00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
On air
18:10
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Экономикалык панорама
Жалал-Абаддын ИДПсы 160 млрд. сомго жетти: 60 млрд сом — өнөр жайдын үлүшү
19:07
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмчек рагы менен 845 бейтап каттоодо: оору онкологиялык дарттардын арасында экинчи орунга түштү
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Каржы полициясынан мурдагы жетекчиси журналисттердин бирине берген маегинде өкмөт эч нерсе кылбай жатканын айтып, бийликти кескин сындап чыкты. Өлкө башчынын маалымат катчысы шайлоо өнөктүгү башталгандыктан, ар кандай пикирлер жана сындар болорун айтып, Жапыкеедин айткандарына жооп берди. Аскат Алагөзовдун пикиринде, талапкерлер өз позициясын айтканга укуктуу жана бул кадимки көрүнүш. “Алдыда шайлоочулар дагы көптөгөн пикирлерди, сындарды, ар кандай убадаларды, ушактарды угушат. Кимге ишенерин, кимди колдоорун эл өзү урнага барганда чечет. Кыргызстанда сөз эркиндиги бар. Болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбейт.”, — деди Алагөзов. Эске салсак, Жапыкеев алдыдагы президенттик шайлоого катышмакчы болуп, БШКга арыз тапшырган.
Кыргызстанда айрым категориядагы жарандардын пенсиясын жогорулатуу сунушталды.Социалдык фонд токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Ал кабыл алынса, пенсия 2027-жылдын 1-январынан тартып көбөйүшү мүмкүн. Төмөнкү категориядагы жарандардыкын көбөйтүү сунушталды: III топтогу майыптыгы бар адамдардын пенсиясы 5 миң сомго I топтогу майыптыгы бар адамдардыкы 9,5 миң сомго чейин жеткирилет “Баатыр эне” жана “Эне даңкы” ордендеринин ээлерине пенсиясына кошумча 5 миң сом берилет Чернобыль АЭСиндеги жана башка атомдук объектилердеги кырсыктарды жоюуга катышкандарга ай сайын 1 миң сом компенсация төлөнөт Ошондой эле мөөнөттүү аскер кызматындагы жоокерлер менен матростордун майыптыгы боюнча пенсиясынын минималдуу өлчөмүн 12 миң 300 сом кылуу сунушталууда.
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин командасы Москвада 26-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөн Эл аралык космос оюндарынан олжолуу кайтты. Биринчи жолу өтүп жаткан мелдешке Кыргызстан, Россия, Кытай, Индия, Казакстан, Мексика, Пакистан жана Өзбекстандан 250дөн ашуун студент катышкан. Иш-чара "Сколково" инновациялык борборунда өтүп, катышуучулар атайын жабдылган "Марс станцияларында" космостук миссиясын "аткарышты". Сынак Бауман атындагы Москва мамлекеттик техникалык университетинде жайгашкан Учууларды башкаруу борбору менен иштешкен автономдуу космостук экпедицияга жакындатылган шартта өттү. Кыргызстандык студенттер кытайлык катышуучулар менен "Ангара" станциясында иштеп, энергия менен камсыздоо жана байланышка жооп беришкен. Марста жүрүүчү унааларды башкарып, илимий эксперименттерди жүргүзүштү.
АКШ Россия газын Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүүнү кайра жандантуу ниетинде. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Басылманын маалыматы боюнча, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер сентябрь айында Москвага жана Киевге жасаган сапарлары учурунда ушундай сунуш киргизишкен. Бул схема Россия газын Американы ортомчу кылып сатууга багытталган. Ал европалык санкцияларды айланып өтүүнү жана АКШнын инвесторлору үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүүнү шарттайт.Биржалык маалыматтарга таянсак, Евробиримдикте газ жыл башынан бери 3,6 эсе кымбаттап, дүйнөлүк базардагы эң кымбат товар болуп калды. Жума күнү анын баасы 2022-жылдын декабрынан бери биринчи жолу миң кубометри үчүн 1 200 доллардан ашты. Буга Жакынкы Чыгыштагы согуштар гана эмес, Евробиримдиктин орус газынан акырындап баш тартуу чечими да таасир этүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0