https://sputnik.kg/20261102/1104668434.html
Кыргызстанда эмчек рагы менен 845 бейтап каттоодо: оору онкологиялык дарттардын арасында экинчи орунга түштү

Sputnik Кыргызстан
Быйыл онкологиялык каттоодо турган бейтаптардын саны жети миңге жакындады. Алардын ичинен 845и эмчек рагына чалдыккандар. Биринчи орунга ашказан рагы чыгып... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T15:04+0600
2026-11-02T15:04+0600
2026-11-02T17:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104668264_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bb2e92ecda8efd2f4da34952d492370e.jpg
Кыргызстанда эмчек рагы менен 845 бейтап каттоодо: оору онкологиялык дарттардын арасында экинчи орунга түштү
Sputnik Кыргызстан
Быйыл онкологиялык каттоодо турган бейтаптардын саны жети миңге жакындады. Алардын ичинен 845и эмчек рагына чалдыккандар. Биринчи орунга ашказан рагы чыгып, эмчек рагы экинчи орунга түштү. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Улуттук онкология жана гематология борборунун башкы илимий кызматкери, онколог-маммолог, медицина илимдеринин доктору, профессор Кыял Макиева билдирди.
Анын айтымында, Европада ар бир сегизинчи аял эмчек рагына кабылса, дүйнөдө ар бир жарым саат сайын бир аял эмчек рагына чалдыкканын билет.
“Мурда эмчек рагынын 3–4-стадиялары басымдуулук кылса, азыр бейтаптардын 70 пайызына оорунун 1–2-стадияларында диагноз коюлууда. Ал эми 4-стадиядагы бейтаптар жалпы ооругандардын 23 пайызын түзөт. Азыр оорунун саны гана көбөйбөстөн, бейтаптардын жаш курагы да жашарууда. Эмчек рагы 14–15 жана 18 жаштагы кыздарда да кездешүүдө. Ошондуктан оорунун тобокелдик факторлору эки топко бөлүнөт: адам өзү өзгөртө албаган жана көзөмөлдөй алган факторлор. Биринчи топко жыныс, жаш курак, тукум куучулук, BRCA1 жана BRCA2 гендериндеги мутациялар, гормоналдык факторлор – этек кирдин эрте же кеч башталышы жана эмчек ткандарынын тыгыздыгы кирет. Экинчи топко тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, кыймыл-аракеттин аздыгы (гиподинамия) жана гормоналдык препараттарды колдонуу кирет. Андыктан алдын алууда ушул адаттардан арылуу туура ”, — деди Макиева.
Онколог учурда гендердеги мутациялар изилденип жатканын белгиледи. Изилдөөнүн жыйынтыгы аркылуу эмчек рагынын канча учурлары тукум куучулук факторлорго байланыштуу экенин аныктоого болот. Мындан тышкары, генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жараша дарылоо схемасы да өзгөрүшү мүмкүн.
Ал эми Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог-маммологу жана хирургу Алмаз Абдылдабеков өлкөдө чоң шаарларда эле маммография бар экенин айтты.
“Ракты эрте аныктоо абдан маанилүү. Оору канчалык эрте аныкталса, толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Алтын стандартка ылайык, 40 жаштан өткөн аялдар жылына бир жолу маммографиядан өтүшү зарыл. Азыркы учурда скрининг өтө маанилүү. Ага маммография, УЗИ жана башка изилдөөлөр кирет. Учурда Бишкек жана Ош шаарларында маммографиядан өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эгер өлкөдөгү ар бир Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) маммографиялык аппараттар болсо, эмчек рагын эрте аныктоо иштерин жолго коюуга чоң өбөлгө түзүлмөк”, — деди Абдылдабеков.
Адистер онкологияга рактын кайсы органдарга жана ткандарга метастаз бергенин эрте аныктоого жардам берген ПЭТ/КТ аппараты (позитрондук-эмиссиялык томографияны компьютердик томография менен айкалыштырган аппарат) керек болуп жатканын кошумчалашты. Бул ыкма ооруну так аныктоодо, дарылоо ыкмасын тандоодо жана оорунун прогнозун баалоодо маанилүү роль ойнойт.
Быйыл онкологиялык каттоодо турган бейтаптардын саны жети миңге жакындады. Алардын ичинен 845и эмчек рагына чалдыккандар. Биринчи орунга ашказан рагы чыгып, эмчек рагы экинчи орунга түштү. Бул тууралуу “Ачык кеп” уктуруусунда Улуттук онкология жана гематология борборунун башкы илимий кызматкери, онколог-маммолог, медицина илимдеринин доктору, профессор Кыял Макиева билдирди.Анын айтымында, Европада ар бир сегизинчи аял эмчек рагына кабылса, дүйнөдө ар бир жарым саат сайын бир аял эмчек рагына чалдыкканын билет.“Мурда эмчек рагынын 3–4-стадиялары басымдуулук кылса, азыр бейтаптардын 70 пайызына оорунун 1–2-стадияларында диагноз коюлууда. Ал эми 4-стадиядагы бейтаптар жалпы ооругандардын 23 пайызын түзөт. Азыр оорунун саны гана көбөйбөстөн, бейтаптардын жаш курагы да жашарууда. Эмчек рагы 14–15 жана 18 жаштагы кыздарда да кездешүүдө. Ошондуктан оорунун тобокелдик факторлору эки топко бөлүнөт: адам өзү өзгөртө албаган жана көзөмөлдөй алган факторлор. Биринчи топко жыныс, жаш курак, тукум куучулук, BRCA1 жана BRCA2 гендериндеги мутациялар, гормоналдык факторлор – этек кирдин эрте же кеч башталышы жана эмчек ткандарынын тыгыздыгы кирет. Экинчи топко тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерди ичүү, кыймыл-аракеттин аздыгы (гиподинамия) жана гормоналдык препараттарды колдонуу кирет. Андыктан алдын алууда ушул адаттардан арылуу туура ”, — деди Макиева.Онколог учурда гендердеги мутациялар изилденип жатканын белгиледи. Изилдөөнүн жыйынтыгы аркылуу эмчек рагынын канча учурлары тукум куучулук факторлорго байланыштуу экенин аныктоого болот. Мындан тышкары, генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгына жараша дарылоо схемасы да өзгөрүшү мүмкүн.Ал эми Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог-маммологу жана хирургу Алмаз Абдылдабеков өлкөдө чоң шаарларда эле маммография бар экенин айтты.“Ракты эрте аныктоо абдан маанилүү. Оору канчалык эрте аныкталса, толук айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот. Алтын стандартка ылайык, 40 жаштан өткөн аялдар жылына бир жолу маммографиядан өтүшү зарыл. Азыркы учурда скрининг өтө маанилүү. Ага маммография, УЗИ жана башка изилдөөлөр кирет. Учурда Бишкек жана Ош шаарларында маммографиядан өтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Эгер өлкөдөгү ар бир Үй-бүлөлүк медицина борборунда (ҮМБ) маммографиялык аппараттар болсо, эмчек рагын эрте аныктоо иштерин жолго коюуга чоң өбөлгө түзүлмөк”, — деди Абдылдабеков.Адистер онкологияга рактын кайсы органдарга жана ткандарга метастаз бергенин эрте аныктоого жардам берген ПЭТ/КТ аппараты (позитрондук-эмиссиялык томографияны компьютердик томография менен айкалыштырган аппарат) керек болуп жатканын кошумчалашты. Бул ыкма ооруну так аныктоодо, дарылоо ыкмасын тандоодо жана оорунун прогнозун баалоодо маанилүү роль ойнойт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104668264_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_cde4f134df015b5c75c8d7dfaf9f12b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстанда эмчек рагы менен 845 бейтап каттоодо: оору онкологиялык дарттардын арасында экинчи орунга түштү
15:04 02.11.2026 (Жаңыртылды: 17:26 02.11.2026) Коноктор
Кыял Макиева, Улуттук онкология жана гематология борборунун башкы илимий кызматкери, онколог-маммолог, медицина илимдеринин доктору, профессорАлмаз Абдылдабеков, Улуттук онкология жана гематология борборунун онколог-маммологу жана хирургу