00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
5 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
6 мин
Будь в курсе
Кадры, сервис и уникальность — над чем стоит работать сектору HoReCa Кыргызстана?
20:06
45 мин
Ачык кеп
Исаков: адамдар арасында кездешкен оорулардын 60 пайызы ветеринария тармагына байланыштуу
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдө дары-дармектерди каттоодо алардын курамындагы активдүү заттын аталышын көрсөтүү милдеттүү болот. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) билдирди. Маалыматка ылайык, каттоого берилүүчү арыздын формасына өзгөртүү киргизилди. Эми анда дарынын активдүү затынын эл аралык патенттелбеген аталышы же жалпы кабыл алынган, топтоштурулган же химиялык аталышы көрсөтүлүшү керек. Мындан сыртккары, ЕАЭБ өлкөлөрүндө май жана гель түрүндөгү дарылардын адамдын терисине сиңишин текшерүүдө донордук теринин ордуна жасалма мембрана колдонууга уруксат берилди. Өзгөртүүгө ылайык, эми дарылардын биоэквиваленттүүлүгүн текшерүүдө адамдын терисине окшош жасалма мембрананы колдонууга болот.
Бишкекте КР баатыры, эл сүрөтчүсү, академик Тургунбай Садыковдун 90 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында уюштурулуп, ага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, министрлер кабинетинин өкүлдөрү, депутаттар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, маданият кызматкерлери жана чыгармачыл интеллигенция катышты. Салтанатта сүрөтчүнүн өмүр жолу, чыгармачылыгы жана кыргыз искусствосуна кошкон салымы тууралуу видеотасма көрсөтүлдү. Катышуучулар анын улуттук скульптура искусствосундагы ордун белгилеп, мааракеси менен куттукташты.Белгилей кетсек, Тургунбай Садыков Социалисттик эмгектин баатыры, КР баатыры, СССРдин жана Кыргызстандын эл сүрөтчүсү, Ленин жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, академик.
Бишкек мэриясы көчөлөрдүн аталыштары жапырт өзгөртүлгөндөн кийин жаңы даректерди билүүгө боло турган порталды ишке киргизди. Шаар тургундары көчөлөрдүн өзгөртүлгөн аталыштарын жана үйлөрдүн жаңы даректерин эми интернет аркылуу текшере алышат. Ал үчүн e-meria.kg сайтына кирип, "Даректи текшерүү" бөлүмүн ачуу керек. Издөө бөлүмүнө көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин жазса система жаңы даректи көрсөтөт. Белгилей кетсек, борбор калаадагы жыйырмага чукул көчөнүн аты өзгөртүлүп, бириктирилген.
Киевге жакын жерде табылган кыйноо жайлары — Украинадагы чоң трагедиянын кичинекей гана бөлүгү. Бул тууралуу Россия ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Буга чейин Киевде мобилизациядан качкандар үчүн түзүлгөн "Азовдун"* бейрасмий түрмөсү жайгашкан имарат аныкталып, анын алдына адамдар чогулушкан. Анын подвалында 40ка жакын адам кармалып турганын жергиликтүү ЖМКлар жазышкан.Туткундагылардын арасынан нес абалдагы 14 жаштагы өспүрүм чыгарылган болчу. Украинадан чыгып кеткен Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук мындагы адамдар дайынсыз жоголгондор катары эсептелерин, аларды сабап, кыйнашарын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0