Ала-Тоо аянтындагы концерт учурунда 21 бала ата-энесинен адашып калды

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтына келген коцерт көрүүчүлөр. Архив
Ала-Тоо аянтына келген коцерт көрүүчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Концерт учурунда ата-энесин жоготуп жиберген балдар үчүн шаардык милиция атайын автобус уюштурган.

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендүүлүктүн 24 жылдыгына арналып уюштурулган майрамдык концерт учурунда 21 бала ата-энесин жоготуп, адашып кетти. Учурда алар шаардык милиция тарабынан даярдалган автобуста отурушат.

Ала-Тоо аянтында Брежнева, Билан, Лепс жана башка жылдыздар майрам тартуулашты
Жоголуп кеткен балдар үчүн шаардык милиция тарабынан атайын автобустан уюштурулганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда борбордук Ала-Тоо аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн урматына уюштурулган майрамдык концерт өтүп жатат. Ага бир катар чет элдик ырчылар чакырылган. Алар: француздардын Ottawan тобу, Вера Брежнева, Лепс, Дима Билан жана "Город-312" менен "Сплин" топтору бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0