https://sputnik.kg/20260901/duynoluk-ekinchi-sogush-87-zhyl-murda-bashtalgan-1103372910.html
Адамзатты азапка салган согуш 87 жыл мурда башталган. Видео
Адамзатты азапка салган согуш 87 жыл мурда башталган. Видео
Sputnik Кыргызстан
Адамзат тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн кагылыш деп аталган Экинчи дүйнөлүк согуштун оту 1939-жылы 1-сентябрда тутанган. 01.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-01T20:24+0600
2026-09-01T20:24+0600
2026-09-01T20:24+0600
экинчи дүйнөлүк согуш
адольф гитлер
германия
англия
франция
каршылаш
геосаясат
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103378885_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_ecdb4ba46284a0c699b91aa94bf758bc.jpg
Бирок андан 2,5 жыл мурда, тагыраагы, 1937-жылдын февралында, Польшага Герман Геринг келген. Ал поляк маршалы Рыдз-Смиглы менен сүйлөшүп жатып, Польша менен Германияга большевизм гана эмес, жалпы эле Россия коркунуч жаратат деп билдирген. Бир нече айдан кийин, 1937-жылы 31-августта, Польшанын Башкы штабы бул ойду №2304/2/37 директивасында бекитип, Варшаванын саясатынын түпкү максаты "кандай гана болбосун Россияны жок кылуу" экенин баса белгилеген. 1938-жылга карата Берлин менен Варшава Чехословакияны бөлүп алууга камдана баштаган. Берлинге баш ийген Судет-немец партиясы Судет аймагында активдүүлүгүн күчөтсө, Польша Тешин аймагында "Поляктар союзун" түзгөн. 1938-жылы 2-октябрда поляк аскерлери Чехословакиянын аймагына — Тешин облусуна кирип, басып ала баштаган. Кийинчерээк ал жактан 30 миң чехти кууп чыгышкан. Андан соң Варшава Прагадан эми Словакия тараптан дагы жер берүүнү талап кылып, көздөгөнүнө жетет. 1938-жылы 1-декабрда Польша Словакиянын түндүгүнөн (Оравадагы Яворина) 226 чарчы чакырым жерди алган. 1939-жылы 26-январда гитлердик Германиянын тышкы иштер министри Риббентроп менен сүйлөшүүдө польшалык министр Бек "Польша Советтик Украинага жана Кара деңизге чыгууга көз артып жатканын" билдирген. Бирок дал ушул тапта Гитлер Польшаны улуу держава катары көрбөй, ага союздаш эмес, көз каранды өлкөнүн ролун гана ыраа көрөрү белгилүү болгон. Ал Варшавадан Данциг шаарын беришин жана поляк жерлери аркылуу Германия менен Чыгыш Пруссиянын ортосуна экстерриториалдык жол салууга уруксат сураган. Өзүн улуу держава сезген Польша буга караманча каршы болгон. 1939-жылдын апрелинен тарта Германия Польшага басып кирүүгө даярдана баштаган. 1939-жылдын августунда Варшава Кызыл армияны өз аймагына киргизүүдөн кескин баш тарткан, ал эми ансыз СССР Германиянын кол салуусунун мизин кайтарууга жардам бере алмак эмес. Мунун себебин поляк элчиси Юзеф Лукасевич Франциянын тышкы иштер министри Жорж Бонне менен болгон сүйлөшүүдө кескин айткан. 1939-жылдын 1-сентябрында немец авиациясы Польшанын аэродромдоруна сокку уруп, андан соң вермахт чек араны бузуп кирген. Поляктардын "Поможе" армиясынын штабы негизги чабуулду түндүк тараптан, Данциг аймагынан күткөн эле. Ошондуктан түштүктөн немецтердин танк колоннасынын кирип келиши армиянын кол башчысы, генерал Бортновский үчүн таптакыр күтүлбөгөн окуя болгон. Жалпысынан поляк армиясынын алдына "катуу каршылык көрсөтүү менен мобилизацияга шарт түзүү", андан кийин гана каршы чабуулга өтүү милдети коюлган. Варшава ошол маалда Англия менен Франция союздаштык убадасын аткарып, согушка аралашат да, Германияны аскерлерин Батышка бурууга мажбурлайт деп үмүттөнгөн. Бирок 1939-жылдын 6-октябрында эле Коцк шаарында (Люблиндин түндүк тарабы) поляктардын уюшкан түрдө каршылык көрсөткөн эң акыркы кошууну да багынып берүүгө аргасыз болгон. Ошентип, 17 миң аскер туткунга түшкөн. Адольф Гитлер ошол эле күнү Рейхстагда сөз сүйлөп, Экинчи Польша Республикасынын мамлекет катары жоюлганын жар салган.
германия
англия
франция
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103378885_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_83602306b7eb63e2a6c06a17d8455b66.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
экинчи дүйнөлүк согуш, адольф гитлер, германия, англия, франция, каршылаш, геосаясат, видео, видео
экинчи дүйнөлүк согуш, адольф гитлер, германия, англия, франция, каршылаш, геосаясат, видео, видео
Адамзатты азапка салган согуш 87 жыл мурда башталган. Видео
Адамзат тарыхындагы эң көп кан төгүлгөн кагылыш деп аталган Экинчи дүйнөлүк согуштун оту 1939-жылы 1-сентябрда тутанган.
Бирок андан 2,5 жыл мурда, тагыраагы, 1937-жылдын февралында, Польшага Герман Геринг келген. Ал поляк маршалы Рыдз-Смиглы менен сүйлөшүп жатып, Польша менен Германияга большевизм гана эмес, жалпы эле Россия коркунуч жаратат деп билдирген. Бир нече айдан кийин, 1937-жылы 31-августта, Польшанын Башкы штабы бул ойду №2304/2/37 директивасында бекитип, Варшаванын саясатынын түпкү максаты "кандай гана болбосун Россияны жок кылуу" экенин баса белгилеген.
1938-жылга карата Берлин менен Варшава Чехословакияны бөлүп алууга камдана баштаган. Берлинге баш ийген Судет-немец партиясы Судет аймагында активдүүлүгүн күчөтсө, Польша Тешин аймагында "Поляктар союзун" түзгөн. 1938-жылы 2-октябрда поляк аскерлери Чехословакиянын аймагына — Тешин облусуна кирип, басып ала баштаган. Кийинчерээк ал жактан 30 миң чехти кууп чыгышкан.
Андан соң Варшава Прагадан эми Словакия тараптан дагы жер берүүнү талап кылып, көздөгөнүнө жетет. 1938-жылы 1-декабрда Польша Словакиянын түндүгүнөн (Оравадагы Яворина) 226 чарчы чакырым жерди алган. 1939-жылы 26-январда гитлердик Германиянын тышкы иштер министри Риббентроп менен сүйлөшүүдө польшалык министр Бек "Польша Советтик Украинага жана Кара деңизге чыгууга көз артып жатканын" билдирген.
Бирок дал ушул тапта Гитлер Польшаны улуу держава катары көрбөй, ага союздаш эмес, көз каранды өлкөнүн ролун гана ыраа көрөрү белгилүү болгон. Ал Варшавадан Данциг шаарын беришин жана поляк жерлери аркылуу Германия менен Чыгыш Пруссиянын ортосуна экстерриториалдык жол салууга уруксат сураган. Өзүн улуу держава сезген Польша буга караманча каршы болгон. 1939-жылдын апрелинен тарта Германия Польшага басып кирүүгө даярдана баштаган.
1939-жылдын августунда Варшава Кызыл армияны өз аймагына киргизүүдөн кескин баш тарткан, ал эми ансыз СССР Германиянын кол салуусунун мизин кайтарууга жардам бере алмак эмес. Мунун себебин поляк элчиси Юзеф Лукасевич Франциянын тышкы иштер министри Жорж Бонне менен болгон сүйлөшүүдө кескин айткан.
"Биз 1921-жылы орустардан тартып алган аймактарды кайрадан ээлеп алышына эч качан жол бербейбиз", — деген ал.
1939-жылдын 1-сентябрында немец авиациясы Польшанын аэродромдоруна сокку уруп, андан соң вермахт чек араны бузуп кирген. Поляктардын "Поможе" армиясынын штабы негизги чабуулду түндүк тараптан, Данциг аймагынан күткөн эле. Ошондуктан түштүктөн немецтердин танк колоннасынын кирип келиши армиянын кол башчысы, генерал Бортновский үчүн таптакыр күтүлбөгөн окуя болгон.
Жалпысынан поляк армиясынын алдына "катуу каршылык көрсөтүү менен мобилизацияга шарт түзүү", андан кийин гана каршы чабуулга өтүү милдети коюлган. Варшава ошол маалда Англия менен Франция союздаштык убадасын аткарып, согушка аралашат да, Германияны аскерлерин Батышка бурууга мажбурлайт деп үмүттөнгөн.
Бирок 1939-жылдын 6-октябрында эле Коцк шаарында (Люблиндин түндүк тарабы) поляктардын уюшкан түрдө каршылык көрсөткөн эң акыркы кошууну да багынып берүүгө аргасыз болгон. Ошентип, 17 миң аскер туткунга түшкөн. Адольф Гитлер ошол эле күнү Рейхстагда сөз сүйлөп, Экинчи Польша Республикасынын мамлекет катары жоюлганын жар салган.