Сарпашев Жалал-Абаддын окуучуларына ачык сабак өткөрөт

Жазылуу
Биринчи вице-премьер-министр Эгемендүүлүк күнүн Жалал-Абадда майрамдайт.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусунда үч күндүк иш сапары менен жүргөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында Тайырбек Сарпашев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 24 жылдыгына арналган Жалал-Абад облусундагы иш-чарага катышат.

31-августта биринчи вице-премьер-министр бир катар социалдык курулуштардын жана ишканалардын ачылышына катышып, 1-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы мектеп окуучуларына ачык сабак өткөрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0