БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүнүн урматына болгон концерт аяктаган соң, борбордук Ала-Тоо аянтында түн жарымда майрамдык салют атылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
"Эгемендүүлүк күнүнө арналган майрамдык концерт аяктаган соң, түн ортосунда 10 мүнөттүк салют атылат", — деп маалымдады мэриядан.
Учурда борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн урматына уюштурулган майрамдык концерт өтүп жатат. Ага бир катар чет элдик ырчылар чакырылган. Алар: француздардын Ottawan тобу, Вера Брежнева, Лепс, Дима Билан жана "Город-312" менен "Сплин" топтору бар.