https://sputnik.kg/20261102/1104668999.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Талас районунда кубаттуулугу 24 мегаватт болгон "Жерүй" ГЭСтер каскадынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T17:00+0600
2026-11-02T17:00+0600
2026-11-02T17:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104668833_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3a3dc585338f145cddf36f6bb781fa26.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Талас районунда кубаттуулугу 24 мегаватт болгон "Жерүй" ГЭСтер каскадынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, мындан тышкары, «Калба» ГЭСинин долбоору да каралууда. "Жерүй" ГЭСтер каскады менен бирге аталган долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 31,6 мегаваттты түзөт. Аларды 2028-жылга чейин ишке киргизүү пландалууда. Ошондой эле Бакай-Ата районундагы "Үрмарал" чакан ГЭСин жакынкы убакта ишке киргизүү күтүлүүдө. Ал эми "Бала-Саруу" ГЭСи учурда иштеп, аймакты электр энергиясы менен камсыздоого салым кошуп келет. Президенттин айтымында, бул энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы аймакты электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртып, жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга да өбөлгө түзөт.
Кыргызстан ЕАЭБ рыногуна өзгөчө продукцияларды сунушташы керек. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Бишкек каржы-экономикалык техникумунун директору, экономист Гурас Жапаров билдирди. "Өндүрүш көлөмү, мисалы, эт жана буудай боюнча Россия же Казакстанга салыштырмалуу бизде аз. Андыктан биз өндүрүштү көбөйтүшүбүз керек же өзгөчө, уникалдуу продукцияларга басым жасашыбыз зарыл", — деди Жапаров. Ал учурда товар жөнөтүлүп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт көлөмүн дагы арттыруу маанилүү экенин кошумчалады.
Казакстанда 2027-жылдан тартып беш жылдан эски унааларды алып кирүүгө тыюу салынат Ошондой эле унаалардын экологиялык классы Евро-5тен төмөн болбошу керек. Бул тууралуу @sputnikKZ өлкөнүн Транспорт министрлигине таянып кабарлады. Жаңы эрежелер жеке колдонуу үчүн ташылган автоунааларга, мотоциклдерге жана чиркегичтерге тиешелүү. Атайын техникага жана коммерциялык транспортко, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалар менен автобустарга жайылтылбайт.
Флориданын Палм-Бич округунда бизнес-джет кыйрап, бортундагы тогуз адамдын баары каза болду. Бул тууралуу АКШнын транспорт министри Шон Даффи билдирди. Окуя президент Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясынан болжол менен 14 чакырым алыстыкта болгон. "Чыгыш убактысы боюнча саат 12:50дө (Бишкек убактысы боюнча 23:50дө) Learjet 60 үлгүсүндөгү учак кыйроого учурады. Борттогу тогуз адамдын баары набыт болду", — деп жазды Даффи Х социалдык тармагындагы баракчасына. Анын айтымында, учак Техас штатындагы Остин шаарынан чыгып, Багам аралдарын көздөй багыт алган. Учкучтар "Mayday" кырсык сигналын берип үлгүрүшкөн. Окуянын күбөлөрү жана Флориданын губернатору Рон Десантис учак "ракета сыңары" ылдый кулап, көчөгө дээрлик тик багытта кулаганын, натыйжада күчтүү жарылуу жана өрт чыкканын кабарлашты. Интернетте аял учкучтун диспетчерлер менен сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу жарыяланды. Ал учак жамгыр, тоңуу жана орточо турбуленттүүлүк аймагында баратканын билдирген, бирок көп өтпөй кырсык сигналын берип, бийиктикти өтө тездик менен жоготуп жатканын кабарлаган.
Талас районунда кубаттуулугу 24 мегаватт болгон "Жерүй" ГЭСтер каскадынын курулушу башталды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Талас шаарынын, Талас жана Бакай-Ата райондорунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, мындан тышкары, «Калба» ГЭСинин долбоору да каралууда. "Жерүй" ГЭСтер каскады менен бирге аталган долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 31,6 мегаваттты түзөт. Аларды 2028-жылга чейин ишке киргизүү пландалууда. Ошондой эле Бакай-Ата районундагы "Үрмарал" чакан ГЭСин жакынкы убакта ишке киргизүү күтүлүүдө. Ал эми "Бала-Саруу" ГЭСи учурда иштеп, аймакты электр энергиясы менен камсыздоого салым кошуп келет. Президенттин айтымында, бул энергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы аймакты электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртып, жаңы өндүрүш ишканаларын ачууга да өбөлгө түзөт.Кыргызстан ЕАЭБ рыногуна өзгөчө продукцияларды сунушташы керек. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде Бишкек каржы-экономикалык техникумунун директору, экономист Гурас Жапаров билдирди. "Өндүрүш көлөмү, мисалы, эт жана буудай боюнча Россия же Казакстанга салыштырмалуу бизде аз. Андыктан биз өндүрүштү көбөйтүшүбүз керек же өзгөчө, уникалдуу продукцияларга басым жасашыбыз зарыл", — деди Жапаров. Ал учурда товар жөнөтүлүп жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт көлөмүн дагы арттыруу маанилүү экенин кошумчалады.Казакстанда 2027-жылдан тартып беш жылдан эски унааларды алып кирүүгө тыюу салынат Ошондой эле унаалардын экологиялык классы Евро-5тен төмөн болбошу керек. Бул тууралуу @sputnikKZ өлкөнүн Транспорт министрлигине таянып кабарлады. Жаңы эрежелер жеке колдонуу үчүн ташылган автоунааларга, мотоциклдерге жана чиркегичтерге тиешелүү. Атайын техникага жана коммерциялык транспортко, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалар менен автобустарга жайылтылбайт.Флориданын Палм-Бич округунда бизнес-джет кыйрап, бортундагы тогуз адамдын баары каза болду. Бул тууралуу АКШнын транспорт министри Шон Даффи билдирди. Окуя президент Дональд Трамптын Мар-а-Лаго резиденциясынан болжол менен 14 чакырым алыстыкта болгон. "Чыгыш убактысы боюнча саат 12:50дө (Бишкек убактысы боюнча 23:50дө) Learjet 60 үлгүсүндөгү учак кыйроого учурады. Борттогу тогуз адамдын баары набыт болду", — деп жазды Даффи Х социалдык тармагындагы баракчасына. Анын айтымында, учак Техас штатындагы Остин шаарынан чыгып, Багам аралдарын көздөй багыт алган. Учкучтар "Mayday" кырсык сигналын берип үлгүрүшкөн. Окуянын күбөлөрү жана Флориданын губернатору Рон Десантис учак "ракета сыңары" ылдый кулап, көчөгө дээрлик тик багытта кулаганын, натыйжада күчтүү жарылуу жана өрт чыкканын кабарлашты. Интернетте аял учкучтун диспетчерлер менен сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу жарыяланды. Ал учак жамгыр, тоңуу жана орточо турбуленттүүлүк аймагында баратканын билдирген, бирок көп өтпөй кырсык сигналын берип, бийиктикти өтө тездик менен жоготуп жатканын кабарлаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104668833_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_60cc69b20ad9dde1be79c7bc7a28d1fe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио