздук кеңеши гана киргизе аларын, ал эми кеңештин чечимисиз коюлган чектөөлөрдү бир тараптуу мажбурлоо деп атаган туура экенин айтты. Анын пикиринде, мындай чаралар Глобалдык Түштүктөгү өлкөлөрдүн өнүгүшүнө жана кризистерди чечүүгө тоскоол болот.Ал ЖККУ менен БУУнун кызматташтыгын күчөтүү пландалып жатканын да кошумчалады.
Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Киев кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга барбаса, Украина Россияга багынууга аргасыз болорун айтты"Адамдардан айрылып жатабыз. Өлкө аймаксыз жашай алат, бирок элсиз жашай албайт. Бул көз карашты көптөгөн саясатчылар, экономисттер жана эксперттер колдойт", — деди Юлия Мендель Германиянын Berliner Zeitung гезитине курган маегинде.Анын айтымында, Батыштагылардын көбү Украина жеңишке жетип, аймактарын кайтарып алат деп ойлоп, жаңылып жатат.
Ак үй республикачылар шайлоодо жеңилип калгандыктан Иран боюнча позициясын аныктай албай турат. Бул туурасында Wall Street Journal өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирди. Басылманын жазганына таянсак, Ак үйдүн администрациясындагы айрым кызматкерлер АКШнын лидери Дональд Трамптын ыйгарым укуктары бүткүчө тынчтык орнотуп алыш үчүн аны Иранга кайрадан сокку урууга үндөп жатат. "Ал эми башкалары Трампты жоготууларды, тарткан зыянды моюнга алып, аскердик операцияны токтотууга чакырууда", — деп айтылат макалада. Кечээ Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер партиялаштары шайлоодо жеңип чыкса Иран менен болгон чатакты токтотууга убада берди. Анын айтымында, айрым республикачылар да бул ниетин колдошот.
Жүк ташыган машиналар трассада кеминде 50 метр аралыкты сактап айдоого милдеттендирилет Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Жол кыймылы жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат. Эгер ал кабыл алынса, салмагы 3,5 тоннадан ашкан жүк ташуучу автоунаалар калктуу конуштардан тышкары жолдордо саатына 50 чакырымдан жогору ылдамдыкта жүргөндө алдыдагы машинадан кеминде 50 метр аралыкты сактоого милдеттүү болот. Мындай талап жолдо баратканда биринчисинен ашып өтүп жаткан автоунаанын тоскоолдуксуз өз тилкесине кайра кирип алышына шарт түзүү үчүн киргизилүүдө. Эрежени бузгандарга 1 000 сом айып салуу каралууда. Буга чейин кан жолдордо жүк ташыган машиналар бири-бирин ээрчишип алып айдап, кооптуу жагдай түзүп жатканы тууралуу даттануулар болуп келген.Жүзүн толук чүмкөп алгандарга айып пулду 20 миң сомдон 10 миң сомго түшүрүү сунушталды ЖК депутаттары сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырган адамдарга 100 эсептик көрсөткүч (10 миң сом) айып пул салуу каралууда. Чет өлкөлүк жарандарга жана атайын медициналык беткап тагынгандарга биринчи жолу эскертүү берилет. Бир жыл ичинде кайра мыйзам бузса, 10 миң сом айып пул салынат. Медициналык беткап тагынуунун өзү мыйзам бузуу болуп эсептелбейт. Ошондой эле оозу-мурдун гана жабууга тыюу салынбайт.Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кирилл Логвинов эки өлкөнүн позициясы көпчүлүк маселеде бир чыгарын белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан менен Россия БУУнун Коопсуздук кеңешинде орток позициясын чогуу жактайт.Логвинов санкцияларды Коопсуздук кеңеши гана киргизе аларын, ал эми кеңештин чечимисиз коюлган чектөөлөрдү бир тараптуу мажбурлоо деп атаган туура экенин айтты. Анын пикиринде, мындай чаралар Глобалдык Түштүктөгү өлкөлөрдүн өнүгүшүнө жана кризистерди чечүүгө тоскоол болот.Ал ЖККУ менен БУУнун кызматташтыгын күчөтүү пландалып жатканын да кошумчалады. Зеленскийдин мурдагы маалымат катчысы Киев кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга барбаса, Украина Россияга багынууга аргасыз болорун айтты"Адамдардан айрылып жатабыз. Өлкө аймаксыз жашай алат, бирок элсиз жашай албайт. Бул көз карашты көптөгөн саясатчылар, экономисттер жана эксперттер колдойт", — деди Юлия Мендель Германиянын Berliner Zeitung гезитине курган маегинде.Анын айтымында, Батыштагылардын көбү Украина жеңишке жетип, аймактарын кайтарып алат деп ойлоп, жаңылып жатат. Ак үй республикачылар шайлоодо жеңилип калгандыктан Иран боюнча позициясын аныктай албай турат. Бул туурасында Wall Street Journal өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирди. Басылманын жазганына таянсак, Ак үйдүн администрациясындагы айрым кызматкерлер АКШнын лидери Дональд Трамптын ыйгарым укуктары бүткүчө тынчтык орнотуп алыш үчүн аны Иранга кайрадан сокку урууга үндөп жатат. "Ал эми башкалары Трампты жоготууларды, тарткан зыянды моюнга алып, аскердик операцияны токтотууга чакырууда", — деп айтылат макалада. Кечээ Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер партиялаштары шайлоодо жеңип чыкса Иран менен болгон чатакты токтотууга убада берди. Анын айтымында, айрым республикачылар да бул ниетин колдошот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104732551_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6baecfffc2ea330fdbccc7a3375a50bc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио