https://sputnik.kg/20261102/1104667361.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ачылып, өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Маалыматка... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T08:59+0600
2026-11-02T08:59+0600
2026-11-02T17:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104667194_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_31d29424b525a29b20b4f679c3a56fa5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ачылып, өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров милициянын 102 жылдыгына карата Бишкек ШИИББдин кайгуул-посттук кызмат полкунун жаңы имаратынын ачылышына катышкан. Ошондой эле өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилип, милиция кызматкерлерине 102 жаңы унаа жана атайын техника тапшырылган. Үч кабаттуу жаңы имаратта кызматкерлер үчүн кызматтык бөлмөлөр, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казарма жана эс алуу бөлмөлөрү жайгашкан. Ошондой эле “Санарип кайгуул” борбору иштейт. Имараттын аймагында футбол аянтчасы, унаа токтотуучу жай жана ок атуучу тир жайгашкан. Мындан тышкары, онлайн ачылган 42 объектинин катарында райондук жана шаардык милиция бөлүмдөрү, бала бакча жана башка мекемелер бар.
Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана малды тоют менен камсыздоону жакшыртуу боюнча программа даярдалды. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө 10 миллион гектарга жакын жайыт бар. Анын ичинен жакынкы жайыттардын 184 миң гектары деградацияга учураган. 2023-2025-жылдары 34 миң гектардан ашык аянтка чөп айдалган. Быйыл бул иштерди улантуу үчүн 186 тонна үрөн сатып алынган. Жаңы программада жайыттарга чөп айдоо, отоо чөптү жок кылуу жана жерди кезектешип пайдалануу каралган. Ошондой эле малды бир эле жайытка топтобой, алыскы жайыттарга бөлүштүрүү пландалууда. Мындан тышкары, алыскы жайыттарга баруучу 7 миң чакырымдан ашык жолду жана 553 көпүрөнү оңдоо, мал сугаруучу 406 жай уюштуруу зарылдыгы аныкталган. Ошондой эле сүт чогултуу үчүн 170 атайын танкер орнотуу мерчемделүүдө.
Бишкекте 8-ноябрда велосезондун жабылышына арналган веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, веложарыштын катышуучулары саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынан старт алып, 5,4 чакырым аралыкты басып өтүшөт жана "Газпром — балдарга" ден соолукту чыңдоо комплексине чейин барышат. Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин "Жеңиш" сейил багында жүргүзүлөт. Веложүрүшкө каалоочулардын баары катыша алат. Ошондой эле саат 09:45тен 10:30га чейин Аалы Токомбаев проспектинин түндүк тарабында (батышты көздөй) автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Мэрия айдоочулардан киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен каттамдарын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.
Германиянын 34 шаарында жаштардын нааразычылык акциялары өттү Ага катышуу үчүн 180 миңден ашык адам каттоодон өткөн. Митингчилер бийликтен билим берүү тармагын реформалоону, кымбатчылыкка каршы күрөшүүнү жана өлкөдө милдеттүү аскердик кызматты кайра киргизүүдөн баш тартууну талап кылып жатышат.
Бишкекте Кайгуул-күзөт полкунун жаңы имараты ачылып, өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров милициянын 102 жылдыгына карата Бишкек ШИИББдин кайгуул-посттук кызмат полкунун жаңы имаратынын ачылышына катышкан. Ошондой эле өлкө боюнча ИИМдин 42 объектиси пайдаланууга берилип, милиция кызматкерлерине 102 жаңы унаа жана атайын техника тапшырылган. Үч кабаттуу жаңы имаратта кызматкерлер үчүн кызматтык бөлмөлөр, нөөмөт бөлүмү, ашкана, казарма жана эс алуу бөлмөлөрү жайгашкан. Ошондой эле “Санарип кайгуул” борбору иштейт. Имараттын аймагында футбол аянтчасы, унаа токтотуучу жай жана ок атуучу тир жайгашкан. Мындан тышкары, онлайн ачылган 42 объектинин катарында райондук жана шаардык милиция бөлүмдөрү, бала бакча жана башка мекемелер бар. Кыргызстанда жайыттарды калыбына келтирүү жана малды тоют менен камсыздоону жакшыртуу боюнча программа даярдалды. Ал президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө 10 миллион гектарга жакын жайыт бар. Анын ичинен жакынкы жайыттардын 184 миң гектары деградацияга учураган. 2023-2025-жылдары 34 миң гектардан ашык аянтка чөп айдалган. Быйыл бул иштерди улантуу үчүн 186 тонна үрөн сатып алынган. Жаңы программада жайыттарга чөп айдоо, отоо чөптү жок кылуу жана жерди кезектешип пайдалануу каралган. Ошондой эле малды бир эле жайытка топтобой, алыскы жайыттарга бөлүштүрүү пландалууда. Мындан тышкары, алыскы жайыттарга баруучу 7 миң чакырымдан ашык жолду жана 553 көпүрөнү оңдоо, мал сугаруучу 406 жай уюштуруу зарылдыгы аныкталган. Ошондой эле сүт чогултуу үчүн 170 атайын танкер орнотуу мерчемделүүдө.Бишкекте 8-ноябрда велосезондун жабылышына арналган веложүрүшкө байланыштуу айрым көчөлөрдө кыймыл чектелет. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, веложарыштын катышуучулары саат 10:00дө Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынан старт алып, 5,4 чакырым аралыкты басып өтүшөт жана "Газпром — балдарга" ден соолукту чыңдоо комплексине чейин барышат. Катышуучуларды каттоо саат 08:30дан 09:45ке чейин "Жеңиш" сейил багында жүргүзүлөт. Веложүрүшкө каалоочулардын баары катыша алат. Ошондой эле саат 09:45тен 10:30га чейин Аалы Токомбаев проспектинин түндүк тарабында (батышты көздөй) автоунаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Мэрия айдоочулардан киргизилген чектөөлөрдү эске алуу менен каттамдарын алдын ала пландаштырууну өтүнөт.Германиянын 34 шаарында жаштардын нааразычылык акциялары өттү Ага катышуу үчүн 180 миңден ашык адам каттоодон өткөн. Митингчилер бийликтен билим берүү тармагын реформалоону, кымбатчылыкка каршы күрөшүүнү жана өлкөдө милдеттүү аскердик кызматты кайра киргизүүдөн баш тартууну талап кылып жатышат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104667194_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_339d213a46fb297f7c30eaf8b3d32ebc.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио