https://sputnik.kg/20260903/kyrgyzstandyk-zhurnalist-chestniy-vzglyad-siylygy-tuurasynda-aytty-1103432088.html
Кыргызстандык журналист: "Честный взгляд" сыйлыгы мага жакшы мүмкүнчүлүк берди
Кыргызстандык журналист: "Честный взгляд" сыйлыгы мага жакшы мүмкүнчүлүк берди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Москвада чет элдик ЖМКлар үчүн V Эл аралык маалымат долбоорлорунун "Честный взгляд" медиасыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды. 03.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-03T14:29+0600
2026-09-03T14:29+0600
2026-09-03T14:29+0600
дүйнөдө
россия
журналист
сынак
улуу ата мекендик согуш
тарых
бурмалоо
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1b/1097426194_0:0:2560:1441_1920x0_80_0_0_812eca9eab64102a9232894469b29956.jpg
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Москвада чет элдик ЖМКлар үчүн V Эл аралык маалымат долбоорлорунун "Честный взгляд" медиасыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды. Сынак чет элдик ЖМКлардын мыкты маалымат долбоорлорун, ошондой эле Россиянын башка өлкөлөр менен болгон маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташтык темаларын чагылдырган журналисттерди, авторлорду жана блогерлерди колдоого алат. РИА Новостинин маалымат борборунда бул темага арналган маалымат жыйыны өттү. Спикерлердин катарында "Номад" телеканалынын жаңылыктар программасынын алып баруучусу Мирбек Молдакунов да онлайн болду. Эске салсак, ал былтыр "Репортаж жанрындагы мыкты материал" номинациясында жеңүүчү болгон. Молдакунов сыйлык жана анын маани-маңызы тууралуу журналисттик көз карашы менен бөлүштү. Журналист бул күндөр бир эле тарыхый окуянын тегерегинде көптөгөн ар кандай интерпретациялар айтылган мезгил болуп жатканын белгиледи. " Кээде фактылар экинчи планга жылып, ал эми биринчи орунга тарыхты кимдир бирөөгө чынында эле ыңгайлуу болгондой кылып көрсөтүү каалоосу чыгат. Биз муну көрүп-билип жатабыз. Бирок журналистиканын, менин көз карашымда, чынында таптакыр башка милдети бар. Журналист тарыхты алдын ала даярдалган жыйынтыкка ылайыктап кайра жазбашы керек. Анын милдети — тереңине жетүү, текшерүү, фактыларды, маалыматтын булактарын салыштыруу жана адамга окуяны, кырдаалды өзү көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Мен үчүн дал ушул нерсе – чынчыл көз караш", — деди ал.
https://sputnik.kg/20260513/yevraziya-siylygyna-katyshchulardyn-aryzdaryn-kabyl-aluu-bashtaldy-1101287591.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/1b/1097426194_194:0:2471:1708_1920x0_80_0_0_7fe68bf2078081d4fb89cb34c4dab22f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, журналист, сынак, улуу ата мекендик согуш, тарых, бурмалоо
дүйнөдө, россия, журналист, сынак, улуу ата мекендик согуш, тарых, бурмалоо
БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Москвада чет элдик ЖМКлар үчүн V Эл аралык маалымат долбоорлорунун "Честный взгляд" медиасыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды.
Сынак чет элдик ЖМКлардын мыкты маалымат долбоорлорун, ошондой эле Россиянын башка өлкөлөр менен болгон маданий, гуманитардык жана экономикалык кызматташтык темаларын чагылдырган журналисттерди, авторлорду жана блогерлерди колдоого алат.
РИА Новостинин маалымат борборунда бул темага арналган маалымат жыйыны өттү. Спикерлердин катарында "Номад" телеканалынын жаңылыктар программасынын алып баруучусу Мирбек Молдакунов да онлайн болду.
Эске салсак, ал былтыр "Репортаж жанрындагы мыкты материал" номинациясында жеңүүчү болгон.
Молдакунов сыйлык жана анын маани-маңызы тууралуу журналисттик көз карашы менен бөлүштү.
"Мен үчүн "Честный взгляд" сыйлыгына катышуу мааниси зор нерсе туурасында айтып берүүгө мүмкүнчүлүк болду. Улуу Ата Мекендик согуш темасы мага журналист катары гана жакын эмес. Мен фронтовиктин урпагымын, фронтовиктин небересимин, ошондуктан согуш тарыхы мен үчүн жөн гана абстрактуу өткөн чак эмес. Чын-чынына келгенде, бул менин үй-бүлөмдүн тарыхы. Ошондуктан да тарыхты бурмалоого аракет кылып жатышканын көрүү мага өзгөчө оор", — деди ал.
Журналист бул күндөр бир эле тарыхый окуянын тегерегинде көптөгөн ар кандай интерпретациялар айтылган мезгил болуп жатканын белгиледи.
" Кээде фактылар экинчи планга жылып, ал эми биринчи орунга тарыхты кимдир бирөөгө чынында эле ыңгайлуу болгондой кылып көрсөтүү каалоосу чыгат. Биз муну көрүп-билип жатабыз. Бирок журналистиканын, менин көз карашымда, чынында таптакыр башка милдети бар. Журналист тарыхты алдын ала даярдалган жыйынтыкка ылайыктап кайра жазбашы керек. Анын милдети — тереңине жетүү, текшерүү, фактыларды, маалыматтын булактарын салыштыруу жана адамга окуяны, кырдаалды өзү көрүүгө мүмкүнчүлүк берүү. Мен үчүн дал ушул нерсе – чынчыл көз караш", — деди ал.