Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу

© Фото / Нургазы МусаевПредприниматель Уланбек Ташиев
Предприниматель Уланбек Ташиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Уланбек Ташиев миллиондогон наркы бар айыл чарба долбоорлорун тейлеген багбанчылык ишканасын түптөгөн. Жаш ишкер өлкөдөгү айыл чарбасына кандай салым кошуп жатканы туурасында Sputnik Кыргызстандын материалынан окуңуздар.

Уланбектин катышуусундагы топ өткөн айда Чүй облусундагы айылдардын биринде уникалдуу алма көчөттөрүн отургузду. Мурда жөн жаткан он гектар талаа жемиш багына айланууда. Анан да, алынган түшүм толугу менен экспортко кетет. Популярдуулугу артып бараткан интенсивдүү бакча технологиясы туурасында бул багыттагы фирманын негиздөөчүсү Уланбек Ташиев менен маектештик. 

© Фото / Уланбек ТашиевУланбек Ташиев Ош облусундагы Төлөйкан айылында өскөн. анын катышуусундагы топ өткөн айда Чүй облусундагы айылдардын биринде уникалдуу алма көчөттөрүн отургузду. Мурда жөн жаткан он гектар талаа эми жемиш багына айланууда.
Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Уланбек Ташиев Ош облусундагы Төлөйкан айылында өскөн. анын катышуусундагы топ өткөн айда Чүй облусундагы айылдардын биринде уникалдуу алма көчөттөрүн отургузду. Мурда жөн жаткан он гектар талаа эми жемиш багына айланууда.

— Эмнеге багбанчылыкка ыктадыңыз?

— Ош облусундагы Төлөйкан айылында өскөм. Бала кезден эле айыл чарбасына кызыгуум бар. Университетте менеджерликти өздөштүргөндүктөн жеке ишимди ачууну ойлоно баштагам. Ал убакта үйлөрдү, ар кандай жайларды кооздой турган декоративдик өсүмдүктөрдү өстүргүм келчү. Бирок бир жолкусунда базардан айылдашымды кезиктирип калдым. Ал өзүнүн чакан чарбасындагы жүзүм көчөттөрүн сатчу. Чогуу иштешип, кардарларга көчөт отургузуу, бутактарын бутоо, зыянкечтерден коргоо жана дарылоо өңдүү кызматтарды кошумча сунуштай баштадык. Кийин жүзүм багын тейлөөгө гана эмес, алма, алча, шабдалы жана башка жемиш бактарынын көчөттөрүнө да талап бар экенин түшүндүк. Бара-бара команданы кеңейтип, сезондук иштер маалында агрардык факультеттердин студенттерин ишке тартабыз.

Тогуз гектардан 180 тоннага чейин карагат алабыз. Түптүк дыйкан менен маек

Былтыр Германияга барып, ал жактагы интенсивдүү бакча технологиясына аябай кызыгып калдым. Изилдеп, издештирип көрүп, быйыл Чүй облусундагы айылдардын бирине ошондой бакча тигүүгө катыштым. 

© Фото / Нургазы МусаевУланбек Ташиев: Былтыр Германияга барып, ал жактагы интенсивдүү бакча технологиясына аябай кызыгып калдым. Изилдеп, издештирип көрүп, быйыл Чүй облусундагы айылдардын бирине ошондой бакча тигүүгө катыштым.
Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Уланбек Ташиев: Былтыр Германияга барып, ал жактагы интенсивдүү бакча технологиясына аябай кызыгып калдым. Изилдеп, издештирип көрүп, быйыл Чүй облусундагы айылдардын бирине ошондой бакча тигүүгө катыштым.

— Кененирээк кеп салсаңыз.

— Кыргызстанда бул алгачкы эмес, бирок эң ири долбоор. Биздин команда жергиликтүү тургундар менен биргеликте 40 миң түп карлик алма багын отургуздук. Бул ишке ал айылдан тракторчу жана экскаваторчулар менен кошо 200 киши катышты. Алар түшүм жыйноо жана башка иштерге да тартылат.

Негизи үч түрдүү бакча болот. Биринчиси — "өзүң үчүн" өстүргөн бакча, адатта эч ким деле ага кам көрбөйт. Экинчиси — орточо көлөмдөгү аралаш тигилген бакча, бирок олуттуу каралбайт. Ал эми үчүнчүсү — интенсивдүү бакча. Аны өнөр жай өндүрүшү деп да эсептөөгө болот. Кара-Балтага жакын жерде көчөттөрдүн жыштыгы жана түшүмдүүлүгү менен айырмаланган дал ушундай бакча тигилди. 

© Фото / Нургазы МусаевТашиев: Жергиликтүү тургундар менен биргеликте 40 миң түп карлик алма багын отургуздук. Бул ишке ал айылдан тракторчу жана экскаваторчулар менен кошо 200 киши катышты. Алар түшүм жыйноо жана башка иштерге да тартылат.
Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Ташиев: Жергиликтүү тургундар менен биргеликте 40 миң түп карлик алма багын отургуздук. Бул ишке ал айылдан тракторчу жана экскаваторчулар менен кошо 200 киши катышты. Алар түшүм жыйноо жана башка иштерге да тартылат.

— Өзгөчөлүгү эмнеде?

— Көчөттөр Италиядан алып келинди. Алар "үч кабат", ар кандай бактардын үч: тамыры (уруктан өндүрүлгөн жаш көчөтү – бул иште аны "подвой" деп коебуз), сөңгөгү ("штамб") жана түшүм алчу ("привой" – жалгаштырылган жагы) бөлүгүнөн турат. Тамыры карлик багынан, калган эки бөлүгү кадимки бактан алынды. Бакча гидравликалык компьютер аркылуу тамчылатып сугарылат. Ал түтүктөрдөгү басымды жөнгө салып, сууну тегиз бөлүштүрөт. Алма бактын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан шагы мөмөнү көтөрө алгыдай бактардын араларында атайын бетон устундар, биз шпалер деп коебуз, орнотулат. Алардан төрт катарга зым тартылып, алмалардын салмагы аларга таянат. 10 гектарга жалпы 4 миң шпалер койдук. 

© Фото / Нургазы МусаевУланбек Ташиев: Интенсивдүү бакчаны өнөр жай өндүрүшү деп да эсептөөгө болот.Көчөттөр Италиядан алып келинди.
Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Уланбек Ташиев: Интенсивдүү бакчаны өнөр жай өндүрүшү деп да эсептөөгө болот.Көчөттөр Италиядан алып келинди.

— Андай бакчага өзгөчө кам көрүлүшү керек го...

— Отургузулган көчөттөрдүн тамыры кичине болуп, башка бактардай жайыла өспөгөндүктөн, булар нымдуулуктун жетишсиздигине абдан сезимтал келет, улам жерди семиртип туруу да талап кылынат. Тамчылатып сугаруу үчүн түтүк шпалерлердин ортосунда керилген зымдарга бекитилет. Зарыл заттардын баары ошол түтүк аркылуу, башкача айтканда, сууга суюк минералдык семирткичтер кошулат.

85 гектар жерди эки киши сугарып жетишет. Тоңдогу жаңычыл багбан менен маек

Интенсивдүү бакчага чындап эле бөтөнчө көңүл бөлүп, кам көрүү да заманга бап жана тынымсыз болушу шарт. Антпесең түшүмдөн кол жууп каласың. Маселен, бутак өз маалында зымга байланбаса, мөмөсүн көтөрө албай шагы сынып калат... Ошондой эле мөндүргө каршы да торчо орнотулушу кажет, бул кошумча чыгым. Дегеле интенсивдүү бакча кыйла чыгымдуу, бирок өзүн актабай койбойт. Жакшы шарттарда ар бир бактан 35 килограммга чейин алма терип алууга болот. 

— Укканыма караганда, мындай бакчада түшүмдүн өлчөмүн да жөнгө салууга болот.

— Алманын өлчөмү экспорттоодо абдан маанилүү. Бизде өскөн алманын көлөмү ар кандай, ал эми буюртмачыларга бирдей өлчөмдөгү жемиш зарыл. Интенсивдүү бакчада аны багбан көзөмөлдөй алат. Европада, маселен, маркетологдор алманын зарыл болгон өлчөмүн алдын ала аныкташат. Бул багбандар үчүн абдан пайдалуу, алар кандай өстүрүүнү көчөттү отургузардан мурун билишет. Эгер ири көлөмдөгү алмага буюртма түшсө, белгилүү бир бөлүгүн бактан эртерээк үзүп алышат. Себеби сиңимдүү заттар бактагы башка мөмөлөргө өтөт. Айталы, шагында 10 мөмө түйүлгөн дейли, жарымын терип, калган бешөө чоң-чоң болуп бышат. Жапыз бойлуу бактарда бул ыкма абдан ыңгайлуу.

© Фото / Уланбек ТашиевТашиев: Интенсивдүү бакчага чындап эле бөтөнчө көңүл бөлүп, кам көрүү да заманга бап жана тынымсыз болушу шарт. Антпесең түшүмдөн кол жууп каласың. Маселен, бутак өз маалында зымга байланбаса, мөмөсүн көтөрө албай шагы сынып калат...
Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Ташиев: Интенсивдүү бакчага чындап эле бөтөнчө көңүл бөлүп, кам көрүү да заманга бап жана тынымсыз болушу шарт. Антпесең түшүмдөн кол жууп каласың. Маселен, бутак өз маалында зымга байланбаса, мөмөсүн көтөрө албай шагы сынып калат...

— Интенсивдүү алма бактан качан киреше түшө баштайт?

— Биз Fujion, Red Delicious, Gala, Gaia, Granny Smith өңдүү алманын дүйнөгө белгилүү сортторун тиктик. Быйыл эле мөмө байлайт, бирок мындай түшүм "техникалык" же "капилет" деп саналат. Бак жакшы тирденип алышы үчүн биринчи ачкан гүлдөрүн күүп салышат. Антпей деле койсо болот, бирок анда көчөт бардык күчүн түшүмгө берип, тамыры чабал болуп калышы ыктымал. Ошондуктан толук кандуу түшүм жана киреше алуу үчүн көчөттү отургузгандан кийинки жылкысына гана басым жасоо кажет. 

Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек

— Мындай алма бак канча жыл сакталат?

— Кандай кам көрүлгөнүнө жараша. Айрымдар 15 жылга дейре дешет, бирок андай пикирге кошулбас элем. Бутоо, зыянкечтерден коруу жана жер семирткичтердин азыркы түрлөрү менен бакчанын өмүрүн ондогон жылдарга узартууга болот.

© Фото / Нургазы МусаевУланбек Ташиев: Алманын өлчөмү экспорттоодо абдан маанилүү. Бизде өскөн алманын көлөмү ар кандай, ал эми буюртмачыларга бирдей өлчөмдөгү жемиш зарыл. Интенсивдүү бакчада аны багбан көзөмөлдөй алат. Европада, маселен, маркетологдор алманын зарыл болгон өлчөмүн алдын ала аныкташат. Бул багбандар үчүн абдан пайдалуу, алар кандай өстүрүүнү көчөттү отургузардан мурун билишет.
Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Уланбек Ташиев: Алманын өлчөмү экспорттоодо абдан маанилүү. Бизде өскөн алманын көлөмү ар кандай, ал эми буюртмачыларга бирдей өлчөмдөгү жемиш зарыл. Интенсивдүү бакчада аны багбан көзөмөлдөй алат. Европада, маселен, маркетологдор алманын зарыл болгон өлчөмүн алдын ала аныкташат. Бул багбандар үчүн абдан пайдалуу, алар кандай өстүрүүнү көчөттү отургузардан мурун билишет.

— Түшүмдү жыйнаган соң сатууда көйгөй жаралбайбы?

— Ири соода түйүндөрүндө сырттан ташып келинген алмалар сатылат, менимче, жергиликтүү жемиш арзаныраак болот. Болбосо, өстүрүүдө бардык стандарттар сакталат. Интенсивдүү бакчанын түшүмүн Россия, Казакстан, Кытай жана бөлөк өлкөлөргө да экспорттоого болот.

Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги

— Кыргызстанда интенсивдүү бакча технологиясы айыл чарбасына сиңип кете алабы?

— Азыр мындай бакчага кызыккандар четтен чыгат. Ооба, чыгымы көп, сырттан келген жакшы көчөттүн баасы 800 сомго чейин чыгат. 150 сомдон жогору болгон арзандары деле жок эмес. Наркы сапаты жана жана кайдан алып келингенине жараша. Италиялык жана германиялык көчөттөр кымбат, польшалык, сербиялык, түркиялык түрлөрү арзаныраак. Кыргызстандыктар интенсивдүү бакчалардан реалдуу кирешени көргөндө кызыккандардын саны дагы артат деп ойлойм. Азыр мындай бакчалар өлкөдө 200 гектардан ашык жерге тигилген. Бардыгында эле нускамалар сактала бербейт, бирок канткен күндө да жакшы өнүгүп жатат. 

© Фото / Нургазы МусаевТашиев: Эгер ири көлөмдөгү алмага буюртма түшсө, белгилүү бир бөлүгүн бактан эртерээк үзүп алышат. Себеби сиңимдүү заттар бактагы башка мөмөлөргө өтөт. Айталы, шагында 10 мөмө түйүлгөн дейли, жарымын терип, калган бешөө чоң-чоң болуп бышат. Жапыз бойлуу бактарда бул ыкма абдан ыңгайлуу.
Акча табуунун өзгөчө ыкмасын үйрөнгөн айылдык жигит. Интенсивдүү бакча тууралуу - Sputnik Кыргызстан
Ташиев: Эгер ири көлөмдөгү алмага буюртма түшсө, белгилүү бир бөлүгүн бактан эртерээк үзүп алышат. Себеби сиңимдүү заттар бактагы башка мөмөлөргө өтөт. Айталы, шагында 10 мөмө түйүлгөн дейли, жарымын терип, калган бешөө чоң-чоң болуп бышат. Жапыз бойлуу бактарда бул ыкма абдан ыңгайлуу.

— Кара-Балтадагы жумуш аяктаган тура. Мындан ары эмне менен алек болосуз?

— Башка кардарлар менен кызматташабыз. Күздө кайрадан көчөт отургузуу, санитардык бутоо, жүзүм көчөттөрүн даярдоо башталат. Кышкысын бактарды бутап чыгабыз. Билесиздерби, Кыргызстан башка мамлекеттерден багбанчылыкты илгерилетүүдө бир топ эле артта калган. Негизи эле айыл чарба багытында Германияда билим алып келүүнү самайм. Багбанчылыктын заманбап технологиялары жаатында билим топтоп кайткым бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0