https://sputnik.kg/20261105/1104735198.html
Кыргызстанда 17 кризистик борбор бар: аларды колдоого 28,6 млн сом бөлүнөт

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда учурда 17 кризистик борбор иштейт. Алардын үчөө — Бишкек, Нарын жана Ош шаарларындагы мамлекеттик муниципалдык жайлар. Бул тууралуу "Ачык кеп"... 05.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-05T15:04+0600
2026-11-05T15:04+0600
2026-11-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104735028_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_876be4d4d94a6aa00d58bc4078a61180.jpg
Кыргызстанда 17 кризистик борбор бар: аларды колдоого 28,6 млн сом бөлүнөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда учурда 17 кризистик борбор иштейт. Алардын үчөө — Бишкек, Нарын жана Ош шаарларындагы мамлекеттик муниципалдык жайлар. Бул тууралуу "Ачык кеп" уктуруусунда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Жазгүл Эгемназарова билдирди.Анын айтымында, борборлордун айрымдары зомбулуктан жабыркаган аялдарга жана балдарга баш калкалоочу жай сунуштаса, башкалары күндүзгү режимде укуктук жана психологиялык жардам көрсөтөт.“Республикалык бюджеттен коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга жалпы 115 миллион сом бөлүнгөн. Анын ичинен кризистик борборлорду колдоого 28 миллион 600 миң сом каралган. Бул каражат имараттарды ижарага алууга, коомуналдык кызматтарына, кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жана борборлордун ишмердүүлүгүн камсыздоого жумшалат. Колдоо алуу үчүн кризистик борборлор атайын талаптарга жооп бериши керек. Министрлик актуалдуу темалар боюнча сынактарды жарыялап, кризистик борборлор ошол сынактардын алкагында өз долбоорлорун сунуштай алышат. Долбоорлордун актуалдуулугуна жана муктаждыгына жараша, туруктуу иштеп жаткан жана жаңыдан ачылган борборлорго колдоо көрсөтүлөт. Бөлүнгөн каражат аялдардын ишкердигин жана кол өнөрчүлүгүн өнүктүрүүгө, ошондой эле күнү-түнү психологиялык жардам көрсөткөн ыкчам байланыш линияларында иштеген психологдордун эмгек акысын төлөөгө багытталат. Белгилүү болгондой, кризистик борборлор буга чейин өнөктөштөрдүн, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен иштеп келишкен. Бирок акыркы убакта мындай жардамдын азайышына байланыштуу айрым борборлор жабылуу коркунучуна туш болду. Мындай жайлардын туруктуу иштешин камсыз кылуу максатында министрлик “Коопсуз үй” долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат. Анын алкагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Финансы министрлигинен каражат бөлдүртүп, атайын жайларды ачуу аркылуу зомбулуктан жабыркаган жана оор турмуштук кырдаалга туш болгон аялуу катмардагы адамдарга жардам көрсөтүшөт”, — деди Эгемназарова.Ал 2026-жылдын тогуз айында үй-бүлөлүк зомбулуктун 18 миңден ашык учуру катталганын, жабырлануучулардын 91 пайызы аялдар экенин кошумчалады.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/05/1104735028_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6d8a7201e3f2655677138b75867565d8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстанда 17 кризистик борбор бар: аларды колдоого 28,6 млн сом бөлүнөт
15:04 05.11.2026 (Жаңыртылды: 15:16 05.11.2026) Коноктор
Жазгүл Эгемназарова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин гендердик саясат жана үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы