БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Араб мамлекеттеринин башчылары президент Алмазбек Атамбаевди жана Кыргызстандын элин Эгемендик майрамы менен куттуктаганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирет.
Сауд Аравиясынын падышасы Салман бин Абделазиз Аль-Сауд, Марокконун падышасы Мухаммед VI жана Омандын султаны Кабус бин Саид президент Алмазбек Атамбаевге бакыт жана бекем ден соолук, ал эми Кыргызстандын элине өнүгүүнү каалашты.
Мындан тышкары, лидерлердин куттуктоосунда мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү тилеги айтылган.