https://sputnik.kg/20261102/1104664167.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда маданият тармагын өнүктүрүүгө жыл сайын 6–10 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T11:00+0600
2026-11-02T11:00+0600
2026-11-02T16:43+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104664001_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2f2984af2f3c43e12149aab4a9e20faa.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда маданият тармагын өнүктүрүүгө жыл сайын 6–10 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттар маданий мекемелердин ишин колдоого, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, ошондой эле тармакты өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталат. Касымалиев быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын да белгилеп, иш-чара кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга жана өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого салым кошконун айтты. Анын белгилешинче, дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган оюндардын алкагындагы этнографиялык жана маданий сынактар кыргыз элинин маданиятын жана жалпы көчмөндөр цивилизациясын дүйнөгө кеңири таанытууга мүмкүнчүлүк түздү.
Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралган жок. Агартуу министрлиги соцтармакка тараган билдирүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ведомствонун маалыматына караганда, учурда өлкөнүн билим берүү мекемелеринде пенсия курагындагы 15 миңге жакын мугалим эмгектенет. Алардын билими жана тажрыйбасы билим берүү системасы үчүн маанилүү ресурс болуп саналат. Ошол эле учурда министрлик жаш адистерди жумушка тартуу жана тажрыйбалуу мугалимдердин кесиптик дараметин сактоо ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо жолдорун карап жатат. Министрлик бул сунуштар азырынча талкуулоо баскычында экенин белгилеп, эч бир мугалим жаш курагына байланыштуу басмырланбашы керектигин айтты. Эскерте кетсек, пенсия курагындагы мугалимдердин жаш адистерге орун бошотушу керектиги тууралуу маселе буга чейин Садыр Жапаровдун Ала-Бука районундагы эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда жергиликтүү тургун президентке кайрылып, пенсиядагы мугалимдер жаштардын жумушка орношуусуна тоскоол болуп жатканын айткан. Буга жооп катары Садыр Жапаров Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү сунушун берген.
Милиция Баткенде 24 жаштагы келинди күйөөсү балталап өлтүргөн деген маалыматты төгүндөдү Облустук милиция тараткан алдын ала маалымат боюнча, кылмыш кызганычтан улам болгон. “Маркум менен анын 31 жаштагы күйөөсүнүн ортосунда жаңжал чыккан. Чыр учурунда күйөөсү аялын сабап, муунтуп өлтүргөн. Жубайлар 2020-жылы баш кошушкан. Ал учурда кыз 18 жашта болгон”, — деп билдиришти. Социалдык тармактарда маркумдун артында үч баласы калганы, төртүнчүсү боюнда болгону айтылууда.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоганга кайрылып, Владимир Путин менен жолугушуу уюштурууга көмөктөшүүсүн суранды. Бул тууралуу РИА Новости Зеленскийдин түрк ЖМКларына берген маегине шилтеме берип жазды. Анын айтымында, Эрдогандын Россия лидери менен байланышы болгондуктан Түркия эки тараптуу жолугушууга ыңгайлуу аянтча боло алат. Анкара бул өтүнүчтү кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү өз аянтчасында бардык деңгээлдерде өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты. Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Зеленский Путин менен жолуккусу келсе, Москвага келиши керектигин билдирген. Ал эми Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Зеленский ар кандай булактар аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип жатканын айткан. Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үч тараптуу форматта жандандырууга даяр экенин жарыялап, сүйлөшүүлөрдүн максаты Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо экенин баса белгилеген.
Кыргызстанда маданият тармагын өнүктүрүүгө жыл сайын 6–10 миллиард сомдун тегерегинде каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо учурунда билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражаттар маданий мекемелердин ишин колдоого, искусство чыгармаларын жаратууга жана жайылтууга, ошондой эле тармакты өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталат. Касымалиев быйыл Кыргызстанда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын да белгилеп, иш-чара кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытууга жана өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого салым кошконун айтты. Анын белгилешинче, дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнүн өкүлдөрүнүн көңүлүн бурган оюндардын алкагындагы этнографиялык жана маданий сынактар кыргыз элинин маданиятын жана жалпы көчмөндөр цивилизациясын дүйнөгө кеңири таанытууга мүмкүнчүлүк түздү. Кыргызстанда пенсия курагындагы мугалимдерди массалык түрдө жумуштан бошотуу маселеси каралган жок. Агартуу министрлиги соцтармакка тараган билдирүүлөргө байланыштуу түшүндүрмө берди. Ведомствонун маалыматына караганда, учурда өлкөнүн билим берүү мекемелеринде пенсия курагындагы 15 миңге жакын мугалим эмгектенет. Алардын билими жана тажрыйбасы билим берүү системасы үчүн маанилүү ресурс болуп саналат. Ошол эле учурда министрлик жаш адистерди жумушка тартуу жана тажрыйбалуу мугалимдердин кесиптик дараметин сактоо ортосундагы тең салмактуулукту камсыздоо жолдорун карап жатат. Министрлик бул сунуштар азырынча талкуулоо баскычында экенин белгилеп, эч бир мугалим жаш курагына байланыштуу басмырланбашы керектигин айтты. Эскерте кетсек, пенсия курагындагы мугалимдердин жаш адистерге орун бошотушу керектиги тууралуу маселе буга чейин Садыр Жапаровдун Ала-Бука районундагы эл менен жолугушуусунда көтөрүлгөн. Анда жергиликтүү тургун президентке кайрылып, пенсиядагы мугалимдер жаштардын жумушка орношуусуна тоскоол болуп жатканын айткан. Буга жооп катары Садыр Жапаров Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү сунушун берген.Милиция Баткенде 24 жаштагы келинди күйөөсү балталап өлтүргөн деген маалыматты төгүндөдү Облустук милиция тараткан алдын ала маалымат боюнча, кылмыш кызганычтан улам болгон. “Маркум менен анын 31 жаштагы күйөөсүнүн ортосунда жаңжал чыккан. Чыр учурунда күйөөсү аялын сабап, муунтуп өлтүргөн. Жубайлар 2020-жылы баш кошушкан. Ал учурда кыз 18 жашта болгон”, — деп билдиришти. Социалдык тармактарда маркумдун артында үч баласы калганы, төртүнчүсү боюнда болгону айтылууда.Украинанын президенти Владимир Зеленский Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоганга кайрылып, Владимир Путин менен жолугушуу уюштурууга көмөктөшүүсүн суранды. Бул тууралуу РИА Новости Зеленскийдин түрк ЖМКларына берген маегине шилтеме берип жазды. Анын айтымында, Эрдогандын Россия лидери менен байланышы болгондуктан Түркия эки тараптуу жолугушууга ыңгайлуу аянтча боло алат. Анкара бул өтүнүчтү кабыл алып, сүйлөшүүлөрдү өз аянтчасында бардык деңгээлдерде өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты. Буга чейин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Владимир Зеленский Путин менен жолуккусу келсе, Москвага келиши керектигин билдирген. Ал эми Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Зеленский ар кандай булактар аркылуу сүйлөшүүгө даяр экенин билдирип жатканын айткан. Владимир Путин Украинадагы абалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү үч тараптуу форматта жандандырууга даяр экенин жарыялап, сүйлөшүүлөрдүн максаты Россия менен Украинанын коопсуздук кепилдиктерин талкуулоо экенин баса белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104664001_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b18300477af7ce47c8f3c02f9289068a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио