12:41 29 Аяк оона 2020
Түз эфир
  • USD79.4998
  • EUR92.5457
  • RUB1.0105
Коом
Кыскача шилтеме алуу
133010

Арстанбек Сулайманбеков кезинде Казакстанда билим алып, кийин мугалим болуп иштеп калган. Өлкө эгемендүүлүк алган 90-жылдары башкалар сыяктуу базар экономикасынын казанында кайнап, ишкерлик менен алектенип кеткен.

Жаратман инсан 2000-жылдары кагырап жаткан 100 гектарга жакын жерди ижарага алып, күжүрмөндүгү менен аны кирешелүү бакка айланткан.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы элеттик багбан менен маек курду.

Спелые персики с фермерского хозяйства садовода Арстанбека Сулайманбекова
© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Элеттик ишкер Арстанбек Сулайманбековдун багында бул күндөрү 33 миң түп өсүмдүк түшүм берүүдө.

— 63кө чыгып, пайгамбар жашына келип калыптырсыз. Ушул куракта багбанчылык менен алектенип, бак-дарак өстүрүү эрмек болсо керек?

— Жок, эрмек эмес да. Эгер беш сотых жерди карасаң эрмек болот. Ал эми 85 гектар жерди кароо чоң эле жумуш. Азыр багыбызда 33 миңдей түп өсүмдүк түшүм берүүдө. Ал жерде өрүктүн 11 сорту, алма, шабдалы, кара өрүк, кокон гилас бар.

Фермерское хозяйство садовода Арстанбека Сулайманбекова в Тонском районе Иссык-Кульской области
© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Багбан Арстанбек Сулайманбеков: 2006-жылы 85 гектар жерди 49 жылга ижарага алып, үч жылдан соң мөмөлүү дарактарды тиге баштадык. Мен өздөштүргөн жердин бир гектары бир койду бага албайт эле, кагыраган чөл болчу.

— Мурда мугалим болуп иштечү экенсиз. Кантип багбанчылыкка ыктап кеттиңиз?

— Казакстанда жогорку окуу жайды бүтүп келип, Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуучу болуп иштеп калгам. Адистигим философия жана коом таануу боюнча мугалим эле. Өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин 1993-жылы базар экономикасына байланыштуу ишкерликке ыктап кеткем. Анткени ал учурда үй-бүлөнү, бала-бакыраны бакканды ойлонуш керек болчу.  Ошол жылдары "Аламүдүн" базарынын директорунун орун басары болуп иштеп калдым, бизнес-өнөктөштөрдү таптым. 2006-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Ак-Өлөң айылынан 85 гектар жерди 49 жылга ижарага алып, үч жылдан соң мөмөлүү дарактарды тиге баштадык. Мен өздөштүргөн жердин бир гектары бир койду бага албайт эле, эч нерсе чыкпаган кагыраган чөл болчу. Ошентип Кыргызстанда биринчилерден болуп чоң аянтка алма-өрүк тигип, ишкерликтин бул түрүнө көңүл бурдурдук.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

Фермерское хозяйство садовода Арстанбека Сулайманбекова в Тонском районе Иссык-Кульской области
© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Арстанбек Сулайманбеков: багбанчылыктын бир топ оор жагы бар экен. Ал табигаттан көп жапа чегет жана аба ырайына байланыштуу.

— Бакчаңызды карап жатканыңызга он жылдан ашып калыптыр, азыр түшүмдүүлүктүн көлөмү кандай?

— Багбанчылыктын бир топ оор жагы бар экен. Ал табигаттан көп жапа чегет жана аба ырайына көз каранды. Жазында үшүк жүрсө, кичине мөмөнү суюлтуп коюп жатат. Кудайга шүгүр, 200 тоннадан ашык өрүк жыйнадык. Бардыгы Россияга жөнөтүлүп, ал жактан дүңүнөн 130 рублден сатылды. Москва шаарынын тургундары биздин өрүктөрдү жыл сайын чыдамсыздык менен күтөт. Россиялык ишканалар андан шире, варенье жасайт.

Рабочие на фермерском хозяйстве садовода Арстанбека Сулайманбекова
© Фото / предоставлено Арстанбеком Сулайманбековым
Ишкер Арстанбек Сулайманбеков: сугаттан кыйналдык, акырында окумуштуу Жоошев менен иштешип, кеп-кеңеш алып тамчылатып сугарууга өттүк.

— Жөн эле кагырап жаткан жерди жашылдандырып, азыр түшүмүн жыйнап жаткан экенсиздер. Ушул көрсөткүчтөргө жетүү үчүн кандай эмгектер жасалды?

— Кыйынчылыктар арбын эле болду. Эң негизгиси суудан өксүдүк, союздан калган бир нече суу түтүктөрдү тазалап иштеттик. Андан кийин керектүү кадрларды таба албай кыйналдык. Кумдак жерди сугара албай, күндө таң атпай беште туруп алып сугатчыларды үйлөрүнөн салып кетип жүрдүм. Тигилген көчөттөрдүн аянты кеңейген сайын кайра эле суу жетишсиздиги байкалды. Анан интернеттен тамчылатып сугаруу технологиясын изилдеп, Израилдеги адистер менен байланыштык. Алар бир гектар жерге 13 миң долларга орнотуп беребиз дешти, кытайлык компания 7-8 миң дешти. Соңунда Кыргызстанда ал боюнча адистерди сураштырып издедик. Жоошев деген окумуштуу менен иштешип, кеп-кеңеш алып башында өз алдыбызча эки гектар жерди тамчылатып сугарууга өткөрдүк. Ошондо кадимкидей жыргап калдык. Кийин жолго салып, азыр 85 гектардык бак тамчылатылып сугарылат. Ошол жердин баарын эки эле адам сугарууда. Ар бакка жетип жатканын текшерип турабыз. Өсүмдүк өзү эле айтып турат. Суу ичпеген көчөттөрдүн жалбырагынан эле байкаса болот. Бул ыкманы колдонуунун аркасында мөмө-жемиштин бутактары жыл сайын 80-100 сантиметрге чейин өсүп жатат.

Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат

Фермерское хозяйство садовода Арстанбека Сулайманбекова в Тонском районе Иссык-Кульской области
© Фото / Арстанбеком Сулайманбековым
Арстанбек Сулайманбеков: ишкерликтин бул түрүнөн көп нерсени таптык. Баарынан да бүтүндөй кыргызстандыктарга ушундай кагыраган жерди иштетсе боло тургандыгын иш жүзүндө айтып бердик. 2014-жылы республикалык семинар өтүп, өлкө аймагынан чогулган дыйкан, багбандарга биздин бак мисал катары көргөзүлгөн.

— Жакшы экен. Анан жашылданган жер жапайы жаныбар, түрдүү канаттуулардын мекенине айланган экен да?

— Мурунтан эле биздин өрөөндө коендор көп болчу, азыр дагы арбын. Бирок алар кышкысын көчөттүн кабыгын арчып, аларга зыян берип коет экен. Ошондуктан чарбабызга ит багып койгонбуз. Андан сырткары, көчөткө автоунаанын майлоочу майын сүйкөп сактанып жатабыз. Кыргоол, чымчыктын түрлөрү көбөйдү. Беш жылдан бери чабалекей үйдүн тегерегине уялап жатат. Жайкысын канаттуулардын оозунан кокон гиласты эле талашып калабыз. Алар алча, кокон гиласты аябай жакшы көрүшөт.

— Багбанчылыктан, өзүңүздүн багыңыздан түшүмдөн сырткары эмнени таптыңыз?

— Чоң нерселерди таптык окшойт. Эң биринчиси, өзүбүздүн ишибизди жолго салдык. Башында ушундай жыйынтык болот деп да ойлогон эмеспиз. Бүтүндөй кыргызстандыктарга ушундай кагыраган жерди иштетсе боло тургандыгын иш жүзүндө көргөздүк. Өкмөт 2014-жылы республикалык семинар өткөрүп, өлкө аймагынан чогулган дыйкан, багбандарга биздин бак мисал катары көргөзүлгөн. Өзгөчө жергиликтүү жаштарга элет жеринде кантип оокат кылуу керектигин айтып, түшүндүрүп бере алдык. Бала-бакырам окуп, азыр очор-бачар болуп калышкан.

— Сиздин жаратмандыгыңызды көрүп, жердештериңиз да кыймылдадыбы?

— Таштак, бирок суусу бар бир топ жерлерди өздөштүрүштү. Ак-Өлөң айылында алма бактар аябай көбөйдү. Башка айылдарда мөмө-жемиштердин аянтын кеңейтишти. Бирок ага карабай иштетилбей жаткан жерлер дагы деле көп.

Собранный урожай персиков на фермерском хозяйстве садовода Арстанбека Сулайманбекова
© Фото / предоставлено Арстанбеком Сулайманбековым
Арстанбек Сулайманбеков: жыйнаган түшүмүбүз сапаттуу болгондуктан бардыгы чет мамлекеттерге экспорттолот.

— Жыйналган түшүмдү кайра иштетүү планыңызда барбы же алгачкы кадамдарды баштап койдуңузбу?

— Аны ойлоно элекпиз жана зарылчылыгы деле жок. Жыйнаган түшүмүбүз сапаттуу болгондуктан бардыгы чет мамлекеттерге экспорттолот. Азырынча Түркиядан как үчүн ылайыкталган көчөттөрдү алып тигип жатабыз. Чет өлкөдөн өрүктөрдү кайра иштетүүнүн технологиясын да көрүп келдик. Түрдүү салмакта,өзүнүн ыкмасы менен таңгактаса болот экен. Бурюса, ал күндөргө дагы жетебиз.

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

Фермер из Тонского района Иссык-Кульской области Арстанбек Сулайманбеков
© Фото / предоставлено Арстанбеком Сулайманбековым
Арстанбек Сулайманбеков ишкерликтин сырын өздөштүрүүдө тынбай эмгектениш керектигин айтат.

— Сөзүңүздөн байкасам башка мамлекеттерге чыгып, дайым изденүүнүн үстүндө экенсиз. Өзүбүздүн чарбага ушундай мамиле болушу керекпи?

— Көчөттөрдү Түркия, Италия, Сербиядан алып келип тиккенбиз. Азыр бир-эки күн изденбесең эле башкалардан артта каласың, анын артынан жалкоолук пайда болот. Анан кудайга шүгүр деп жөн эле отуруп, кенебестик пайда болот, өсүш жок калып каласың.

Тема боюнча

Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек
Ишкер Жылтырова: КРден тонналап чыгарылган чөптөн Европада кымбат дары жасалат
Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги
Белгилер:
маек, багбан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