https://sputnik.kg/20261105/1104725510.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T08:59+0600
2026-11-05T08:59+0600
2026-11-05T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104725344_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_555d64b24e33f0c7eed909b208420c01.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форумунун ачылышында сүйлөп жатып айтты. Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан СПЕКАга төрагалык кылууну аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү катары карайт. Өкмөт башчы өлкө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, мамлекеттин экономикалык өсүшү жана эл аралык рейтингдеринин жогорулашы тууралуу да сөз кылды. Форумга БУУнун башкы катчысынын орун басары Татьяна Молчан да катышууда. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугуп, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Иш-чаранын максаты — Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу.
Кыргызстанда пайдубалы түптөлө элек үйлөрдү сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Жаңы талапка ылайык, куруучу компаниялар эми имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы иштер толук бүтмөйүнчө турак жана турак эмес жайларды сата да, жарнамалай да албайт. Ошондой эле жарандар менен юридикалык жактардан алдын ала акча алып, үлүштүк катышууга чакырууга тыюу салынат. Мындай чечим элдин каражатын жана укугун коргоого, курулушу толук баштала элек объектилерге акча салуудан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган. Министрлик бул талаптарды бузгандарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан маданий борбордун жана чыгыш айланма жолунун курулушун көрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мурдагы кинотеатрдын ордуна курулуп жаткан үч кабаттуу маданий борбордун жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Анда алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана башка жайлар болот. Ошондой эле эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай курулат. Учурда имараттын ичин жасалгалоо, айланасын көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.Мындан тышкары, Касымалиев чыгыш айланма жолунун курулушу менен таанышты. Долбоор боюнча, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот. Мындан тышкары, көпүрө, жол түйүндөрүн жана башка инженердик курулмаларды салуу да каралган.Сапардын соңунда өкмөт башчы жооптуу органдарга жана курулуш компанияларына иштерди сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн атайын программасынын (СПЕКА) экономикалык форумунун ачылышында сүйлөп жатып айтты. Касымалиев белгилегендей, Кыргызстан СПЕКАга төрагалык кылууну аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу мүмкүнчүлүгү катары карайт. Өкмөт башчы өлкө эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, мамлекеттин экономикалык өсүшү жана эл аралык рейтингдеринин жогорулашы тууралуу да сөз кылды. Форумга БУУнун башкы катчысынын орун басары Татьяна Молчан да катышууда. Ал Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугуп, тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулашты. Иш-чаранын максаты — Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу.Кыргызстанда пайдубалы түптөлө элек үйлөрдү сатууга жана жарнамалоого тыюу салынды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди. Жаңы талапка ылайык, куруучу компаниялар эми имараттын пайдубалы түптөлүп, жер алдындагы иштер толук бүтмөйүнчө турак жана турак эмес жайларды сата да, жарнамалай да албайт. Ошондой эле жарандар менен юридикалык жактардан алдын ала акча алып, үлүштүк катышууга чакырууга тыюу салынат. Мындай чечим элдин каражатын жана укугун коргоого, курулушу толук баштала элек объектилерге акча салуудан келип чыгуучу тобокелдиктерди азайтууга багытталган. Министрлик бул талаптарды бузгандарга карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги мурдагы "Чатыр-Көл" кинотеатрынын ордуна салынып жаткан маданий борбордун жана чыгыш айланма жолунун курулушун көрдү. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мурдагы кинотеатрдын ордуна курулуп жаткан үч кабаттуу маданий борбордун жалпы аянты 7 490 чарчы метрди түзөт. Анда алты кинозал, 400 орундуу концерттик зал, музыкалык жана театралдык класстар, жыйындар залы, фуд-корт жана башка жайлар болот. Ошондой эле эки деңгээлдүү жер астындагы унаа токтотуучу жай курулат. Учурда имараттын ичин жасалгалоо, айланасын көрктөндүрүү жана унаа токтотуучу жайды куруу иштери жүрүп жатат. Долбоорду ушул жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.Мындан тышкары, Касымалиев чыгыш айланма жолунун курулушу менен таанышты. Долбоор боюнча, жолдун узундугу 16,2 чакырымды түзүп, төрт тилкелүү болот. Мындан тышкары, көпүрө, жол түйүндөрүн жана башка инженердик курулмаларды салуу да каралган.Сапардын соңунда өкмөт башчы жооптуу органдарга жана курулуш компанияларына иштерди сапаттуу аткарып, белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104725344_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9fff2223315ae9ccee6ce74baa0f2b57.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио