1991-жылдын 31-августунда Жогорку Кеңештин сессиясы мамлекеттик көз карандысыздык тууралуу декларация кабыл алып, Кыргызстандын эгемендүү демократиялуу мамлекет экенин жар салган. 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Баш мыйзам жаңы эгемендүү мамлекеттин түзүлүшүн мыйзам чегинде бекитип берген.
Мамлекеттик майрам 24 жылдан бери масштабдуу түрдө майрамдалып келет. Бул жылы да республиканын бардык булуң-бурчунда салтанаттуу иш-чаралар өтөт. Атайы майрамга карата Россиядан "Город-312", Вера Брежнева, Григорий Лепс, Дима Билан жана Франциянын Ottawan тобунун келиши күтүлүүдө. Концертке жергиликтүү эстрада жылдыздары да катышат.
![Празднование дня государственного флага Кыргызстана Празднование дня государственного флага Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101454/06/1014540601_0:0:0:0_600x0_80_0_0_927a343378f2c3419f5fd8812a380599.jpg)
Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал