https://sputnik.kg/20261105/1104734929.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жеңишбек Токторбаев мэр болуп тургандагы Оштун бюджетине жасалган аудиттин материалдары прокуратурага жөнөтүлүүдө. Эсептөө палатасы Оштун 2025-жылдагы бюджетин... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T15:00+0600
2026-11-05T15:00+0600
2026-11-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104734763_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9f19ae9a6123f9644f48b98c6e743bd9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Жеңишбек Токторбаев мэр болуп тургандагы Оштун бюджетине жасалган аудиттин материалдары прокуратурага жөнөтүлүүдө. Эсептөө палатасы Оштун 2025-жылдагы бюджетин текшерген. Бюджеттин аткарылышы боюнча жыйынды баланс талаптагыдай түзүлүп, бекитилбегендиктен, аудиторлор мэриянын каржылык отчетунун толуктугу жана тактыгы боюнча корутунду бере алган эмес.Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, мурдагы мэрдин тапшырмасы менен тиешелүү документтери жок 3,6 млрд сомдук курулуш иштери башталган. Подрядчыларга 2,5 млрд сомдон ашык карыз топтолгон. Каржылоо булагы аныкталбаган бүтпөй калган курулуштардын жалпы наркы 3 млрд сомдон ашкан.Аудиторлор объектилерди шашылыш буздуруудан улам мамлекет 11,5 млрд сомдон ашык компенсация төлөшү керектигин белгилешкен. Шаар бюджетинин кирешеси 6,3 млрд сомго өскөн, бул өсүштүн дээрлик 95 пайызы республикалык бюджеттен камсыздалган.
Россияда чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн мажбурлап чыгарууга негиз боло турган укук бузуулардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге эскертти. Маалыматка ылайык, тиешелүү өзгөртүүлөр 2026-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүнө кирди. Эми депортацияга негиз боло турган укук бузуулардын саны мурдагыга салыштырмалуу эки эседен ашык көбөйдү.Алардын катарына майда бейбаштык, укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, митингдерди жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүү тартибин бузуу кирет.Мындан тышкары, Россиянын Куралдуу Күчтөрүн ачык жаманатты кылуу, интернетте адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматтарды таратуу, Россияга каршы санкция киргизүүгө чакыруу, басмырлоо, нацисттик жана экстремисттик символиканы үгүттөө, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү да өлкөдөн чыгарууга негиз болушу мүмкүн.Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн кыргызстандыктарды жаңы талаптар менен жакшылап таанышып, жергиликтүү мыйзамдарды так сактоого чакырды.
Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандын үйүнөн 777 метр синтетикалык тор табылдыТуристтик-экологиялык милиция Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылынан көл жээгинде мыйзамсыз балык уулап жүргөн жергиликтүү жаранды кармаган. 25 жаштагы О.А. аттуу тургундун жанынан 2 түрмөк синтетикалык тор жана балыктар табылган. Иш козголгондон кийин үйүн тинтүүгө алышканда 777 метр синтетикалык тор чыккан. Андан башка капкан, кайыктын калактары, октун гильзалары жана дарысы табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.
Караколдун "Барс" командасы экинчи жыл катары менен футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болдуЖогорку лиганын 29-турунда "Барс" Манас шаарынын "Мурас Юнайтед" командасын 2:0 эсебинде жеңди.Ошентип, караколдук клуб сезон аяктаарына бир тур калганда эле 2026-жылдагы Кыргызстандын чемпиондук наамын камсыздады.Бул жеңиш "Барска" кийинки сезондо Азия футбол конфедерациясынын (AFC) Чакырык лигасынын тайпалык баскычында Кыргызстандын атынан катышууга жол ачат.
Жеңишбек Токторбаев мэр болуп тургандагы Оштун бюджетине жасалган аудиттин материалдары прокуратурага жөнөтүлүүдө. Эсептөө палатасы Оштун 2025-жылдагы бюджетин текшерген. Бюджеттин аткарылышы боюнча жыйынды баланс талаптагыдай түзүлүп, бекитилбегендиктен, аудиторлор мэриянын каржылык отчетунун толуктугу жана тактыгы боюнча корутунду бере алган эмес.Эсептөө палатасынын маалыматына караганда, мурдагы мэрдин тапшырмасы менен тиешелүү документтери жок 3,6 млрд сомдук курулуш иштери башталган. Подрядчыларга 2,5 млрд сомдон ашык карыз топтолгон. Каржылоо булагы аныкталбаган бүтпөй калган курулуштардын жалпы наркы 3 млрд сомдон ашкан.Аудиторлор объектилерди шашылыш буздуруудан улам мамлекет 11,5 млрд сомдон ашык компенсация төлөшү керектигин белгилешкен. Шаар бюджетинин кирешеси 6,3 млрд сомго өскөн, бул өсүштүн дээрлик 95 пайызы республикалык бюджеттен камсыздалган.Россияда чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн мажбурлап чыгарууга негиз боло турган укук бузуулардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги мекендештерге эскертти. Маалыматка ылайык, тиешелүү өзгөртүүлөр 2026-жылдын 3-ноябрынан тартып күчүнө кирди. Эми депортацияга негиз боло турган укук бузуулардын саны мурдагыга салыштырмалуу эки эседен ашык көбөйдү.Алардын катарына майда бейбаштык, укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, митингдерди жана башка коомдук иш-чараларды өткөрүү тартибин бузуу кирет.Мындан тышкары, Россиянын Куралдуу Күчтөрүн ачык жаманатты кылуу, интернетте адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматтарды таратуу, Россияга каршы санкция киргизүүгө чакыруу, басмырлоо, нацисттик жана экстремисттик символиканы үгүттөө, ошондой эле баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү да өлкөдөн чыгарууга негиз болушу мүмкүн.Ушуга байланыштуу Тышкы иштер министрлиги Россияда жүргөн кыргызстандыктарды жаңы талаптар менен жакшылап таанышып, жергиликтүү мыйзамдарды так сактоого чакырды.Ысык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандын үйүнөн 777 метр синтетикалык тор табылдыТуристтик-экологиялык милиция Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылынан көл жээгинде мыйзамсыз балык уулап жүргөн жергиликтүү жаранды кармаган. 25 жаштагы О.А. аттуу тургундун жанынан 2 түрмөк синтетикалык тор жана балыктар табылган. Иш козголгондон кийин үйүн тинтүүгө алышканда 777 метр синтетикалык тор чыккан. Андан башка капкан, кайыктын калактары, октун гильзалары жана дарысы табылган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүүдө.Караколдун "Барс" командасы экинчи жыл катары менен футбол боюнча Кыргызстандын чемпиону болдуЖогорку лиганын 29-турунда "Барс" Манас шаарынын "Мурас Юнайтед" командасын 2:0 эсебинде жеңди.Ошентип, караколдук клуб сезон аяктаарына бир тур калганда эле 2026-жылдагы Кыргызстандын чемпиондук наамын камсыздады.Бул жеңиш "Барска" кийинки сезондо Азия футбол конфедерациясынын (AFC) Чакырык лигасынын тайпалык баскычында Кыргызстандын атынан катышууга жол ачат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104734763_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_4671dd85afe834ded869b7cb7c6ad623.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио