https://sputnik.kg/20261105/1104741689.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда автоунаанын айнегин караңгылатуу акысы убактылуу төмөндөдүБУУ Кыргызстанда аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча программасы ишке ашырылатПрезидент... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T19:00+0600
2026-11-05T19:00+0600
2026-11-05T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104741523_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_01f22f8e226f4b4dd42d9956bcdaa4e2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда автоунаанын айнегин караңгылатуу акысы убактылуу төмөндөдүБУУ Кыргызстанда аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча программасы ишке ашырылатПрезидент Манас шаарын экинчи экономикалык борборго айлантууну тапшырды
Президент өкмөткө Манас шаарын экинчи экономикалык борборго айлантууну тапшырды Бул тууралуу Адылбек Касымалиев калаадагы 1 065 батирлүү “Асман Резиденс-7” турак жай комплекси ачып жатып билдирди. 12 блоктон турган комплекстин 5-ноябрдагы ачылышына минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал жүздөгөн үй-бүлө жаңы батиринин ачкычын аларын айтты. Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунда дагы 16 объект онлайн форматта ачылды. Алардын арасында Манас шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8", Сузак районундагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жай комплекстери, жаңы мектептер жана Базар-Коргон районундагы кыш заводу бар.
Кыргызстанда автоунаанын айнегин караңгылатууга берилчү уруксаттын акысы төмөндөдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Резидент жеке жактар үчүн төлөм 50 миң сомдон 25 миң сомго чейин арзандады. Жеңилдетилген тарифтер 2026-жылдын 5-декабрына чейин күчүндө болот. Жеңилдик берилген мезгилде тарифтер Жеке жактар үчүн — 50 мин сомдон 25 миң сомгоЮридикалык жактар үчүн — 70 мин сомдон 50 миң сом Резидент эместер үчүн —90 мин сомдон 70 миң сомго женилдетилди Электромобилдер үчүн төлөмдүн өлчөмү ээсинин категориясына жараша өзүнчө белгиленет.
Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн министр Алмаз Имангазиев БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын аткаруучу катчысы Армида Салсиа Алишахбана менен жолугушту. Жолугушууда улгайган жарандарды социалдык жактан камсыздоо системасын өркүндөтүү, калктын аярлуу катмарына кам көрүү жана бул багыттагы эл аралык тажрыйба талкууланды. Анда министрликтин Кыргызстанда Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жаштарды жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарын жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик окутуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө жана айтылган багыттар боюнча практикалык иштерди улантууга кызыкдар экенин билдиришти.
Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, жабыркагандарды коргоо жана алардын укуктарын камсыз кылуу боюнча БУУнун "Spotlight демилгеси 2.0" программасы ишке ашырылат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, программанын бет ачары министр Алмаз Имангазиевдин БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушуусунда тааныштырылды. Долбоор 2026-2030-жылдары Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында ишке ашырылат. Анын алкагында зомбулуктун алдын алуу, мыйзамдарды жана тиешелүү мекемелердин ишин өркүндөтүү, жабыркагандарга медициналык, психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу каралган. Программада айыл жергесинде жашаган, майыптыгы бар аялдар менен кыздарга жана зомбулуктан жабыркагандарга өзгөчө көңүл бурулат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 34 тыйынгаюань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы6-ноябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +19...+24, Талас менен Баткенде +18...+23, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +10...+15 градус жылуу болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте+21...+23, Ошто +20...+22 градуска жетет.
Кыргызстанда автоунаанын айнегин караңгылатуу акысы убактылуу төмөндөдүБУУ Кыргызстанда аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча программасы ишке ашырылатПрезидент Манас шаарын экинчи экономикалык борборго айлантууну тапшырды Президент өкмөткө Манас шаарын экинчи экономикалык борборго айлантууну тапшырды Бул тууралуу Адылбек Касымалиев калаадагы 1 065 батирлүү “Асман Резиденс-7” турак жай комплекси ачып жатып билдирди. 12 блоктон турган комплекстин 5-ноябрдагы ачылышына минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев катышты. Ал жүздөгөн үй-бүлө жаңы батиринин ачкычын аларын айтты. Иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облусунда дагы 16 объект онлайн форматта ачылды. Алардын арасында Манас шаарындагы 600 батирлүү "Асман-8", Сузак районундагы 312 батирлүү "Асман-14" турак жай комплекстери, жаңы мектептер жана Базар-Коргон районундагы кыш заводу бар.Кыргызстанда автоунаанын айнегин караңгылатууга берилчү уруксаттын акысы төмөндөдү. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Резидент жеке жактар үчүн төлөм 50 миң сомдон 25 миң сомго чейин арзандады. Жеңилдетилген тарифтер 2026-жылдын 5-декабрына чейин күчүндө болот. Жеңилдик берилген мезгилде тарифтер Жеке жактар үчүн — 50 мин сомдон 25 миң сомгоЮридикалык жактар үчүн — 70 мин сомдон 50 миң сом Резидент эместер үчүн —90 мин сомдон 70 миң сомго женилдетилди Электромобилдер үчүн төлөмдүн өлчөмү ээсинин категориясына жараша өзүнчө белгиленет. Кыргызстанда улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу максатында Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн министр Алмаз Имангазиев БУУнун Азия жана Тынч океан үчүн Экономикалык жана социалдык комиссиясынын аткаруучу катчысы Армида Салсиа Алишахбана менен жолугушту. Жолугушууда улгайган жарандарды социалдык жактан камсыздоо системасын өркүндөтүү, калктын аярлуу катмарына кам көрүү жана бул багыттагы эл аралык тажрыйба талкууланды. Анда министрликтин Кыргызстанда Активдүү узак жашоо борборун түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле жаштарды жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарын жумуш менен камсыз кылуу, кесиптик окутуу жана адамдык капиталды өнүктүрүү боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрү каралды. Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты бекемдөөгө жана айтылган багыттар боюнча практикалык иштерди улантууга кызыкдар экенин билдиришти.Кыргызстанда аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, жабыркагандарды коргоо жана алардын укуктарын камсыз кылуу боюнча БУУнун "Spotlight демилгеси 2.0" программасы ишке ашырылат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, программанын бет ачары министр Алмаз Имангазиевдин БУУнун агенттиктеринин өкүлдөрү менен жолугушуусунда тааныштырылды. Долбоор 2026-2030-жылдары Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында ишке ашырылат. Анын алкагында зомбулуктун алдын алуу, мыйзамдарды жана тиешелүү мекемелердин ишин өркүндөтүү, жабыркагандарга медициналык, психологиялык, социалдык жана юридикалык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу каралган. Программада айыл жергесинде жашаган, майыптыгы бар аялдар менен кыздарга жана зомбулуктан жабыркагандарга өзгөчө көңүл бурулат.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 34 тыйынгаюань 13 сом 11 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы6-ноябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү өлкөдө күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында +19...+24, Талас менен Баткенде +18...+23, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +10...+15 градус жылуу болот. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте+21...+23, Ошто +20...+22 градуска жетет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104741523_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5c6164451427b5852bf438e1dd79f78a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио