БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова кечээ КНРнын ар кыл провинцияларынан келген жаш журналистер менен жолукту деп билдирет Тышкы иштер министринин маалымат кызматы.
Пекин шаарындагы жолугушууда Кыргызстан тууралуу видео тасмалар көрсөтүлүп, маалыматтар берилди. Элчи жаш журналистерге кыргыз элинин маданият, үрп-адаты, салт-санаасы, андан тышкары, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтып берди. Жолугушууну кызыктуу суроо-жооптор коштоду.