БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүк күнүндө Чүй облусунда палоо фестивалы боло турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Аталган фестиваль ушуну менен үчүнчү жолу өтүп, бул жолкусу Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө арналды.
Мыкты палоо жасоо конкурсуна Россиядан, Казакстандан, Германиядан жана башка мамлекеттерден катышуучулар келери күтүлүп жатат. Ар бир командада эң аз дегенде үчтөн киши болот.
Фестиваль жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын күчү менен уюштурулууда.
Фестивалдын алкагында палоо жасоо боюнча конкурстан тышкары музыкалык көңүл ачуучу оюндар да болот.