https://sputnik.kg/20261102/1104672091.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров жер талаш маселелерин чечүү жана калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында ар бир облустук борборго мамлекеттик адвокат... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T19:00+0600
2026-11-02T19:00+0600
2026-11-02T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104671925_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_825bb710d09c904d2b9d23de4a865a5e.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров жер талаш маселелерин чечүү жана калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында ар бир облустук борборго мамлекеттик адвокат дайындоону тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Талас облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушууда Талас шаарынын тургуну 1982-жылы апасы сатып алган 8 сотых жер тилкесинин 3 сотыхы белгисиз жагдайда башка адамга сатылып кеткенин айтып, жардам сураган. Анын билдирүүсүнө караганда, маселе 10 жылдан бери чечилбей келет. Президент 20-30 жылдан бери чечилбей жаткан жер талаш маселелерин облустук деңгээлде тез арада карап чыгууну жергиликтүү бийликке, укук коргоо жана сот органдарына тапшырды. Ошондой эле жер тилкелерине документтерди мыйзамсыз берген жооптуу кызматкерлерди аныктап, аларды жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ар бир облустук борбордо жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү бирден мамлекеттик адвокат дайындоо сунушталды. Алардын эмгек акысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.
Президент Садыр Жапаров Талас шаарында беш миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы стадионду ачты. Арена мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго таандык “Азия” футбол клубунун стадиону болуп калды. Ачылыш аземинде спорт комплекси клубга расмий түрдө тапшырылды. “Стадион өз багыты боюнча колдонулушу керек. Арена жөн гана объект болуп калбастан, таланттуу спортчуларды тарбиялоочу жайга жана спортту өнүктүрүү борборуна айланышы кажет. Биз аймактарда борбордогудай эле шарттарды түзүп жатабыз. Таланттардын кайсы жерде жашаганы маанилүү эмес, аларга берилген шарттар жана мүмкүнчүлүктөр маанилүү”, — деди президент стадиондун ачылышында. Мамлекет башчы ошондой эле ишкерлердин бири футбол командасына микроавтобус белек кылганын билдирди.
Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар кышкы мезгилге токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди. Бул чечим Египетте чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелеринин өзгөрүшү менен байланыштуу. Акыркы рейс үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында аткарылат. Буга чейин авиабилет сатып алган жүргүнчүлөргө акча каражатын кайтарып алуу, сапардын мөөнөтүн жылдыруу же учуунун башка альтернативдүү жолдору тууралуу маалымат алуу үчүн тиешелүү авиакомпанияларга жана туроператорлорго кайрылуу сунушталат. Каттамдар качан кайра жанданары кийинчерээк кабарланат. Эске салсак, буга чейин ТИМ 1-ноябрдан тарта Египет Кыргызстандын жарандары үчүн өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин киргизгенин маалымдаган.
АКШ Россия газын Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүүнү кайра жандантуу ниетинде. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Басылманын маалыматы боюнча, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер сентябрь айында Москвага жана Киевге жасаган сапарлары учурунда ушундай сунуш киргизишкен. Бул схема Россия газын Американы ортомчу кылып сатууга багытталган. Ал европалык санкцияларды айланып өтүүнү жана АКШнын инвесторлору үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүүнү шарттайт. Биржалык маалыматтарга таянсак, Евробиримдикте газ жыл башынан бери 3,6 эсе кымбаттап, дүйнөлүк базардагы эң кымбат товар болуп калды. Жума күнү анын баасы 2022-жылдын декабрынан бери биринчи жолу миң кубометри үчүн 1 200 доллардан ашты. Буга Жакынкы Чыгыштагы согуштар гана эмес, Евробиримдиктин орус газынан акырындап баш тартуу чечими да таасир этүүдө.
Президент Садыр Жапаров жер талаш маселелерин чечүү жана калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү максатында ар бир облустук борборго мамлекеттик адвокат дайындоону тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын Талас облусунун тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. Жолугушууда Талас шаарынын тургуну 1982-жылы апасы сатып алган 8 сотых жер тилкесинин 3 сотыхы белгисиз жагдайда башка адамга сатылып кеткенин айтып, жардам сураган. Анын билдирүүсүнө караганда, маселе 10 жылдан бери чечилбей келет. Президент 20-30 жылдан бери чечилбей жаткан жер талаш маселелерин облустук деңгээлде тез арада карап чыгууну жергиликтүү бийликке, укук коргоо жана сот органдарына тапшырды. Ошондой эле жер тилкелерине документтерди мыйзамсыз берген жооптуу кызматкерлерди аныктап, аларды жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ар бир облустук борбордо жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүчү бирден мамлекеттик адвокат дайындоо сунушталды. Алардын эмгек акысы мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Президент Садыр Жапаров Талас шаарында беш миң көрүүчүгө ылайыкталган жаңы стадионду ачты. Арена мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановго таандык “Азия” футбол клубунун стадиону болуп калды. Ачылыш аземинде спорт комплекси клубга расмий түрдө тапшырылды. “Стадион өз багыты боюнча колдонулушу керек. Арена жөн гана объект болуп калбастан, таланттуу спортчуларды тарбиялоочу жайга жана спортту өнүктүрүү борборуна айланышы кажет. Биз аймактарда борбордогудай эле шарттарды түзүп жатабыз. Таланттардын кайсы жерде жашаганы маанилүү эмес, аларга берилген шарттар жана мүмкүнчүлүктөр маанилүү”, — деди президент стадиондун ачылышында. Мамлекет башчы ошондой эле ишкерлердин бири футбол командасына микроавтобус белек кылганын билдирди.Бишкек — Шарм-эль-Шейх багыты боюнча авиакаттамдар кышкы мезгилге токтотулду. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК билдирди. Бул чечим Египетте чет өлкөлүк жарандардын жүрүү эрежелеринин өзгөрүшү менен байланыштуу. Акыркы рейс үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында аткарылат. Буга чейин авиабилет сатып алган жүргүнчүлөргө акча каражатын кайтарып алуу, сапардын мөөнөтүн жылдыруу же учуунун башка альтернативдүү жолдору тууралуу маалымат алуу үчүн тиешелүү авиакомпанияларга жана туроператорлорго кайрылуу сунушталат. Каттамдар качан кайра жанданары кийинчерээк кабарланат. Эске салсак, буга чейин ТИМ 1-ноябрдан тарта Египет Кыргызстандын жарандары үчүн өлкөгө кирүүнүн жаңы эрежелерин киргизгенин маалымдаган.АКШ Россия газын Украинанын аймагы аркылуу Европага жеткирүүнү кайра жандантуу ниетинде. Бул тууралуу америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды. Басылманын маалыматы боюнча, АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф менен күйөө баласы Жаред Кушнер сентябрь айында Москвага жана Киевге жасаган сапарлары учурунда ушундай сунуш киргизишкен. Бул схема Россия газын Американы ортомчу кылып сатууга багытталган. Ал европалык санкцияларды айланып өтүүнү жана АКШнын инвесторлору үчүн жаңы мүмкүнчүлүк түзүүнү шарттайт. Биржалык маалыматтарга таянсак, Евробиримдикте газ жыл башынан бери 3,6 эсе кымбаттап, дүйнөлүк базардагы эң кымбат товар болуп калды. Жума күнү анын баасы 2022-жылдын декабрынан бери биринчи жолу миң кубометри үчүн 1 200 доллардан ашты. Буга Жакынкы Чыгыштагы согуштар гана эмес, Евробиримдиктин орус газынан акырындап баш тартуу чечими да таасир этүүдө.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104671925_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c4cc2a989c75ce3e1c8c62be507ab154.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио