Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек

© Фото / предоставлено Азаматом КасеевымАгроном Азамат Касеев
Агроном Азамат Касеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун 46 жаштагы тургуну Азамат Касеев өзүнүн чарбасына АКШ, Европадан алып келинген мөмө жана жер-жемиштерди өстүрүп келет. Кесиби боюнча агроном болгон элеттик дыйкан айылдыктарга жана чет элдиктерге да кеп-кеңеш берип тыйын табат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги каралбай жаткан жерлерди өздөштүргөн чарбакерден маек алды.

— Ысык-Көлдөгү иштин көзүн таба билген саналуу айыл чарба адистеринин бири экенсиз. Өзүңүздүн чарбаңызда азыр эмнелерди өстүрүп жатасыз?

— Бардыгын эле өстүрөм. Быйыл 1,5 гектарга картошка, беш гектарга буудай, бир гектарга арпа септим. Анан мурун өстүргөн жетимиш түп өрүк бар болчу. Өткөн жылы Америкадан киноа, амарантты буюртма менен алдырып,  айдап койгом. Бизге чоочун болгону менен Ысык-Көл облусуна жакшы өстү, бир гектар жерден 700 килограммдан 1,5 тоннага чейин алса болот экен. Курамында адамга пайдалуу толтура витаминдер болгондуктан түшүмүн Украина, Арменияга чейин саттык. Алуучулар ири көлөмдө тонналап сурайт экен. Ошондуктан быйыл абалга байланыштуу аз эле айдадым. Ошондой эле бадыраң, помидор, баклажан септим, аны жергиликтүү тургундарга август, сентябрда сатабыз. Анан мандарин, лимон, шабдалы да өстүрүп жатабыз. Анын бардыгын дыйкандар көрүп үйрөнсө деген максатта иштетүүдөмүн.

© Фото / предоставлено Азаматом КасеевымЫсык-Көл облусунун 46 жаштагы тургуну Азамат Касеев өзүнүн чарбасына АКШ, Европадан алып келинген мөмө жана жер-жемиштерди өстүрүп келет.
Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл облусунун 46 жаштагы тургуну Азамат Касеев өзүнүн чарбасына АКШ, Европадан алып келинген мөмө жана жер-жемиштерди өстүрүп келет.

— Кесибиңиз агроном экен, башка фермерлерге салыштырмалуу талаа иштерине илимий мамиле кыласызбы?

—Айыл чарба институтун 1996-жылы аяктап, 2004-жылдан баштап дыйкандарга кеп-кеңеш бере баштагам. Чала молдо дин бузат кылып эл жерден оңгулуктуу түшүм ала албай жатпайбы. Биздин жерге эмне гана өстүрбө, жакшы түшүм жыйноого болот. Мисалы, мен бир гектар жерден 55 тоннага чейин картошка алам. Жакшы карап, эрежелерин сактап 60 тонна да картошка жыйнаса болот. Айрым мекендештерге жөнөкөй сөз менен эле түшүндүрөйүн. Кышкысын малды жем, картошка бышырып берип байлайбыз, ошондо жыйынтык болот. Эми ошол эле жылкыны же буканы саман менен байласа семирбейт да. Ошол сыяктуу эле иштете турган жерге каражат салып, жер семирткич, кык берсе түшүм болот.

Талаада ыйлаган күндөр болду. Чөлдү кирешелүү бакка айланткан Маджиковдун маеги

— Өлкө аймагында каралбай, өз багытында колдонулбай жаткан аймактар жок эмес. Жаңы жерлерди өздөштүрүп жатасызбы?

— Ысык-Көл облусунда каралбай, өздөштүрүлбөгөн жерлер аз эмес. Быйыл эки гектарга жакын жерди жаңы иштеттим. Ага өрүктүн беш, алманын төрт, шабдалынын беш сортун тиктим. Алардын арасында кокон гилас, чычырканак, малина, кара өрүк да бар. Бардыгы тамчылатып сугарылат. Ал жерди даярдаш үчүн кышында жети чоң жүк ташуучу автоунаа менен таш чогултуп, тоодогу булактан суу алып келдим. Бирок айыл өкмөттөр көпчүлүк жерлерди сатып же жеке тараптарга өткөрүп жибериптир.

© Фото / предоставлено Азаматом Касеевым"Айыл чарба институтун 1996-жылы аяктап, 2004-жылдан баштап дыйкандарга кеп-кеңеш бере баштагам", - дейт Азамат Касеев.
Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек - Sputnik Кыргызстан
"Айыл чарба институтун 1996-жылы аяктап, 2004-жылдан баштап дыйкандарга кеп-кеңеш бере баштагам", - дейт Азамат Касеев.

— Иштин майын чыгарган кесипкөй адистер теоретик жана практик деп бөлүнөт эмеспи. Буюрса сизде экөө тең бар экен да?

— Көз тийбесин жана мактанбайын, айыл чарба багытындагы кээ бир профессорлор менен талашып-тартышып кое алам. Айыл чарба институтундагы агайлар менен дайым байланыштабыз. Анткени сөзсүз билим менен тажрыйба айкалышы керек. Антпесе айтканы жөн эле лекция болуп калат. Дыйкандарга профессордун сөзү менен он күн бою айтсаң да түшүнбөй калышы мүмкүн, өзүм бул тармакта аралашып жүргөндүктөн эки сөз менен жеткирип коюуга болот.

