https://sputnik.kg/20260526/1101533655.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жол тармагындагы эки мамлекеттик мекеме бириктирилдиПутин ЖККУ кыйын кырдаалдарда иш алып барган системасын өркүндөтүшү керектигин айттыКасымалиев ИИМге 370... 26.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-26T17:00+0600
2026-05-26T17:00+0600
2026-05-26T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1a/1101533489_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4d9664cf9874fbed5bc2f1b7c7d29516.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жол тармагындагы эки мамлекеттик мекеме бириктирилдиПутин ЖККУ кыйын кырдаалдарда иш алып барган системасын өркүндөтүшү керектигин айттыКасымалиев ИИМге 370 кызматтык автоунаа тапшырып жатып мыйзамды так сактоого чакырдыИчки иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган, жаңы 370 кызматтык автоунаа берилди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчы акыркы беш жыл ичинде мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлгөнүн айтты. "Бул аралыкта ИИМ системасы үчүн 280 жаңы имарат курулуп, 300гө жакын объект оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында республика боюнча 10 миңге жакын видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, жыл соңуна чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта. Касымалиев заманбап техникалар жогорку кесипкөйлүк менен айкалышканда гана натыйжалуу иш болорун белгилеп, милиция кызматкерлерин мыйзамдарды так сактоого чакырды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду мекемеси Жол чарба департаментине бириктирилип, анын базасында жаңы структура түзүлөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы түзүлгөн мекеме эки уюмдун укуктук мураскери болуп эсептелип, жол тармагындагы каражаттарды башкаруу, жол иштерин уюштуруу жана ведомстволор аралык координациялоо функцияларын аткарат. Министрлер кабинети бул жол инфраструктурасынын сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берерин белгиледи. Мындан тышкары, жол чарба мекемелеринин штаттык түзүмү жана айрым функциялары такталып, "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө да өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы тартипке ылайык, ишкананын функциялары кеңейтилип, ал жолдорду оңдоо жана куруудан тышкары көпүрөлөрдү, инженердик курулмаларды жана айрым аэропорттук объектилерди курууга да катышат.
РФ лидери Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюму кризиске каршы иш алып барган системасын жана өзүнүн жамааттык күчтөрүн башкарууну андан ары өркүндөтүшү керектигин айтты. Президенттин ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин жыйынына жолдогон кайрылуусун Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу окуп берди. "ЖККУнун кризиске каршы иш алып баруу системасын жана анын Жамааттык күчтөрдүн түзүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча таштаган кадамын улантышы өтө маанилүү. Андан сырткары, өндүрүштүк кооперацияны тереңдетүү, ошондой эле илимий-техникалык кызматташтыкты жакшыртышы керек", — деген Путин. Ал жаралышы мүмкүн деп болжолдонуп жаткан коркунучтарды, тобокелдиктерди эске алуу менен ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин, башка уставдык органдарынын чечимдерин өз убагында иштеп чыгып, жаңылап туруу керектигин белгилеген.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу НАТО Батыш аймактарда аскердик машыгууларын көбөйтүп, согуш инфраструктурасын жана чалгын иштерин күчөтүп жатканын ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Жаматтык коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттер бул жагдайды көзөмөлдөп, жаралган коркунучтарды азайтуу боюнча чараларды көрүүдө. Шойгу ошондой эле альянска мүчө мамлекеттер акыркы жылдары коргонуу тармагына көбүрөөк каражат бөлүп жатканын айтты.
Жол тармагындагы эки мамлекеттик мекеме бириктирилдиПутин ЖККУ кыйын кырдаалдарда иш алып барган системасын өркүндөтүшү керектигин айттыКасымалиев ИИМге 370 кызматтык автоунаа тапшырып жатып мыйзамды так сактоого чакырдыИчки иштер министрлигине заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган, жаңы 370 кызматтык автоунаа берилди. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Өкмөт башчы акыркы беш жыл ичинде мамлекеттик органдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча системалуу иштер жүргүзүлгөнүн айтты. "Бул аралыкта ИИМ системасы үчүн 280 жаңы имарат курулуп, 300гө жакын объект оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Ошондой эле "Коопсуз өлкө" долбоорунун алкагында республика боюнча 10 миңге жакын видеокөзөмөл камерасы орнотулуп, жыл соңуна чейин алардын санын 20 миңге жеткирүү пландалууда", — деп айтылат маалыматта. Касымалиев заманбап техникалар жогорку кесипкөйлүк менен айкалышканда гана натыйжалуу иш болорун белгилеп, милиция кызматкерлерин мыйзамдарды так сактоого чакырды.Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фонду мекемеси Жол чарба департаментине бириктирилип, анын базасында жаңы структура түзүлөт. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Жаңы түзүлгөн мекеме эки уюмдун укуктук мураскери болуп эсептелип, жол тармагындагы каражаттарды башкаруу, жол иштерин уюштуруу жана ведомстволор аралык координациялоо функцияларын аткарат. Министрлер кабинети бул жол инфраструктурасынын сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берерин белгиледи. Мындан тышкары, жол чарба мекемелеринин штаттык түзүмү жана айрым функциялары такталып, "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгүнө да өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы тартипке ылайык, ишкананын функциялары кеңейтилип, ал жолдорду оңдоо жана куруудан тышкары көпүрөлөрдү, инженердик курулмаларды жана айрым аэропорттук объектилерди курууга да катышат. РФ лидери Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишими уюму кризиске каршы иш алып барган системасын жана өзүнүн жамааттык күчтөрүн башкарууну андан ары өркүндөтүшү керектигин айтты. Президенттин ЖККУнун Коопсуздук кеңештеринин катчылар комитетинин жыйынына жолдогон кайрылуусун Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу окуп берди. "ЖККУнун кризиске каршы иш алып баруу системасын жана анын Жамааттык күчтөрдүн түзүмдөрүн башкарууну өркүндөтүү боюнча таштаган кадамын улантышы өтө маанилүү. Андан сырткары, өндүрүштүк кооперацияны тереңдетүү, ошондой эле илимий-техникалык кызматташтыкты жакшыртышы керек", — деген Путин. Ал жаралышы мүмкүн деп болжолдонуп жаткан коркунучтарды, тобокелдиктерди эске алуу менен ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин, башка уставдык органдарынын чечимдерин өз убагында иштеп чыгып, жаңылап туруу керектигин белгилеген. Россиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу НАТО Батыш аймактарда аскердик машыгууларын көбөйтүп, согуш инфраструктурасын жана чалгын иштерин күчөтүп жатканын ЖККУнун Коопсуздук кеңешинин катчыларынын жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, Жаматтык коопсуздук жана кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттер бул жагдайды көзөмөлдөп, жаралган коркунучтарды азайтуу боюнча чараларды көрүүдө. Шойгу ошондой эле альянска мүчө мамлекеттер акыркы жылдары коргонуу тармагына көбүрөөк каражат бөлүп жатканын айтты.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/1a/1101533489_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b48e6b502e5e7c5938e0120809068631.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио