https://sputnik.kg/20261102/1104667901.html
Кыргызстанда сейрек кездешүүчү 22 түрдөгү металл боюнча реестр түзүлөт
Кыргызстанда сейрек кездешүүчү 22 түрдөгү металл боюнча реестр түзүлөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда лицензиялана элек 22 түрдөгү сейрек кездешүүчү металлдын өзүнчө реестри түзүлөт. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Геология... 02.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-02T11:33+0600
2026-11-02T11:33+0600
2026-11-02T17:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104667731_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_35f5eadb6dafa42e33195fcf229941a0.jpg
Кыргызстанда сейрек кездешүүчү 22 түрдөгү металл боюнча реестр түзүлөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда лицензиялана элек 22 түрдөгү сейрек кездешүүчү металлдын өзүнчө реестри түзүлөт. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Геология кызматынын Кен казуу башкармалыгынын башчысы Аскат Сакимбаев билдирди.
Анын айтымында, учурда бул багытта геологиялык маалыматтарды тактоо, кен байлыктардын реестрин толуктоо жана өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү маселелери каралууда.
“Сейрек кездешүүчү металлдардын аталыштары, жайгашкан аймактары, кору жана алардын мамлекеттик баланска киргизилет. Ошондой эле кендер жана лицензиялар боюнча маалыматтардын ачыктыгы, бирдиктүү онлайн реестр түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоого жана казып алууга лицензия берүү тартиби, компанияларга коюлган талаптар, экологиялык таасирди баалоо жана жаратылышка келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу маселелери камтылды”, — деди Сакимбаев.
Ал кендерди иштетүүдө экологиялык талаптардын аткарылышы, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын коргоо, казып алуу иштери аяктагандан кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү жана 2030-жылга чейинки программанын күтүлгөн натыйжалары тууралуу кошумчалады.
Кыргызстанда лицензиялана элек 22 түрдөгү сейрек кездешүүчү металлдын өзүнчө реестри түзүлөт. Бул тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” уктуруусунда Геология кызматынын Кен казуу башкармалыгынын башчысы Аскат Сакимбаев билдирди.Анын айтымында, учурда бул багытта геологиялык маалыматтарды тактоо, кен байлыктардын реестрин толуктоо жана өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү маселелери каралууда.“Сейрек кездешүүчү металлдардын аталыштары, жайгашкан аймактары, кору жана алардын мамлекеттик баланска киргизилет. Ошондой эле кендер жана лицензиялар боюнча маалыматтардын ачыктыгы, бирдиктүү онлайн реестр түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Сейрек кездешүүчү металлдарды чалгындоого жана казып алууга лицензия берүү тартиби, компанияларга коюлган талаптар, экологиялык таасирди баалоо жана жаратылышка келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын алдын алуу маселелери камтылды”, — деди Сакимбаев.Ал кендерди иштетүүдө экологиялык талаптардын аткарылышы, жергиликтүү тургундардын кызыкчылыктарын коргоо, казып алуу иштери аяктагандан кийин бузулган жерлерди калыбына келтирүү жана 2030-жылга чейинки программанын күтүлгөн натыйжалары тууралуу кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0b/02/1104667731_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9eddf9906822b8aae70227c649802bc1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстанда сейрек кездешүүчү 22 түрдөгү металл боюнча реестр түзүлөт
11:33 02.11.2026 (Жаңыртылды: 17:26 02.11.2026) Коноктор
Аскат Сакимбаев, Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу геология кызматынын кен казуу башкармалыгынын башчысы