Бишкек — Ош жолундагы автотыгын жаралып, эл зарыгып күтүп жатат

© Фото / Sam BaratalievАвтомобильный затор на автодороге Ош — Бишкек возле шлагбаума у Токтогульского водохранилища.
Автомобильный затор на автодороге Ош — Бишкек возле шлагбаума у Токтогульского водохранилища. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек — Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциясы аталган жолдо эки тараптуу каттам ачылганын билдирди.

БИШКЕК, 8-июль. Sputnik. Бишкек – Ош унаа жолунун 421-чакырымында созулган автотыгын болуп, эл өтө албай турат деп жазды социалдык тармактын колдонуучусу Сэм Бараталиев аттуу жаран.

Ал эми Бишкек — Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетектөөчү адиси Нурбек Кулуев 7-июлдун түнү ири жер көчкү түшүп, анын бир бөлүгү тазалангандан кийин эки тараптуу каттам ачылгандыгын билдирди.

​Жолдо турган күбөлөрдүн айтымында, автотыгын Токтогул суу сактагычынын жанындагы шлагбаумда пайда болгон. 

"Шлагбаум ушунчалык жай иштеп жаткандыктан, каттап жаткан автоунаалар каршы тилкеге чыга калып, жолду тосуп калышты", — деп жазган ал.

Бишкек — Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекция учурда түшкөн массанын 8 миң куб метри тазаланганын жана жол ишканалары дагы деле ал жерде иштеп жатканын билдирди.

"Бишкек – Ош унаа жолунун 421-чакырымына 7-июлда бийиктиги 4,5 метр, узундугу 50 метр, туурасы 20 метр болгон ылай аралашкан калдык урап түшкөн. Бир аз убакыттан кийин жеңил унаалар үчүн жол ачылган. Ал эми анын 8 миң куб метри жолдон тазалангандан кийин кечээ кечки саат бештерден тарта оор жүк ташуучу машиналар жүрө баштады. Учурда жол эки тарапка тең ачык", — деп билдирди Кулуев.

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолу кайрадан тосулуп калды
Ал эми ӨКМдин маалымат кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекилов алгач жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жол алгач жеңил автоунааларга ачылгандыгын айтты. 

"Жеңил автоунаалар ооруп калгандар, шашылыш иши барлар жана жаш балалуулар жолдо кармалып калбасын деген максатта өткөрүлүп жатат", — деди Бекилов.

Кулуев аталган жерде Кара-Көл шаарынын №30 жана ага кошумча №28 жол тейлөө ишканаларынын жумушчулары техника менен иштеп жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0