Колу-бутуман ажыраганыма өкүнбөйм. Павлония багын өстүргөн Монкоев менен маек

— Айылда тиричилигиңизди жүргүзүп, ошол эле маалда чет элдиктерге кеп-кеңеш берген жайыңыз бар экен?

— Түрдүү эл аралык долбоорлор менен иштешем. Чет өлкөгө тажрыйба алмашканы, стажировкага көп барам. Былтыр Грузияга чакыруу менен барып, ал жактагыларга киноа өстүргөндү үйрөтүп келдим. Кудай кут кылсын, жакшы эле.

© Фото / предоставлено Азаматом Касеевым Азамат Касеев түрдүү эл аралык долбоорлор менен иштешип, чет өлкөгө тажрыйба алмашканы, стажировкага көп барарын айтып берди.
Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек - Sputnik Кыргызстан
Азамат Касеев түрдүү эл аралык долбоорлор менен иштешип, чет өлкөгө тажрыйба алмашканы, стажировкага көп барарын айтып берди.

— Анан билимиңизди, тажрыйбаңызды пайдаланып элеттиктер сизден үйрөнүп жатышабы?

— Өзүм айылда агродүкөн ачып койгом. Жердештерге интернет аркылуу кеп-кеңеш берип, сунуштарымды айтам. Өзүмдүн бакчама дагы атайын ар кандай өсүмдүктөрдү тигип койгом. Анын алдында окуу борборун уюштуруп, көптөгөн элеттиктерге жол көрсөтүп келем. Буга чейин агротуризм боюнча дагы чет элдик эс алуучуларды тосуп алып иштешчүмүн, быйыл пандемияга байланыштуу ал киреше булагы токтоп калган.

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

— Иштин майын чыгара жасагандар кээде эптеп-септегендерди көрүп жаны кейип кетет эмеспи. Сизде айыл жеринде андай учурлар көп эле болуп турса керек?

— Дыйкандардын 60 пайызы жөн эле нан болсун деп сээп койдум дешет. Арпа, буудай айдап малга чөп, тоют болсо жетет эле дейт. Андан нан эле эмес, акча дагы кылыш керек да. Кыргыздар бекеринен жер эне дешпейт, ал элдин курсагын тойгузат. Жөнөкөй эле буудайды айтайын, азыр бир гектар жерден 200-300 килограммдан ашык түшүм алса, жакшы болду деп сүйүнүп жүрөбүз. Анан зыянкечтер көбөйдү, чыкпай калды, өспөй калды, акча жок деп эле жүрүшөт. Ошол жерди жакшы карап, жер семирткич берип, жерди алмаштырып төрт тоннадан ашык түшүм алса болот. Союз убагында бир гектар аянттан Кыргызстандын аймагында 5-6 тонна түшүм алышчу. Европа өлкөлөрүнө барганда ошол эле аянттан тогуз тонна жыйнашкандыгын көрдүм.

Аялмын деп үйдө отура бербеш керек. Шаардык дыйкан келин  менен маек

Азыр жөнөкөй эле беде, арпа, буудай дарысыз жакшы өспөй калды. Себеби өзүбүз айдоо аянттарын жараксыз кылып салдык. Жөнөкөй эле биогумус, малдын кыгы колдонулбайт. Малдын кыгын чиритпей эле түрдүү бактерия, ооруларды, отоо чөптүн, курт-кумурсканын уруктары менен чачып жатабыз.

© Фото / предоставлено Азаматом Касеевым"Эң негизгиси, жалкоолонбой аракет кылып кулча иштеп, байча жашаш керек", - дейт Азамат Касеев.
Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек - Sputnik Кыргызстан
"Эң негизгиси, жалкоолонбой аракет кылып кулча иштеп, байча жашаш керек", - дейт Азамат Касеев.

— Элетте жер иштетип эле жакшы таап, бала-бакыраны багып, ишкерлик менен алектенсе болот экен да. Дыйкандарга кандай кеп-кеңеш айтасыз?

— Кудайга шүгүр. Чет өлкөгө кетип жалданып иштегенден көрө, айыл чарбадан деле жакшы киреше тапса болот. Мурун картошка баа болуп турганда эки-үч тонна сатып 100 миң сомдой акча колго тийчү. Азыркы тапканым мындайча айтканда, майлуу токочко жетет. Эң негизгиси, жалкоолонбой аракет кылып кулча иштеп, байча жашаш керек. Мисалы, азыр мен барам деген жериме кетем, ичем дегенимди ичем. Өзүмдүн каражатым менен Германия, Украинага чейин барып түрдүү окууларга катышам, кесипкөйлүгүмдү жогорулатам. Ишти агрономиядагы технологияларды эске алып мамиле кылса эле жакшы жыйынтык болот. Азыр интернеттин заманы, жогорку билим албаса дагы элеттиктер издениши зарыл. Ал жактан эмнени гана таппайсың, өз алдынча изденип иш жүзүнө ашырыш керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0